AUCA the best 2

2024-04-19

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

OGOGO GROUP - IT-ХОЛДИНГ КЕҢЕЙҮҮДӨ

“OGOGO Group” холдинги “Огого Такси”, “Огого Академия”, “Огого Софт”, “Demaloo” туризм маркетплейси жана IT өнүктүрүү фонду соода маркаларынын ээси эсептелет. Компаниянын негиздөөчүсү - Ахрор Иминов. 

 

“Ogogo taxi” издөө, чакыруу жана төлөө кызматтарын Кыргызстандын жеке таксисттери да колдоно алат. “Ogogo taxi” тиркемеси аркылуу жүргүнчү автоунаага буюртма берип, анын кайсыл жерде баратканын онлайн режимде көрүп тура алат. “Ogogo taxi” кызматынын слоганы – “Баарына ыңгайлуу!”. Ошондуктан, компаниянын негизги максаты – бардык кардарларга: жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү. Ошондой эле, “Ogogo taxi” – коммерциялык гана эмес, социалдык да долбоор эсептелет. Анткени, долбоор ички экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.

OGOGO Академия - бардык жаштагы жарандар кыска мөөнөттө IT адистигине ээ боло ала турган билим берүү мекемеси. “OGOGO Академиясынын” негизги концепциясы – эмоционалдык деңгээлде окутуп, техникалык жөндөмүн гана эмес, адамдын да жеке сапаттарын өнүктүрүү. Компаниянын ишмердүүлүгү дүйнөлүк IT рыногуна кесипкөй, атаандашууга жөндөмдүү адистерди тарбиялап чыгарууга багытталган.

“Ogogo Soft” компаниясы түрдүү ишканаларга: жеке жана ири мекемелерге маалыматтык технологияны киргизүү менен алектенет. Биздин компания инновациялык идеялардын интеграциясынын жана дүйнөдөгү жаңы дизайн тенденцияларынын жардамы менен ишкананын дараметин көтөрөт.

Demaloo.com

Demaloo – Таасирлер ушул жерде башталат! Биз колдонуучуларга өзү жаккан турга буюртма берип, төлөм жүргүзүп, пикирлерди окуп, материалдарды көрүп, бардык керектүү маалыматтарга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайбыз. Биздин максат – саякатчылар менен туристтик ишканалардын ортосундагы мамилени жеңилдетип, активдүү эс алууну пропагандалоо. Саякаттоого көмөктөшүүчү технологияларды колдонуп, demaloo.com ички турлардын түрлөрүн сунуштайт.

IT өнүктүрүү фонду

Фонддун миссиясы – өлкөнүн IT-экосистемасынын өнүгүшүн стимулдаштырып, маалыматтык технология багытындагы билим берүү мекемелеринде системдик колдоону камсыздап, IT тармагынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу:

  1. Маалыматтык технологиянын өнүгүшүнө салым кошуу;
  2. Маалыматтык технология тармагында адамдык потенциалды жогорулатуу;
  3. Маалыматтык технология тармагында дүйнөлүк деңгээлдеги алдыңкы технология, уюмдар жана окутуу ыкмаларынын пайда болушуна шарт түзүү;
  4. Маалыматтык технологиянын жардамы менен ишке ашып жаткан долбоорлорду: телекоммуникациялык технологияларды, анын ичинде Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагы, робототехника, ири данныйларды, булуттуулуктагы эсептөөлөр, адам-машиналык интерфейстерди, башкаруу системасы боюнча долбоорлорду өнүктүрүү;
  5. Интернет ишкерлигин жана стартап экосистемасын өнүктүрүү. IT тармагындагы социалдык долбоорлорду колдоп, менторлук ишмердүүлүктү жүргүзүү.

Интервью

 

Жаңылыктар

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2