AUCA the best 2

2024-04-20

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

БААУну бүткөндөн кийинки жашоо. Искендер Кадыровдун ийгилик баяны

Искендер Кадыров – Борбордук Азиядагы Америка университетин 2018-жылы бүтүргөн. Ал “Бизнести башкаруу” багытында билим алган. Учурда Искендер Кадыров Германиядагы Вормс колдонмо илимдер университетинде магистрдик даражасын алуу үчүн окуп жатат. Каарманыбыз окуу менен эле чектелип калбай, SAP Labs илим изилдөө борборуна жумушка орношкон. Мындай борборлор дүйнө жүзүндө 20дай эле бар. SAP герман компаниясы IT-тармагындагы инновациялык изилдөөлөр багытында иштеп, түрдүү уюмдар үчүн программалык камсыздоо жагынан жардам берет.

ИСКЕНДЕР КАДЫРОВ ЖӨНҮНДӨ

Мен Бишкекте төрөлүп, өстүм. Башталгыч класста окуп жүргөндө ак көйнөк кийип, кеңседе отурсам деп кыялданчумун. Бирок, бул кайсы кесип экенин түшүнбөйт элем. Апам банкирлер гана ак көйнөкчөн кеңседе отурарын айтканда, экономикалык факультетке тапшыруу максатым пайда болду. Ошентип, жашоо мени БААУга алып келди.

Аталган окуу жайды бүтүргөндөн кийин магистр даражасын алуу үчүн Германиядагы университеттин жообун күтүп калдым. Ошол эле учурда жумуш да издеп жүрдүм. Күз жакындаган сайын жумуш таппай жатканымдан улам кыжалат боло баштадым. Бардык бүтүрүүчүлөр ушундай кырдаалга туш болсо керек. А чындыгында, 4 жылдык тынымсыз окуудан кийин жай мезгилинде эс алып алганым жакшы болгон экен. Ошондуктан, убактылуу эркиндиктен ырахат алуу канчалык маанилүү экендигин түшүндүм.

БААУдагы СТУДЕНТТИК ЖАШОО

Бул мезгил тууралуу айта берсе сөз көп. Эң кызыктуу учур – биринчи жана экинчи курс. Бул убакта студенттик жашоо башкача көрүнүп, түрдүү иш-чараларга катышып, активдүү студент болосуң. 3-4-курстарда ыргак бир аз басаңдай түшүп, университетти бүткөндөн кийинки жашоо тууралуу ойлоно баштайсың. Магистрдик билим алуу чечимин кабыл алгандан кийин, окууга баш-отум менен кирип кеттим. БААУда таанышкан, кызматташкан бардык кишилерге терең ыраазычылыгымды билдирем.

ЧЕТ ЖЕРДЕГИ УНИВЕРСИТЕТКЕ ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮ КЕРЕК?

Университетке тапшыруу алдында, максаттарды так аныктап алуу зарыл. “Бул окуу жай мага эмне берет?, - деп ойлонуш керек, бүтүргөндөн кийинки перспективаны да эске алуу кажет. Изилдеп көрүп, студенттер менен байланышып, окуу жайдын жашоосу тууралуу көбүрөөк билип алганга аракет кылуу керек.

Мен эч кандай программасы жок эле түз тапшырдым. Германиядагы бюрократиялык тоскоолдуктарды жалгыз жеңип өтүү оңой болгон жок. Ал жердеги мамлекеттик кызматкерлер менен немис тилинде сүйлөшүп жаттым. Болбосо, бул тилди бир ай гана үйрөнгөм. Мындай администрациялык маселелер көйгөйгө айланат деп ойлогон эмесмин.

Ал эми университетке тапшыруу жараяны жеңил болду. Окуу жайга орточо упай менен бакалавр даражасын жиберип, англис тилинен (TOEFL же IELTS) тест тапшырып, кесипке байланыштуу суроолорго жазуу түрүндө жооп бердим.

Мен бизнести башкаруу жана эл аралык соода факультетинде окуйм, программасы мага абдан жакты. Көпчүлүк бизнес кылуу үчүн атайын билим маанилүү эмес деп ойлойт. Окууну бүткөн соң, баары эле ишкер болуп кетпейт, көпчүлүк учурда администрациялык жумуштарда иштешет: бухгалтерия, тобокелдиктерди башкаруу, логистика жана башкалар. Бул багытта университет негизги билимди бериши мүмкүн. Университетте алган билимимди жумушумда бекемдеп барам. Сабактардын баары англис тилинде жүргүзүлөт, студенттердин 70% -  чет өлкөлүктөр, 30% - немистер. Тажикстан, Орусия, Украина жана Армениядан келген студенттер менен достошуп алдым.

Ыңгайлуулук зонасынан чыкканда кыйынчылыктар албетте болот. Менде да мындай кыйынчылыктар болбой койгон жок: адамдар менен аз сүйлөшүү, менталитетти түшүнбөө, тил, документ алууда администрациялык тоскоолдуктар жана жумуш издөө. Бирок, каалоосу күч жана максаты бийик киши мунун баарын чечет. Вормс - Германиядагы байыркы шаарлардын бири. Башка шаарларга салыштырмалуу чакан шаар, ошондуктан жөө жүрүүгө ыңгайлуу. Турак-үй боюнча маселе болгон жок, анткени университеттин айланасында жатаканалар бар. Кошумча жумуш табуу кыйын болгон жок, ресторанга бармен болуп орношуп, биринчи семестр ичи иштедим.

SAP БОРБОРУНДАГЫ ЖУМУШ

Мен изилдөө жана иштеп чыгуу түзүмүндө иштейм. Бул борбор SAP Labs деп аталат. Биздин бөлүм Германиядагы башкы кеңседе жайгашкандыктан, бардык SAP Labs борборлорун администрациялык жактан карайбыз. Мен коммуникация жагында иштейм.

Максаттарга жетүүдө үч маанилүү кадам тууралуу айткым келет

  1. Максат коюу. Азыркы учурда көпчүлүк жаштар максат коюу жана план түзүү жагынан аксашат.
  2. Сөзсүз түрдө запастагы план болушу керек. Бир гана нерсе менен чектелип калбаш керек.
  3. Кыялдануу жана мотивация издөө. Коюлган бийик максаттарга жетүүдө каалоо негизги ролду ойнойт.

БААУнун көпчүлүк студенттери үчүн окуу жайды бүтүргөндөн кийин сабактан сырткаркы студенттик жашоодо топтогон тажрыйба пайдалуураак болот. Кимдир бирөө дебат клубу, «Mirrors», Бизнес Клиника, Юридикалык Клиникадан өзүн тапкан. Мен университеттин студенттери жана бүтүрүүчүлөрүнөн көбүрөөк таасирлендим. «Сommunity» аркылуу сүйлөшүү менен көптөгөн керектүү жөндөмдү үйрөндүм. Тагыраак айтканда, Наристе Алиеванын “Digital PR” сабагы менин учурдагы жумушумда жардам берип келет.

БААУнун студенттерине университеттеги жашоодон ырахат алып калгыла деп айтар элем. Окуу жайды бүтүрүп кеткенден кийин бул мезгилди абдан сагынат экенсиң. Мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, түрдүү программаларда өзүңөрдү сынап көрүп, жаңы нерселерге умтулгула!

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2