2024-11-09
Билим
“Эркин искусство жана илимдер” - БААУнун уникалдуу бакалавриат программаларынын бири
БААУдагы эң уникалдуу бакалавриат программаларынын бири – бул “Эркин искусстволор жана илимдер”. Бул тандалган концентрациясы боюнча гуманитардык билим берүүнүн кеңдиги менен адистештирилген илимдердин тереңдигин сунуштаган университеттеги алгачкы дисциплиналар аралык программа.
Программа 21-кылымдын жарандарынын жеке өнүгүүдө да, кесипкөйлүк карьерада да ийгиликтүү болуусу үчүн ыкмалар менен билимдерди өнүктүрүүгө багытталган. БААУнун бардык студенттери сыяктуу эле факультеттин бүтүрүүчүлөрү 2 дипломго ээ болушат – кыргыз мамлекеттик үлгүсүндөгү жана АКШда аккредитацияланган дипломдорго. Аталган дипломдор билим алууну андан ары Европа, Азия жана Американын ЖОЖдорунда улантууга жана дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө карьера курууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Факультет жөнүндө кошумча маалыматты бул жерден билип алууга болот: https://auca.kg/en/liberal_arts_sciences/. Эл. почта: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра..