AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Бишкекте билим берүүнү реформалоого арналган тегерек стол болду

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери улуттук билим берүү моделине жетише элек. Бул тууралуу 23-май күнү Бишкекте өткөн билим берүү системасын реформалоого арналган тегерек столдо айтылды. 

 

“EdNet” билим берүү жаатында таанылган сапатты кепилдөө агенттиги менен Билим берүү демилгелерин колдоо фонду уюштурган тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары жана экс-депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, окуу жайлардын жетекчилери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, билим берүү тармагынын алдыңкы эксперттери катышты.

Иш-чаранын спикерлери белгилегендей, билим берүү тармагын реформалоонун зарылдыгы эбак жаралган. Ал 30 жылдан бери жүргүзүлүп келген жана азыр да жүргүзүлүп жатат. Ага карабай Кыргызстан жалпы жана кесиптик билим берүү системасын натыйжалуу башкарууга жана жарандардын сапаттуу билим алуу боюнча конституциялык укуктарын толук ишке ашырууга мүмкүндүк берген билим берүү системасынын туруктуу моделине жете элек.

Билим берүүнүн үч баскычын - мектепке чейинки, жалпы жана кесиптик билим берүүнү карап чыгып, катышуучулар билим берүү ишинин бардык этаптарында чечилбеген маселелер жана көйгөйлөр бар экендигин баса белгилешти.

Кыргызстан билим берүүнүн улуттук моделине жетише элек. Учурдагы система – советтик билим берүүнүн негизинде Болонья түрүндөгү дагы башка системаларды камтып калган. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептер менен бирге Түркия, Улуу Британия, Россия жана башка мамлекеттер тарабынан каржыланган ар кандай программалар жана стандарттар менен жалпы билим берүү мекемелери иштейт.

Учурдагы кырдаалдын талылуу жери - билим берүү тармагындагы ашыкча бюрократизация маселеси. Эгерде жогорку билим берүү системасында аккредитация зарыл деп таанылса, анда базалык билимге (мектепке) карата пикирлер ар башка болушу ыктымал. Бир катар эксперттер мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларды аккредитациялоону жокко чыгарып, бирок жеке менчик мектептерге, өзгөчө чет элдик каржылоо менен иштеп жаткандар үчүн сактап калуу зарыл деп эсептешет.

Тегерек столдо окуучуларга бөлүнгөн мамлекеттик каржылоонун  үлүшү жана аны жогорку окуу жайына көчүрүү (ваучер же бюджеттик каржылоо стандарты) маселеси кызуу талкууланды.

Бирок эксперттер тарабынан сунушталган окуучуларды каржылоо системасын ишке ашыруу же ар бир студентке окуу жайын тандоо укугу билим берүү мекемелери тарабынан кабыл алынат жана деталдуу изилдөөнү талап кылат.

Мектептер толук каржыланбай жаткандыгына байланыштуу ата-энелерден акча чогултуу маселеси дагы эле курч бойдон калууда. Бул маселени мыйзамдуу жана ачык-айкын жүргүзүү механизмдери иштелип чыгышы керек.

Билим берүү тармагын реформалоодо искусство чөйрөсүндөгү билим берүү мекемелери да көңүл сыртында калып жатат. Алар белгисиз себептерден улам азыркы "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамда көрсөтүлбөй калган жана кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин тизмесине кирбей калган.

Бул маселелер чечилиши керек, анткени жогорку сапаттагы билим берүүнү талап кылган экономикалык жана социалдык программаларды сабаттуу адамдар гана ишке ашыра алат.

Тегерек столдун катышуучулары көйгөйлөрдү белгилеп, билим берүү тармагындагы алгылыктуу демилгелерди илгерилетүүгө, биргелешип аракеттенүүгө жана улуттук өзгөчөлүктөр менен башка  мамлекеттердин билим берүү тармагындагы прогрессивдүү тажрыйбасын айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын билим берүү системасын түзүүгө чечкиндүү кадамдар керек экендигин белгилешти. Андан сырткары, буга чейин мамлекет тарабынан гана чечилип келген билим берүү маселелерин коомчулук менен кесипкөй эксперттердин ачык талкуулай баштаганы да маанилүү.  

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2