AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

ВИКТОР ВАСИЛЬЕВ: Жашоодон ырахат алып, BMWнын стилинде жаша!

BMW – бул жөн гана автоунаа эмес, айдоочунун ийгилигинин белгиси жана жакшы табитинен кабар берип турат. Заманбап электроника, көркөмдүү дизайн, салттуу немис сапаты жана ишеним. Легендарлуу автоунаа миллондогон айдоочулардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. BMW – лидерлер үчүн жаралган автоунаа деп айтылып келет. Кезектеги интервью ушул темада болот. Маектешибиз – Бишкектеги “Эстокада” автоборборунун сервис боюнча кеңеш берүүчүсү Виктор Степанович Васильев.

- Урматтуу Виктор Степанович, BMWнын дилердик салону Кыргызстан боюнча Бишкекте гана барбы?

- Ооба, “Эстокада” автоборбору – Кыргызстандагы расмий эксклюзивдүү BMW импортчусу эсептелет. Биз Германиядагы унаа заводу менен түздөн-түз иштешебиз.

- Борбор качан ачылган?

- Автосалондун расмий ачылышы мындан 7 жыл мурда – 2013-жылдын 4-июлунда болгон. Биз премиалдык сегменттеги алгачкы автосалон болуп калдык. Ачылыш аземинде BMW үлгүсүндөгү автоунаалардын бир катар линейкасын презентациялоого жетиштик. Бир сөз менен айтканда, укмуштуудай иш-чара болгон.

- Сиздердин борбордун шоурумунда канча жаңы автоунаа коюлган. Алар канча аралыкты басып өткөн, кайсы жылы чыгарылган? Моделдик тизме тууралуу да айта кетсеңиз?

- Биздин автосалондо легендарлуу BMW Х5, атлетикалык BMW Х6, харизмалуу BMW Х7 жана башка моделдер бар. Бул үлгүлөргө КМШ мамлекеттеринде суроо-талап чоң. Казакстан, Азербайжан жана башка постсоветтик өлкөлөрдө кроссоверлерди абдан жакшы көрүшөт. Эң көп сатылган моделдер эсептелет. Андан сырткары, биздин салондо 2020-жылы чыгарылган BMWнын моделдик тизмесиндеги бардык унаалар сатыкта бар. Биз ашкере сулуулукту жана ыңгайлуулукту баалаган автосүйүүчүлөрдүн бардык талаптарын аткарууга даярбыз. Автосалон BMWнын “3S” дүйнөлүк стандартынын алкагында иш алып барат. Ага ылайык, көргөзмө залы, техникалык кызмат көрсөтүү станциясы жана керектүү тетиктер, аксессуарлар сатылуучу дүкөн бир имараттын ичинде жайгашышы керек. Жаңы автоунаага жана оригиналдуу тетиктерге 2 жыл кепилдик берилет.

- Кыргызстандын башка шаарларына чыгуу пландары барбы?

- Албетте, биз BMWнын дилердик түйүнүн Кыргызстандын башка шаарларына да кеңейтүүнү пландап жатабыз. Бул борбордун чоң максаттарынын бири.

- Жакында BMW“Х” линейкасынан дагы бир моделди – BMW Х2 үлгүсүн автосүйүүчүлөрдүн назарына тартуулаганы турат. Бул кандай автоунаа жана Кыргызстандагы перспективасы тууралуу кеп сала кетсеңиз?

- Биздин автосалонду Кыргызтандагы эң динамикалуу салон катары таанышат. Анткени, өлкөгө алып келинген жаңы автоунаалардын расмий презентацияларын көп өткөргөн борбор эсептелет. Биз дүйнөлүк базар менен тең жарышып иштейбиз. Жакында эле, BMW Х6нын үчүнчү муунун коомчулукка тааныштырдык. Айта кетчү нерсе, 2020-жылдын алдынан Кыргызстанда биринчилерден болуп 3D Mapping Show форматындагы бет ачаар өткөрдүк.

- Кыргызстанда иштеп баштагандан бери кардарлардын автоунааларга болгон табити өзгөрдүбү?

