2024-12-21
Билим
“Акватерапия”: суунун жардамы менен арыктоо
Арыктоонун эң оңой жолун жапон адистери сунушташат. Күн сайын эрте менен суу ичүү – тамак сиңирүүнү жакшыртып, организмден зыяндуу токсиндерди айдап чыгат. Ошондой эле, интенсивдүү суу ичүү режими кан басымын жана кандагы кантты нормалдаштырат.
Сууну эрте менен тиш тазалаганга чейин ичүү зарыл. Ал орточо температурада болгону дурус.
Сууну алгач жарым литрден ичип баштоо керек, - дешет адистер. Андан 45 мүнөт өткөндөн кийин гана эрте мененки тамакты жесе болот. Тамактанып бүткөндөн кийин 2 саатка чейин эч нерсе жебей туруу керек.
Суу курсактын ачканын көп сездирбейт. Ошондуктан, акватерапияга кайрылгандар барган сайын тамакты да аз жеп калышат.