2024-12-21
Билим
Стокгольмдо Нобель сыйлыгы тапшырылды
Швеция падышасы Карл XVI Густав медицина, физика, химия, адабият жана экономика боюнча Нобель сыйлыгын тапшырды. Иш-чара Стокгольм филармониясында өттү.
Бул жолу сыйлыкка 14 киши татыктуу деп табылды. Медицина боюнча клеткалар жөнүндөгү изилдөө үчүн берилсе, физика чөйрөсүндө космологиядагы ачылыштар сыйлыкка ээ болду. Химия чөйрөсү – литийионндук батарейкалар үчүн татыктуу болду.
Адабиятчылар дароо 2018-2019-жылдар үчүн сыйланышты. Ольга Токарчук жана австриялык драматург Петер Хандке Нобель сыйлыгына татыктуу болушту.
Экономика боюнча жакырчылыктын деңгээлин изилдөө ишине берилди.
Андан сырткары, тынчтыкты куруу үчүн Нобель сыйлыгын Эфиопия өкмөт башчысы Абий Ахмед алды.