AUCA the best 2

2025-10-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Акылбек Жапаров: БААУ менен УИАнын кызматташтыгы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү

26-июнда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Өткөн жылдын башында Борбор Азиядагы Америка университети Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту үчүн жаңы административдик имарат куруп баштаган. Бул демилге БААУ менен УИАнын Сейсмология институтунун ортосунда 2018-жылы түзүлгөн консорциумдун алкагында ишке ашты. Долбоордун бюджети 1,2 миллион АКШ долларын түзөт. Курулуш иштерин "Кармис" курулуш компаниясы ишке ашырды.

Акылбек Жапаров иш-чаранын ачылышында өлкөбүздө сейсмологиялык изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн белгиледи. Алсак, соңку 150 жыл аралыгында биздин аймакта күчү 7 баллдан жогору болгон кыйроолорго алып келген 14 ири жер титирөө катталган.

"Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында биринчи жолу жеке менчик компания Илимдер академиясы үчүн жаңы имарат куруп берди. БААУ менен УИАнын кызматташтыгы - эффективдүү коммерциялык эмес мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү болуп саналат. Кыргызстандагы башка уюмдарга бул үлгүлүү көрсөткүч. БААУ менен Сейсмология институтунун кызматташтыгы - сейсмикалык активдүүлүктөрдү изилдөө тармагындагы изилдөөчүлүк иштерин жаңы деңгээлге чыгарат, ошондой эле Кыргызстандын эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорго дол ачат деп ишенем",- деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин башчысы Дэвид Лахдир өз сөзүндө 1968-жылы ата-энеси менен Ташкентте болуп, жер титирөөдөн абдан таасирленгенин айтты.

"Сейсмология институту жана БААУ изилдөөлөрдү Кыргызстандын, кыргыз элинин жана аймактын башка элдеринин жыргалчылыгы үчүн жайылтуу максатын тең бөлүшүп жатат. Бүгүнкү жаңы имараттын ачылышы Сейсмология институту менен жеке менчик окуу жайдын кызматташтыгынын жаңы барагынын ачылышы болот деген үмүттөмүн. Университеттин кызматкерлери биргеликте алдыда дагы көп максаттарды ишке ашырабыз деп ишенебиз. Мен Кыргызстандын президентине жана өкмөтүнө, Улуттук илимдер академиясына, ошондой эле "Кармис" курулуш компаниясына, бардык куруучуларга ыраазычылык билдирем. Биз абдан ыраазыбыз!", - деп билдирди Д.Лахдир.

Жаңы имараттын лентасы кесилгенден кийин коноктор үчүн экскурсия уюштурулуп, имараттын  короосуна Акылбек Жапаров, Дэвид Лахдир, Джонатан Бекер, Чынгыз Шамшиев карагай отургузушту.

Андан соң Улуттук илимдер академиясынын ардактуу наамдарын тапшыруу орун алды.

УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов өз сөзүндө Сейсмология институтунун жаңы имаратынын ачылышынын мааниси чынында абдан терең экендигин белгилеп өттү.

Кыргыз Республикасынын билим жана илиминин өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымдары үчүн  Улуттук илимдер академиясынын президумунун чечими менен БААУнун жетекчилерине төмөнкү ардак наамдары ыйгарылды:

  • БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин Төрагасы Дэвид Лахдирге – КРдин Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги наамы;
  • БААУнун президенти Джонатан Бекерге – КРдин Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу доктору наамы;
  • БААУнун вице-президенти жана башкы аткаруучу директору Чыңгыз Шамшиевге – КРдин  Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу доктору наамы.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2