AUCA the best 2

2024-12-21

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

БААУда күзүндө Эл аралык журналистика жана массалык байланыштар боюнча магистратура ишке кирет

Бул тууралуу БААУнун Басма-сөз кызматы билдирди.

Бул күздө БААУда “Эл аралык журналистика жана массалык байланыштар боюнча магистратура” ишке киргизилүүдө. Бул дүйнөлүк медиа өкүлдөрү менен Эл аралык карьера жасоонун үстүндө жүргөн журналисттер жана ошондой эле медиа же байланыштар чөйрөсүндө иштегиси келген башка тармактардын адистери үчүн жаңы программа.

БААУдан Эл аралык журналистика жана массалык байланыштар боюнча магистратура – өзүңүзгө инвестиция жасоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Азыр бүт аалам онлайн режимине өткөн тапта шартка бат ынгайлашып, келечекте өзүңүз үчүн максималдуу түрдө пайда табуу маанилүү.

Бул программадан:

Эл аралык журналисттин карьерасында зарыл болгон практикалык ыкмаларды аласыз: англис тилинде кесипкөйлүк менен сүйлөө, Эл аралык күн тартибине ыңгайлашуу жөндөмү, медиадагы жаңы технологияларды колдонуу менен глобалдык аудиторияга Борбор Азия жөнүндө репортаж жасоо ыкмалары: мультимедиа шаймандары, дата журналистикасы, интерактивдүү сторителлинг. Таанымал Эл аралык адистердин окутуусу.

Медиа долбоорлорду ишке киргизүү жана алып баруу, медиа тармагында башкаруучулук ыкмалары, ММКлар чөйрөсүндө укуктук жана этикалык негиздерди билүү. Биздин “Медиа менеджмент” инновациялык курсубузда сиз реалдуу Эл аралык долбоорлор жана кейстер менен иштейсиз.

Ошондой эле сиз медиа изилдөөлөр менен медиа компанияларды өткөрүү боюнча фундаменталдык билимдерди аласыз, медиа рыногунун суроо-талаптарын жана макалалардын импактын баалоону үйрөнөсүз, биздин окутуучулар менен индустриалдык өнөктөштөрдүн жардамынын негизинде изилдөөлөрдү уюштуруу боюнча практикалык тажрыйбага ээ болосуз.

Биздин окутуучулар – чет элдик жана жергиликтүү профессорлор, дүйнөнүн мыкты ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү – Indiana University, Missouri School of Journalism, City University London, Ломоносов атындагы МГУ, илимдин кандидаттары, иш тажрыйбасы бар медиа адистер, медиа долбоорлордун негиздөөчүлөрү жана лидерлери: Data Lab, Маалыматтар Мектеби, “ММКларды өнүктүрүү” программасы, Сорос Кыргызстан фонду, БУУнун агенттиктери менен медиа өнүктүрүү боюнча алдыңкы уюмдардын кеңешчилери. Сиз нетворкинг, биргелешкен долбоорлорго катышуу жана тажрыйба арттыруулардан өтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аласыз.

Департаменттин индустриалдык өнөктөштөрү болуп саналат:

IWPR Central Asia

Internews in Kyrgyzstan

“24.kg” маалымат агенттиги

Кактус Медиа

Клооп  Медиа

Окутуу тили: англис тили.

Сабактар кечки. Окутуунун узактыгы 2 жыл.

Окууга кабыл алуу ачык! Жазылууга жетишиңиз.

https://dss.auca.kg/master-in-journalism-and-mass-communications/how-to-apply/

Бардык суроолор боюнча: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2