2024-12-21
Билим
БААУнун Enactus командасы сыйланды
Бишкекте ишкердиктин Глобалдык жумалыгы өттү. Анын алкагында жаштар ишкердиги жана ишкердик багытында билим берүү боюнча фестиваль болду.
Иш-чарага Кыргызстандын бардык региондорунан келген 30дан ашык команда катышты. Алардын катарында БААУнун Enactus командасы да жакшы жыйынтыкка жетишти. Аталган окуу жайдын командасы 2003-жылдан бери иштелип келе жаткан Teenagers in Free Enterprise долбоорун алып чыгышты. Бул долбоор Enactus Kyrgyzstan версиясы боюнча социалдык-ишкердик багытындагы мыкты долбоор аталган.
Фестивалда БААУнун Enactus командасын Ишкердик жана бизнести башкаруу мектебинин жетекчиси Айжана Жумалиева жана “Эркин искусство жана илим” багытындагы улуу окутуучу Айбийке Эсенгулова жетектеди.
БААУнун Enactus командасы активдүү социалдык аракети жана Enactus 2019 улуттук сынагында 3-орунду ээлегендиги үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.
Фестивалга катышкан БААУнун президенти Эндрю Качинс команданы ийгилиги менен куттуктады.