2024-12-21
Билим
Ханышанын кабыл алуусунда...
19-ноябрь күнү Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Эдиль Байсаловду кабыл алды. Бул тууралуу падышалык үйдүн социалдык тармактардагы расмий баракчасында маалымдалды. Жолугушуу Букингем хан сарайында болду.
Элчи Эдиль Байсалов кыргыз элинен атынан жакшы каалоо-тилектерди билдирип, ханышага кыргыз шардагын тартуу кылды.
Эске сала кетсек, Эдиль Байсалов 1995-2000-жылдар аралыгында Борбордук Азиядагы Америка университетинде “Бизнести башкаруу” адистиги боюнча билим алган. 2019-жылдын май айында Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугундагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.