AUCA the best 2

2024-03-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Карантин шартында балдардын окуудагы жетишкендигин кантип көтөрсө болот? Конкреттүү кеңештер

Канчалык кайгылуу болбосун, бирок мыкты онлайн окутуу да натыйжалуулугу жагынан кадимки окутууга жетпейт. Изилдөөлөргө таянсак, онлайн курстарда окугандардын 15% гана сабакты иликтөөдө окуу менен алектенишет жа аны жогорулата алышат. 85% болсо көңүл бурууну жоготушат, алардын сабакка кызыгуусу жана катышуусу бара-бара төмөндөйт.

Планетанын бардык окуу жайлары аралыктан туруп жана онлайн-окутууга өткөн пандемиянын шартында ата-энелердин окутуу процессиндеги ролун кайра карап чыгуу абдан маанилүү. Мында кеп ата-энелердин балдарынын сабакка өз убагында улангандыгын текшерип туруусунда эмес, такыр башкада...

Биз бүгүн сиздер менен БААУнун Инновациялык колледжинин Башкы директору Чыңгыз Шамшиевдин студенттердин ата-энелерине берген кеңеши менен бөлүшкүбүз келди. Аларды колдонуу менен силер балдарыңардын окууга жетишүүчүлүгүнүн төмөндөөсү токтогонуна гана эмес, бир топ өскөнүн да байкайсыз.

Балдарыңызды текшериңиздер

Силердин өз балдарыңардын дараметине ишенүүңөр абдан маанилүү. Аларга “Сен жасай аласың, сен жөндөмдүүсүң, сенин колуңдан келет, сен жашоодо ийгиликке жетишесиң” деп такай айтып туруу гана эмес, буга сиз өзүңүз да жан дүйнөңүз менен ишенүүңүз керек. Ансыз балдар сиздин кебиңиздеги жасалмалуулукту сезип коюшат.

Биз ата-энелер менен көп баарлашабыз, өзгөчө рекрутинг процессинде. Ошондо биз көп ата-энелердин өз баласына ишенбегенине, аларды акылсыз деп эсептегенине, мектепте сабактардагы жетишкендиктери начар болгонун айткандарына күбө болобуз. Мындай өзүнө ишенбөөчүлүк сезим ата-энелерден балдарга берилет да, тигил же бул сабактарды үйрөнүүдө жаралган коркууларга алып келет. Анан коркуу мээнин окуп-билүү жөндөмдүүлүктөрүн чектеп, натыйжада адам эч нерсени иликтей албай калат. Бул өз кезегинде ого бетер чоң стресске, коркууга жана өзүнө ишенбөөчүлүккө кабылтат. Ушул сыяктуу терс көрүнүштөр каптай берет.

Ошондуктан, мен өз балаңарга ишенгиле деген принциптин өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет. Алардын потенциалына ишенгиле жана адамдын мындай өзүнө-өзү ишенүү сезимин аларга өткөрүп бергиле.

Мен силерден алардын каалаган шартта силердин колдооңорго ишенсе болору үчүн колуңуздардан келген бардык күч-аракеттерди жумшооңуздарды өтүнөм. Кеп ата-энелер тараптан талашсыз жана талкуулоосуз ар тараптуу колдоо жөнүндө болуп жатат. Баланын өзүнө ишенүү сезими болуусу абдан маанилүү. Учурда балдар өтө татаал өзгөрүү мезгилин башынан өткөрүп жатат. Алар көп сандаган жаңы илимдерди алышууда жана мунун баары алардын борбордук нерв системасы менен психикасын абдан сезимтал жана назик кылууда. Аларга ар дайым жанында экениңизди, алар менен бирге экениңизди, каалаган кырдаалда колдоо көрсөтүп, айыптабай турганыңызды билдирип туруңуздар.

Бул албетте аларды бош коюп, баарын жасоого уруксат берүү керек экендигин билдирбейт, эрежелер сакталышы керек. Бала эң оболу сиздин аны жакшы көрөрүңүздү билиши керек. Эгер кайсыл бир нерсеге тыюу салсаңыз, демек сиз алардын жакшылыгы жана келечеги үчүн ушундай чектөөгө барганыңызды түшүнүүсү керек.

