AUCA the best 2

2024-04-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Борбордук Азиядагы Америка университети сиз үчүн?

Биз студенттерибизге жана бүтүрүүчүлөрүбүзгө бул суроону бергенибизде дээрлик дайыма “өзгөчө атмосфера” деген жоопту угабыз. Албетте, университетте негизгиси – окуу. БААУда окуу процесси лекцияларга жана экзамендерге карабастан студенттерди өз оюн ачык билдирүүгө, критикалык ой жүгүртүүгө жана дүйнөнү таанып билүүгө үйрөнө тургандай жолго коюлган.

Чыгыш Европа жана Борбордук Азия (ЧЭБА) университеттеринин Quacquarelli Symonds рейтингине ылайык, БААУ - Кыргызстандагы эң мыкты университет болуп саналат жана дүйнөлүк тизмеде 138-орунда турат. Университеттин бүтүрүүчүлөрү бир эле учурда эки диплом алышат: Кыргызстандын мамлекеттик диплому жана АКШда аккредитацияланган диплом.

Студенттик жашоо окуу менен гана чектелбейт. Университетте көптөгөн активдүү студенттик уюмдар жана клубдар бар: театр, бизнес, бий, футбол, фризби жана башкалар. Салттуу түрдө жогорку деңгээлде өткөрүлүүчү университеттик иш-чаралар жана майрамдар өзүнчө сөзгө татыктуу. БААУ – бул чоң үй-бүлө, бул жерде студенттер бири-биринин ийгиликтерине кубанышат жана оор учурларда колдоо көрсөтүүгө даяр турушат.

БААУ – бул көп маданияттуу чөйрө, ар кайсы өлкөдөн келген студенттер – АКШ, Франция, Канада, Германия, Норвегия, Англия, Монголия, Түштүк Корея, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Ооганстандан жана албетте Кыргызстандан студенттер билим алышат.

БААУ дүйнө жүзү боюнча 60тан ашык эл аралык университеттер менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктө. Университет дүйнөнүн 24 өлкөсүндө: Нью-Йорктон Берлинге, Сеулдан Санкт-Петербургга чейин 50дөн ашык студентке алмашуу программаларын сунуштайт. БААУнун студенттери стипендиялык программадан пайдаланып, окуу семестринде же окуу жылында чет өлкөлөрдөгү өнөктөш университеттерде окуй алышат. Бул дүйнөнү изилдөө жана тажрыйба топтоо үчүн сонун мүмкүнчүлүк.

Университетте билим берүү негизинен англис тилинде жүргүзүлөт жана америкалык кредит-саат системасы колдонулат. Окутуучулар курамы 200дөн ашык жогорку квалификациялуу англис тилдүү профессорлордон жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча магистр жана PhD даражалары бар окутуучулардан турат.

Окутуунун академиялык программасы 15 бакалавр жана 10 магистратурада жүргүзүлөт.

Бакалавриаттын программалары:

  • «Антропология, технология жана эл аралык өнүгүү»;
  • «Колдонмо геология»;
  • «Эркин искусство жана илимдер»;
  • «Европа таануу»;
  • «Журналистика жана массалык коммуникациялар»;
  • «Телевидение, кино жана медиа искусство»;
  • «Эл аралык мамилелер»;
  • «Колдонмо математика жана информатика»;
  • «Психология»;
  • «Программдык инженерия»;
  • «Социология»;
  • «Бизнести башкаруу»;
  • «Экономика»
  • «Экология жана туруктуу өнүгүү»
  • «Юриспруденция»

Магистратура программалары төмөнкү адистиктер боюнча сунушталат:

  • «Антропология, урбанизм жана эл аралык өнүгүү»;
  • «Социология»;
  • «Бизнести башкаруу» (MBA);
  • «Экономика»;
  • «Борбордук Азияны изилдөө»;
  • «Журналистика»;
  • «Педагогика»;
  • «Колдонмо психология»;
  • «Укук» (LL.M.)
  • «Таланттарды башкаруу жана уюмдардагы инсандык өнүгүү».

Студенттерге алардын финансылык абалын, ошондой эле окуудагы жетишкендиктерин же чыгармачылык таланттарын эске алуу менен финансылык колдоо көрсөтүлөт (окуу акысына жеңилдик). Бүгүнкү күндө БААУ студенттеринин 84% жарым-жартылай же толук каржылык колдоо алышат (www.auca.kg/ru/admissions/financial_aid).

БААУда акысыз билим алуу.

Бакалавриат программалары үчүн шарттар:

  • ЖРТнын алтын сертификаты;
  • Англис тили боюнча республикалык олимпиадада I орунду ээлөө;
  • БААУда өткөн математика боюнча олимпиадада I орунду ээлөө;
  • БААУнун Европа таануу факультетине тапшырган абитуриенттер үчүн Виктория сынагында I орунду ээлөө;
  • Эл аралык олимпиадаларда I орун;
  • Кирүү экзамендеринде эң жогорку балл («Антропология» жана «Социология» программалары үчүн гана);
  • БААУнун донорлорунун гранттык программалары. https://auca.kg/ru/donor_scholarships/

Университет Борбордук Азиянын университеттеринин ичинен эң мыкты техникалык базага ээ: 550 компьютер жана 24 мультимедиялык класс. Университеттин бардык аймагында wi-fi жеткиликтүү.

Юридикалык клиника, бизнес клиника, психология лабораториясы, социалдык изилдөө борбору жана медиа продакшн студиясынын платформасында студенттер алган билимдерин практикада колдоно алышат.

БААУнун китепканасында 70 000ден ашык томдуктар, 2 000 000 ашык электрондук китептер жана ар кандай маалымат базаларынан каталогдор бар: EBRARY, Cambridge Journals, EBSCO, JSTOR, Lexis-Nexis Оксфорд журналдары, Оксфорддун маалымдама адабияты (http://library.auca.kg).

БААУ өзүнчө имаратта жайгашкан университеттин өзүнүн жатаканасына ээ (www.auca.kg/ru/dormitory). Мындан тышкары, университет Кыргызстандын аймактарынан келген жана чет элдик студенттерге турак жай табууга да көмөк көрсөтөт.

БААУга тапшырыңыздар!

Университетке тапшыруу үчүн студенттерди кабыл алуу жана тартуу боюнча офиске кайрылыңыздар:

Электрондук почта: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Мобилдик телефон: +996 770 004 113 (10:00-17:00, Дш-Жм)

Адрес: 7/6, Аалы Токомбаев, Бишкек

Интернет сайт: https://auca.kg/en/admissions/, https://applyonline.auca.kg/

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2