2024-10-14
Билим
Россиялык университет Кыргызстанда IT колледжин ачууну сунуштады
Россиянын "Синергия" университети Кыргызстанда IT колледж ачууну сунуштады. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган ЖОЖдун өкүлдөрү мындай демилгени кечээ кыргыз-орус аймактар аралык 10-конференциянын алкагында өткөн кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин жыйынында билдиришти.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары Россиянын аймактарында бал жана жаңгак фестивалдарын өткөрүүгө макулдашты.
Жыйындын жыйынтыгында эки документке кол коюлду:
1. Илимий-техникалык, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташууну кеңейтүүнү караган Ишкер кеңештин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча жол картасы;
2. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, КР Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмү жана РФ Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда облуста өнөр жай паркын түзүү жөнүндө меморандум.
2024-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде маданий жана ишкердик иш-чаралары өткөрүү пландаштырылды.