Баланын өз оюн айтуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз

Колуңуздан келишинче балдарыңыз менен көп сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Алар менен эртең мененки, түшкү жана кечки тамак учурунда түрдүү темаларда баарлашыңыз – кино, китеп жана башка каалаган нерселерди талкуулоого болот. Аларды көз карашын тыйып салбаңыз, сөзүн бурбаңыз, өз оюн айтуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Мисалы, биздин колледжде окутуучулар студенттердин талкуулоосун талап кылышат. Студенттер ушундай эле нерсени өз үйлөрүндө да жасоосу маанилүү. Өз оюн билдирүү, өз көз карашына ээ болуусу колдоого алынышы керек. Ар дайым балаңыздан өз ой-пикирин бышыктап берүүсүн өтүнүңүз. А эгер анын аргументтери анчалык ынандыраарлык болбосо, анда ага бул тууралуу сылык-сыпаа, достук маанайында, акырын айтып түшүндүрүңүз.

Мындай аракет балдарыңызда өзүнө ишенүү жана логикалык ой жүгүртүү сезимин өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Балдар менен чогуу китеп окуңуздар

Балдарыңыз менен чогуу китеп окууга аракет кылыңыздар. Кыска окуялар камтылган китептерди же ыр китептерди алып, үн чыгарып окуңуздар. Сиз окуңуз же ал окусун, кезектешип окусаңыздар да болот. Мындан сырткары китептин бөлүмдөрүн бөлүп алып, бүт үй-бүлө менен чогуу окууга да болот.

Чыгарма же ырды окуп бүткөндөн кийин силер аны талкуулай аласыңар – ар бириңер өз оюңарды билдиргиле, эмнени түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. Автордун негизги ою эмнеде экенин тапкыла, 3төн жаккан жана жакпаган нерселерди бөлүп талкуулагыла. Ким эмнеге макул жана эмнеге каршы экенин сүйлөшкүлө. Мунан баары албетте ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө себепчи болот.

Үй тапшырмаларын аткарууга катышыңыз

Балдарыңардын үй тапшырмаларын аткаруусуна активдүү катышууну сунушайм.  Кеп балдардын ордуна тапшырмаларды аткаруу эмес, а аларды угуу, кантип аткарып жатканын сурап, эмне себептен дал ошентип аткарып жатканына кызыгуу жөнүндө болуп жатат. Бала аткарган тапшырмасын сизге айтып, көрсөтүп берсин. Ал менен үй тапшырмасын талкуулаңыз, ага суроо бериңиз.

Бул балдарга үй тапшырмасын жакшы аткарууга жардам берет. Аларды аткарууга каалоосу күчөйт, анткени ал үй тапшырманы ата-энеси менен талкуулоосун, ата-энеси ага кызыгуусун билет. Бул аларды шыктандырат.

Балдар менен ойногула

Ошондой эле мен сиздерге балдар менен ойноо зарылдыгын сунуштайм. Сөздөр, шаарлар же стол үстүндө ойнолчу оюндарды ойногула. Андан ары барып, үй шартында концерт же спектакль койсоңуздар да болот. Буга үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн аралаштырууга ааркет кылыңыз. Бул балдарыңыздын чыгармачыл, интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн ачууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле өз ара жакындатып, бири-бириңиздердин билбеген жактарыңыздарды билүүгө көмөктөшөт.

Билим берүү жана келечек жөнүндө сүйлөшүңүздөр

Балдарыңыздын болочок карьерасы жөнүндө кеп куруңуз. Балдар 5, 10, 15 жылдан кийин ким болору тууралуу кыялдансын, ой жүгүртсүн. Баарын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берсин. Мейли алар реалдуу эмес нерселер тууралуу айтсын. Балким алардын ою келечекте ишке ашат ким билет? Эмнеси болсо да келечек жөнүндө мындай баарлашуу билим берүүнүн зарылдыгы тууралуу сүйлөшүүгө себепчи болот. Адатта адамдар белгилүү бир илимдерди иликтөөнү талап кылган кесиптер тууралуу кыялданышат, бирок иш жүзүндө ал илимдерди иликтөөнү жактырышпайт. Мына ушундай абалда баланын кыялы орундалышы үчүн ага ошондой илимдерди иликтөө зарыл экенин түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү туулат.

Мамиле курууну үйрөнүңүз

Балдарыңызга башка адамдар менен жакшы, конструктивдүү, өз ара сыйга негизделген мамиле курууну үйрөтүңүз. Алар менен гурппалаштары,классташтары, коңшу достору жана башкалар менен мамилелери жөнүндө сүйлөшүңүз. Эч кимди айыптабаңыз, сындабаңыз, бирок балага башка адамдар менен кантип мамиле түзүү жолдорун үйрөтүңүз. Жашоо тажрыйбаңыздын аркасында сиз андай нерселерди билгениңиз менен балдарыңыз азырынча билбейт эмеспи. Мында ата-энелердин салымы баа жеткис.

