2024-09-14
Билим
Кыргызстанда инвитро биологиялык лаборатория уюштурулат
Кыргызстанда 61,6 млн сомго инвитро илимий-өндүрүштүк биологиялык лаборатория уюштурулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Финансы министрлиги тарабынан микроклоналдык ыкма менен өсүмдүктөрдүн вируссуз көчөттөрүн алуу үчүн инвитро (invitro) илимий-өндүрүштүк биологиялык лабораториясын уюштурууга 61 млн 638 миң сом бөлүнүп берилет.
Каражат төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
1. Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментине 36 млн 638 миң сом;
2. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине 25 млн сом.