AUCA the best 2

2024-05-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Борбордук Азиядагы Америка университети

Быйыл мектепти бүтүргөн миңдеген улан-кыздар кесип тандоо алдында турушат. Бул тандоодо чечим кабыл алуу оңой эмес, анткени ал келечектеги басаар жолуңду аныктап, ийгиликке же жаңылыштыкка алып келет. Айрыкча, технология жана өндүрүш өнүгүп, дүйнө мүнөт сайын жаңыланып жаткан заманда бир багытты тандап алуу бүтүрүүчүлөрдү эки анжы ойго салат.

Жаңы кесиптер пайда болуп, айрымдары өтмүштө калып же багытын өзгөртүүдө. Чай кайнам убакытта өнүгүп жаткан заманда бир кесиптин ээси болуу аздык кылат. Бүгүнкү күн ыктуулукту, билимдүүлүктү, ар тараптуулукту, жөндөмдүүлүктү талап кылат. Бул талаптардын баарына Борбордук Азиядагы Америка университетинин билим берүү тутуму толук бойдон жооп берет.

БААУ – гуманитардык илимдер чөйрөсүндө америкалык билим берүү системасы менен билим берүүчү Борбордук Азиядагы жалгыз окуу жай эсептелет. Окуу жай Quacquarelli Symonds (QS) рейтинги боюнча Борбордук Азиядагы мыкты университеттердин ондугуна кирет. Окуу программалары Bard College менен өнөктөштүк келишиминде АКШда каттоодон өткөн. БААУнун бүтүрүүчүлөрү эки: кыргыз мамлекеттик үлгүсүндөгү жана АКШда каттоодон өткөн дипломго ээ болушат.

Университетте окутуу негизинен англис тилинде жүргүзүлөт жана америкалык кредит-саат системасы колдонулат. Окуу жайда түрдүү мамлекеттерден келген 200дөн ашык жогорку квалификациялуу, англис тилдүү профессор, магистр жана илимдердин докторлору билим беришет.

Академиялык окуу программасы 15 бакалавр жана 9 магистратуралык багыттар боюнча өтөт.

Бакалавриат программасы:

  • Антропология, технология жана эл аралык өнүгүү
  • Гуманитардык жана так илимдер
  • Европа таануу
  • Журналистика жана массалык коммуникациялар
  • Эл аралык салыштырма саясат
  • Эл аралык жана бизнес укугу
  • Колдонмо геология
  • Колдонмо математика жана информатика
  • Психология
  • Бизнес-башкаруу
  • Программалык камсыздоо
  • Кино, телевидение жана медиа искусство
  • Социология
  • Экономика
  • Экология жана туруктуу өнүктүрүү

Магистратура программасы

  • Борбордук Азияны изилдөө
  • Бизнести башкаруу (МВА)
  • Колдонмо психология
  • Юриспруденция
  • Экономика
  • Социология
  • Антропология, урбанизм жана эл аралык өнүктүрүү
  • Журналистика
  • Педагогика

Студенттердин академиялык эмгектери, чыгармачылыктагы ийгиликтери жана материалдык абалы эске алынып каржылык жардам көрсөтүлөт (окутууга жеңилдиктер). Учурда БААУнун 84% студенттери жарым-жартылай же толук каржылык колдоо алып турушат. (www.auca.kg/ru/admissions/financial_aid).

Төмөнкү шарттарды аткарган учурда БААУда акысыз окууга мүмкүн:

  • ЖРТнын алтын сертификаты
  • Англис тили боюнча республикалык олимпиадада I орунду камсыз кылгандар
  • Кирүү экзаменинде жогорку упай топтогондор (“Антропология” жана “Социология” программалары үчүн гана)
  • БААУнун донорлорунун гранттык программалары
  • БААУда жыл сайын өтүүчү Brain ring жана Stream сынагынын жеңүүчүсү

БААУ Борбордук Азиядагы техникалык базасы чыңдалган алдыңкы окуу жайлардын тизмесине кирет: 550 компьютер, 24 мультимедиалык аудиториялар. Студенттер жана окутуучулар окуу жайдын аймагында бекер интернет (wi-fi) колдонушат.

Юридикалык клиника, Бизнес-клиника, психология лабораториясы, социалдык изилдөөлөр борбору жана медиа-өндүрүш студиясында студенттер алган билимдерин практикалык негизде бышыктай алышат.

БААУнун китепканасында 70 000 томдук китептер жана 2 миллиондон ашык түрдүү маалымат базаларынан түзүлгөн электрондук китептери бар:  EBRARY, Кембридж журналдары, EBSCO, JSTOR, Lexis-Nexis, Оксфорд журналдары, Оксфорд сурап-билүү адабияты (http://library.auca.kg).

БААУда 1300 студент окуйт, алардын 70% Кыргызстандын жарандары, калган 30% - Франция, АКШ, Канада, Германия, Норвегия, Англия, Монголия, Түштүк Корея, Кытай, Казакстан, Тадикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Афганистан, Швеция, Түркия, Орусия, Жапония, Индия жана Сауд Аравиядан келип окуган студенттер түзөт.

Нью-Йорктогу Bard College БААУнун негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Андан сырткары, БААУ дүйнөдөгү 60тан ашык эл аралык университеттер менен эки тараптуу кызматташат.

Кызматташуу келишимдерине ылайык, БААУ чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу жана өзүнүн алдыңкы студенттерин бир академиялык жылга же бир семестр аралыкка стипендиялык негизде окууга жиберүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бизге келген студенттер өздөрү каалаган багытта окуу курстарын тандоо укугуна ээ жана түрдүү изилдөө долбоорлоруна катыш алат. Ошол эле учурда, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарда стажировкадан өтүп, кыргыз тили жана кыргыз маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн ала алышат. БААУнун студенттери тажрыйба алмашуу жана билим балуу багытында эл аралык деңгээлдеги программаларга катышса болот.

Андан сырткары, БААУ ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүү, конференцияларды жана семинарларды өткөрүү багытында өнөктөштөрү менен байланышы бекем.

Университетте түрдүү багыттагы көптөгөн студенттик уюмдар жана клубдар бар: театр, бизнес, бий, футбол, фрисби жана башкалар.

БААУнун өзүнчө имаратта жайгашкан жеке жатаканасы бар. (www.auca.kg/ru/dormitory). Ошондой эле, окуу жай чет өлкөлүк жана Кыргызстандын аймактарынан келген студенттерге турак жай табууга көмөктөшөт.

Борбордук Азиядагы Америка университети

Студенттерди кабыл алуу кеңсеси: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 720060,  Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6

Телефон: + 996 (312) 915000 ( 407, 409)

e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

www.auca.kg

Facebook, Instagram: @MyAUCA

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2