Илим, билимди туу тутуңуз

Эгер сиз балдарыңыздан билим алуу зарыл экенин талап кылып, бирок башка бир үчүнчү жак менен баарлашууда “дипломдун кереги жок, окубастан туруп деле жашоодо кандайдыр-бир ийгилик жаратуу мүмкүн” деген кептерди айтсаңыз, анда сиздин суроо-талабыңыз менен дүйнөгө коз карашыңыздын ортосунда чоң ажырым пайда болот. Албетте бул абал балдарыңыздын окууга жетишүүсүнө да таасирин тийгизет. Эгер балаңыз жакшы окусун десеңиз, анда жогоруда аталган кайчы пикирлерди болтурбоо зарыл. Өз суроо-талаптарыңызда, көз караштарыңызда жана башкалардын жашоосу менен ийгилиги тууралуу айткандарыңызда да ырааттуулук болсун.

Окуу үчүн жагымдуу шарт түзүңүз

Жашоо-тиричиликтин айынан бир нерсе жасоо оңой эмес. Ошентсе да баланын эч ким тоскоол болуп, тынчын албаган, жарык, желдене турган жана таза иш орду болуусу абдан зарыл. Стол менен отургучтун бийиктиги тиешелүү деңгээлде болуусу да чоң роль ойнойт. Жамбаш менен тизе 90 градус бүгүлгөн абалда болушу кажет. Ушул сыяктуу эле чыканактардын да столго койгондогу абалы да эске алынсын. Өтүнүч бул нерсеге көңүл буруңуз. Аткени көп өспүрүмдөр туура эмес абалда отурушуп, кан айлануусу бузулуп, натыйжада окуп-билүү жөндөмү начарлап, тез да чарчай турган болот.

Өспүрүмдүн өзү калуусуна да мүмкүнчүлүк бериңиз

Кээде баланын өзү менен өзү калуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү да абдан маанилүү. Анткени бул жаш куракта балдар инстинкт боюнча “уядан учууга” умтулушат. Алар өзүн өз алдынча адам катары сезүү үчүн ата-энелерден алыстай баштайт. Бул алардын келечеги үчүн маанилүү.

Мындай каалоого түшүнүү менен мамиле жасаңыз, бирок ошол эле учурда чектен ашып кетүүсүнө, үй-бүлө менен баарлашуусуна зыян алып келүүсүнө жол бербеңиз. ⠀

Үйдө чыгармачылык үчүн материалдар болсун

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, үйдө китеп, боёо үчүн түстүү кагаздар, сүрөт тартуу үчүн альбом, сүрөт тартуучу каражатттар жана башкалардын болуусу инсандын интеллектуалдык, чыгармачыл жана руханий жактан өнүгүүсү үчүн, окууда ийгиликтүү болуусу үчүн жана келечекте ийгиликтүү карьера жасоо үчүн өбөлгө болот.

Эгер каржылык жактан мүмкүнчүлүк болсо, аталган каражаттардын үйүңүздө болгону жакшы. Балким балаңыз аларды дароо колдонуп баштабашы мүмкүн, бирок эртедир-кечтир баары бир аларды колуна алып баштайт. Мына ошондо балким эч ким билбеген таланттары ачылып кетүүсү толук ыктымал.

Кысым көрсөтпөңүз

Ар кандай шарттар болот. Кээде үй-бүлө чакан бөлмөдө жашап, натыйжада бала “бул жерде турба, тигил жерге тур, антпе, минтпе” деген сыяктуу кептерди көп уга турган болот. Өтүнүч антпеңиздер, баланы ары-бери түрткүлөп, кысымга албаңыздар. Өзүнө ишенүү сезимин өчүрбөңүздөр. Балада мейкиндикти көзөмөлгө алуу сезими өсүшү керек, а мейкиндиктин баланы көзөмөлгө алуусу эмес. Мунун баары өзүнө ишенүү сезиминин өсүшү жана окууда ийгиликтүү болусу үчүн маанилүү.

Мактагыла

Эгер балаңыз сүрөт тартса, бирдемелерди жасаса, сөзсүз түрдө мактаңыз. Алардын жасаган эмгектерин, сүрөттөрүн талкуулагыла. Дубалга илип койгула, дос-туугандарга көрсөткүлө.

Эсиңизде болсун: Сиз мактоо менен баланы буза албайсыз. Жашоодо ал күмөн санаган учурлар көп болот, эгер сиз ашыкча бир ирет аны мактасаңыз, ага жаман болбойт. Ишенип коюңуз. Аны менен бирге баланы эң оболу жасаган эмгеги үчүн мактоо зарылдыгын унутпаңыз.

Интервью

 

Жаңылыктар

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2