2024-12-21
Билим
Борбор Азиядагы Америка университетинде видео-сабактарды тартуу иштери уланууда
Бул тууралуу аталган ЖОЖдун Басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сабактарды видеого тартуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигине колдоо көргөзүү максатында ишке ашырылууда. “Биздин студияда дагы да болсо өлкөбүздүн мектеп окуучулары үчүн видео-сабактарды тартуу иштери уланууда. Телевидение факультетинин оператору жана окутуучусу Адилет Каржоев сабактарды камерага тартып жатса, Жолдош Калмырзаев координатор жана мугалимдер менен иштеп, видеону монтаждайт”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, видео-сабактарды тартуу иштери бардык санитардык эрежелерди сактоо менен жасалууда.