2024-12-21
Билим
БААУнун китепканасы Seniors' night иш-чарасын өткөрдү
Алгач китепкананын жетекчиси Жылдыз Бекбалаева сүйлөп, андан ары тематикалык презентациялар болду. Бир жарым сааттын ичинде дипломдук иш жазуу учурунда студенттер кабылган көйгөйлөр талданды.
Академиялык кураторлук борборунун мүдүрү Гүлнур Эсеналиеванын презентациясы убакытты туура пайдалануу жана стресс менен күрөшүү ыкмалары тууралуу болду.
Ал эми Кат жана академиялык ресурстар борборунун жетекчиси Мария Антонова илимий цитаталоо нормалары жана техникасы жөнүндө кенен айтып берди.
Андан сырткары, “цитаталоо”, “парафраз”, “резюмелөө” сыяктуу терминдер талданды. Борбордун координатору Эрика Айзен WARC борборунун ресурстары тууралуу маалымат берип, көйгөйлөр жаралган учурда кимге кайрылуу керектигин айтып берди.
Электрондук ресурстар боюнча борбордун ассистенти Аман Чукин буга чейин жазылган дипломдук иштердин негизинде иштөө жолдорун көрсөтүп берди.
Андан ары студенттерге сөз берилип, кызыктырган суроолорго жооптор берилди.