2024-12-22
Ысык-Көлдө пансионаттардын жана конок үйлөрүнүн иштөөсүнө уруксат берилди
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди. Туризм департаменти, коронавируска каршы облустук штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги биргеликте пансионаттар менен менчик конок үйлөрүнүн коронавирус шартында иштөөсү тууралуу атайын эрежелерди иштеп чыккан.
Эрежеге ылайык, көл жээгиндеги туристтик объектилер текшерилип, санитардык нормаларды сактагандарына ишти баштаганга 1-июндан тартып уруксат берилди. Даярдыкты атайын түзүлгөн комиссия текшерип чыкты. 29-майда күчүнө кирген жаңы эрежелер боюнча эс алуучуларды кабыл алуу тартиби, пансионат жана конок үйлөрүнүн санитардык абалы, эс алууну уюштуруу тартиби сыяктуу отуздан ашык талап каралган. Ысык-Көлдөгү пансионаттар жана конок үйлөрү коронавируска каршы облустук штабдын чечими менен быйыл 16-мартта жабылган болчу.