AUCA the best 2

2024-12-21

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Тынчтык үчүн Нобель сыйлыгы Абий Ахмедке ыйгарылды

Тынчтык үчүн Нобель сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедке “Эритрея менен чек арадагы келишпестиктерди чечүү демилгеси” үчүн ыйгарылды. Бул тууралуу Норвегия Нобель комитетинин төрайымы Берит Райсс-Андерсен билдирди.

 

“Норвегиялык Нобель комитети, Абий Ахмеддин Эритрея менен чек арадагы келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүү аракети жана эл аралык кызматташууга үндөгөн демилгелерин татыктуу деп тапты”, - деди Райсс-Андерсен.

Абий Ахмед 2018-жылы Эфиопиянын Премьер-министри болуп шайланган. Ал кызматка келер замат Эритрея менен мамилени жакшыртуу демилгесин көтөргөн.

Комитет билдиргендей, Абий Ахмед Эфиопиянын калкына үмүт тартуулап, келечекке болгон ишенимин бекемдөөдө.

Абий Ахмед алгачкы 100 күндүн ичинде өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаалды жокко чыгарып, саясий куугунтукка кабылган миңдеген кишиге амнистия жарыялап, бошоткон. Андан сырткары, ЖМКдагы цензураны жоюп, мыйзамсыз оппозициялык топторду мыйзамдаштырып, коррупционер аскер жана жарандык лидерлерди кызматтан кетирип, мамлекеттин саясий, коомдук жашоосунда аялдардын ролун күчөткөн.

Тынчтык үчүн Нобель сыйлыгы 99 жолу ыйгарылып, 133 лауреаты бар. Татыктуу талапкер жок болгонуна байланыштуу 1972-жылдан бери берилбей келген.

Сыйлыктын акчалай бөлүгү 9 млн крон, доллар менен 909 миңди түзөт. Лауреаттар адатта акчаны кайрымдуулук иштерине бөлүп беришет.

Сыйлык тапшыруу аземи 10-декабрь күнү Осло шаарында өтөт.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2