2024-12-21
Билим
«XXI – кылымдагы билим берүү” онлайн-талкуусунун жыйынтыгы
Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи уюштурган “«XXI – кылымдагы билим берүү” онлайн-талкууда PISA орто билим берүүнүнүн натыйжалуулугун баалоо боюнча эл аралык тутумдун негиздөөчүсү Андреас Шляйхер, БААУнун алдындагы Инновациялык колледждин көзөмөлдөөчүлөр кеңешинин жетекчиси, Бард-колледждин вице-президенти Жонатан Беккер, БААУнун вице-президенти, Инновациялык колледждин башкы директору Чыңгыз Шамшиев билим берүүнүн модели жөнүндө сүйлөштү. Алар билим берүү тутумундагы жаңылыктар менен бөлүшүп, жеке презентация жасашты. Талкуунун катышуучулары аралыктан окутуунун оң жана терс жактарына токтолушуп, салттуу билим берүүнүн натыйжалуулугун белгилешти.
Дүйнөдө пандемияга байланыштуу түзүлгөн кырдаалда билим берүү тутуму канчалык деңгээлде өзгөрүүгө туш болду жана эскирген тутум мамлекетке, коомго кандай коркунуч жаратып жатканы жөнүндө кеп козгошту.
Жонатан Беккер билим берүүдөгү 3 негизги багытка токтолду: окутуучулардын билим деңгээли, окуу программасы жана жеткиликтүүлүккө басым жасады. Анын айтымында, онлайн билим берүүдө Борбордук Азияда эң негизги көйгөй – жеткиликтүүлүк. Тилекке каршы, бул көйгөй аралыктан окутууда Борбор Азия мамлекеттеринде бир катар тоскоолдуктарды жаратууда.
Ал эми Андреас Шляхер билим берүүдө ийгиликке жеткен өлкөлөрдү мисалга алып, учурда билим алууда социалдык жана экономикалык маселелер маанилүү болбой калганын белгиледи.
Талкууга Борбор Азия мамлекеттеринен жана Орусиядан 200дөн ашык киши катышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Жыйынтыгында, серепчилер онлайн окутуу натыйжалуулук жагынан салттуу билим берүү менен теңдеше албастыгын белгилешти.