AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

“ЗДОРОВЬЕ” медициналык борбору - саламаттыгыңыз ишенимдүү колдо

“Здоровье” медициналык борбору Бишкек шаарында 2009-жылдан бери иштеп келет. Бул аралыкта мекеме толук кандуу текшерүү жүргүзүүчү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүчү үй-бүлөлүк медициналык клиника жана лабораториясы деген макамга ээ боло алды. Андан сырткары, күндүзгү жана күнү-түнү иштөөчү стационар, ошондой эле операциялык блоктор иштейт. Демек, аталган медициналык борбордо медициналык кызматтын бардык түрүн алууга болот. “Здоровье” текшерүү жүргүзүү, ыкчам медициналык аракеттерди өткөрүү, биоматериалдарды изилдөө үчүн заманбап медициналык жабдыктар менен жабдылган. 

ЖАМАЛ ТОКМАМБЕТОВА, “Здоровье” медициналык борборунун башкы дарыгери:

- Аталган клиниканы 2009-жылдан бери жетектеп келем. Бүгүнкү күндө “Здоровье” медициналык борбору көп профилдүү болуп, тынымсыз өнүгүүдө. Диагностикалык комплекс заманбап жогорку тактыктагы жабдыктар менен жабдылган. Анализ тапшыруу, ултьтра үндүү текшерүү (УЗИ), ЭКГ, ЭЭГ, кольпоскопия, рентген, лазердик терапия, электрофорез жана башка багыттарда кызмат көрсөтүлүп, кыска аралыкта жыйынтыктарды алса болот. Айрым диагностикалык кызматтарды бейтаптардын үйүнө барып жасоого шарттар түзүлгөн. 

Стандарттык медициналык кызматтардан сырткары, “Здоровье” медициналык борбору төмөнкү кызматтарын да сунуштайт: омурткадагы грыжаны малоинвазивдүү ыкма менен дарылоо, иглорефлексотерапия курсу жана пластикалык хирургия жана башкалар. Хирургия бөлүмүндө дарыгерлер заманбап лапароскопикалык технология менен иштешүүдө.

Операциялык бөлүктө операциянын бардык түрлөрү жасалат, ал эми стационардык бөлүктө күндүзгү, күнү-түнү жатып дарыланууга шарттар түзүлгөн. 

Биздин клиникада чет өлкөдөгү алдыңкы ооруканаларда тажрыйба арттырып келген жогорку категориядагы дарыгерлер иштегени үчүн, алдыңкы позицияны ээлеп келет. Андан сырткары, заманбап медициналык жабдыктар да ишенимди арттырат. Бул биздин чоң жетишкендигибиз. 

Хирургия – приоритеттүү багыт эсептелет. Клиникада хирургиялык кызматтардын кенен спектри сунушталат. Андан сырткары, аллергология, гастроэнтерология, гинекология, дермотология, кардиология, маммология, нейрохирургия, отоларингология, офтальмология, педиатр, пластикалык хирургия, проктология, травматология, урология жана башка багыттар боюнча толук кандуу дарыланса болот. Жакында гана адамды толуп кетүүдөн сактай турган операция жасала баштады. 

ЕВГЕНИЙ ЮРЬЕВИЧ ЛИМ, медицина илимдеринин кандидаты, уролог-андролог:

Урологияда 2004-жылдан бери иштейм. 2013-жылы кандидаттык ишимди жактадым, бул менин дарыгерлик ишимдеги чоң ийгилигим болду. Урология жана андрология боюнча операцияларды жасап келем. Заман менен жарышып, XXI-кылымдын технологиясы менен иштеп жатабыз. 

Биздин клиникада бейтаптар толук сакаймайын тыкыр көзөмөлдө болот. Бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Операция жасап коюу жумуштун жарымы эле, ал эми операциядан кийин оорулууга кам көрүүдөн көп нерсе көз каранды. 

Биздин клиникада нараазы болуп кеткен бейтаптар дээрлик болбойт. Ар бир адамга жекече мамиле жасалат. Эң башкысы – урматтоо жана жылуу сөз. 

КИРИЛЛ МАЗАЗОЛИН, хирург:

- Буга чейин мамлекеттик ооруканада иштеп келдим. Айырмасы абдан чоң. Жеке клиника персоналды заманбап медициналык жабдыктар жана дары-дармек менен толук камсыздайт. “Здоровье” клиникасында пациенттерди кабыл алуу үчүн бардык шарттар бар. Өзүм хирург болгонум үчүн алгач операциялык блокко көңүл бурдум. Сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн керектүү жабдыктар жана шарттар жогорку деңгээлде уюштурулган. Бул жерде өз ишинин мыктылары иштешет экен. 

Учурда пациенттерди текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш берүү жагынан да активдүү иштеп жатам. Клиникада операция заманбап технологиянын жардамы менен өтөт. Операция бүткөндөн кийин да, стационардык дарылануу жүргүзүлөт. Башкача айтканда, клиника пациенттерди толук сакайтып чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.

“Здоровье” медициналык борбору Бишкек шаарынын Гоголь көчөсү, 133 дарегинде жайгашкан (Фрунзе көчөсү менен кесилишет). 

Телефону: 0312 43 93 13

Бардык маалымат zdorovie-lab.kg расмий сайтында 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2