AUCA the best 2

2024-05-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

БААУнун Инновациялык колледжи расмий ачылды

26-октябрда Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи расмий ачылды. Окуу жай Кыргыз өкмөтү, Американын Бард колледжи жана USAID уюму менен өнөктөштүктө курулган. Учур талабына ылайык шарттар менен камсыздалган колледж студенттерге билим берүү процессин баштады.

Иш чарага БААУнун эмгек жамааты, камкорчулар кеңешинин башчысынан сырткары Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси, билим берүү жана илим министри, АКШнын Кыргызстандагы элчиси, депутат Аида Касымалиева катышты. Алгач коноктор колледж менен таанышып, куруу тарыхы тууралуу маалыматтарды алышты.

Имарат 1973-жылы Агрардык университеттин ашканасы катары курулуп, кийин кароосуз калган. 2019-жылы USAID бөлгөн гранттын алкагында ремонттолгон. Бүгүн бул жайда жаңы техникалар менен камсыздалган заманбап аудиториялар, мугалимдер жана студенттер үчүн атайын эс алуу жайлары, жыйындар залы, медициналык пункт бар. Белгилей кетсек, колледж мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дагы ыңгайын эске алып, атайын пандус, лифттерди орнотушкан.

Иш-чара Бишкектеги мейманканалардын биринде уланып, жаңыдан гана окуу жайга тапшырган студенттерди куттуктоо аземи менен коштолду.

БААУнун вице-президенти, Инновациялык колледжди түзүү демилгесин көтөргөн Чынгыз Шамшиев журналисттерге окуу жайдын максаттары жана башка билим берүү системаларынан эмне менен айырмаланаарын айтып берди.

«Бул Борбор Азиядагы уникалдуу проект, аналогдору жок. Башкы максаты - компьютердик технологияларга, сынчыл ой жүгүртүүгө, маалыматтар менен иштөө көндүмдөрүнө басым жасап, эффективдүү чечим чыгарууга үйрөтүү. Ишмердүүлүктүн кайсы гана тармагы болбосун, негизги багыттардын бири мына ушулар. Адамдарды компьютерден айырмалап турат»,- деди ал.

Окуу жайда колледждин студенттеринен сырткары кошумча программалар боюнча билим берүү жүрүп, магистранттар кечкисин окушат.

2019-2020 -жылдардагы алгачкы тапшырган студенттердин саны 203кө жеткен. Алар дүйнөнүн 9 мамлекетинен: Германия, Казакстан, Орусия, АКШ, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Франция жана Кыргызстандан келгендер.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2