- Албетте, убакыттын өтүшү менен тренддер, табит жана муктаждык өзгөрөт. Мисалы, буга чейин 10дон ашык кабриолет жана купе саттык. Бул биздин шаардыктардын өзгөчө тандоосу.

- Жакынкы аралыкка кандай пландарды түзүп жатасыздар?

- Биз кардарлардын ишеничин актоого умтулабыз. Кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин көтөрүүгө жана автоунааларды эң жакшы тейлөөгө аракет жасап келебиз.

- Дагы кандай жаңы үлгүлөрдүн келиши күтүлүүдө?

- BMW Х5М, BMW Х6М үлгүлөрүн алып келүүнү пландап жатабыз. Бул 2020-жылдын “жаңылыктары”.

- Учурдагы кыйын экономикалык кырдаал алдыңкы жылдары автоунаалардын баасына таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

- Так айта албайм, бирок пандемия жана валютанын кунун эске алганда, каатчылык болушу ыктымал. Бирок, мен оптимистмин, ошондуктан баары жакшы болот деп гана ойлойм. Анткени, биз премиалдык сегменттеги автоунааларды сатабыз.

- Кайсы өлкөлөрдүн дилерлери менен иштешесиздер?

- КМШ мамлекеттериндеги кесиптештерибиз менен жакшы мамиледебиз. Алар менен байланышты үзбөй, сатууга байланыштуу түрдүү маселелер тууралуу пикир алмашып турабыз. Анткени, BMW – бул чоң үй-бүлө.

- Кыргызстандыктар көбүнчө кайсы үлгүнү баалашат?

- Кыргызстандыктар кроссоверлерди абдан жакшы көрүшөт, андан сырткары кабриолет жана BMW М спорттук автоунаасын да сүйүп айдашат.

- Атайын сунушуңуз барбы?

- Жайкысын “Сиздин автокондиционериңизди түздөп беребиз” акциясын сунуштайбыз. Атайын баасы – 2300 сом. Пакеттин ичинде баары бар: кондиционер диагностикасы, антибактериалдык тазалоо жана кондиционерди хладагент менен толуктоо.

- Андан сырткары, карантин да аяктап баратат. Буга байланыштуу биз кардарларыбызга кадимки жашоого ыңгайлашууга көмөк көрсөтөбүз. “120 мүнөттүн ичинде автоунааңды комплекстүү текшертип ал” акциясы өтөт. Баасы болгону 1500 сом. Карантин учурунда гаражда көпкө чейин токтоп турган автоунаа пландык текшерүүгө муктаж болуп калат. Жүрүүчү бөлүгү, техникалык суюктуктардын абалы, борттук система жана дөңгөлөктөрдүн геометриясын айтсак болот.  Келиниздер, биз автоунааңыздын бардык кемчиликтерин түздөп берүүгө даярбыз.

- Сиздин оюңузча, автоунааларды интернет аркылуу сатуу – реалдуубу?

- Жок деп айтаар элем. Анткени, мындай талап жок. Дагы, ким билсин...

- Үстүбүздөгү жыл кандай жыйынтыкталат деп ойлойсуз?

- 2020-жыл бир аз оор жылдардан болот, бирок жемиштүү аяктайт деген үмүтүм бар.

- Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

- Кыргызстанда төрөлгөм. 1995-жылы Токмоктон Бишкекке көчүп келгенбиз. Бишкек каржылык экономикалык академиясын аяктагам. Бир эле убакта Москвадагы Менеджмент академиясын сырттан бүтүрдүм. Алгач, “Газпромдо” иштеп баштап, 2016-жылы BMWга келдим. Бош убактымда сууда сүзүү жана вело спорт менен алектенем. Үй-бүлөлүүмүн, бир кызым бар. Жумушумду абдан жакшы көрөм, кесиптештеримдин эмгегин баалайм, анткени алар да менин үй-бүлөм. Максаттарым абдан чоң. Жашоодо көп кырдуу, узак жана кыска аралыкка максаттарды коё билүү абдан чоң мааниге ээ. Кыялданганды билбеген адам – жашаганды да билбейт.

- Кардарларга каалооңуз?

- Жашоодон ырахат алып, BMWнын стилинде жашаңыз!

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2