AUCA the best 2

2024-05-11

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

БААУнун Юридикалык клиникасы жарандарга акысыз жардам көрсөтөт

2003-жылдан бери иштеп келе жаткан Борбордук Азиядагы Америка университетинин Юридикалык клиникасы жарандарга укуктук жактан жардам берип келет: жарандык укук, эмгек укугу, үй-бүлө укугу, жер укугу, мурас укугу, ишкерлик жана администрациялык укук. Клиниканын ишмердүүлүгү БААУнун “Юриспруденция” факультети менен биргеликте калктын аялуу катмарына акысыз юридикалык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Кызматтар кайрылган жарандардан интервью алуу, кеңеш берүү, юридикалык документтерди даярдоо, кардарларды сот жана мамлекеттик органдарда коргоо аркылуу көрсөтүлөт. БААУнун Юридикалык клиникасы түрдүү категориядагы иштерди карап, чечүүдө чоң тажрыйбага ээ.

2011-жылы Юридикалык клиника Борбордук Азиядагы юрист-укук коргоочуларды даярдоого багытталган адам укуктарын коргоо долбооруна катышкан. Долбоордун алкагында клиника адам укуктарын коргоо багытында Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар менен иш алып барат.

Ошондой эле, 2019-жылы Тянь-Шань аналитикалык борбору жана Миграция боюнча эл аралык уюму менен биргеликте юридикалык клиниканын студенттери “Адам сатуу көйгөйү” долбооруна катышып, орто мектептердин окуучуларына тренинг өтүп, Кыргызстандын адам сатуу жөнүндөгү мыйзамдарын талдап чыгышты.  

Клиниканын студенттери Кыргызстандын юридикалык ассоциациясы тарабынан өткөрүлгөн түрдүү сынактарга катышып турат.

Бул курстун негизги максаттары:

  • заман талабына жооп берген кесипкөй адистерди даярдоо;
  • студенттерди кесиптин этикалык принциптерине ылайык тарбиялоо;
  • калктын аялуу катмарына юридикалык жардам көрсөтүү;
  • мониторинг жана документтештирүү багытында укуктук билимди жайылтуу (акыйкат соттук териштирүү укугу, аялдардын укугу).

Курстун ишмердүүлүгүнүн алкагында студенттер чыныгы кардарлар менен турмуштук кырдаалда иштей алышат.

Ошентип, курстун негизги тапшырмалары төмөнкүлөр:

  • студенттердин кесиптик жөндөмүн ачуу;
  • теориялык билимди практика менен бекемдөө;
  • калктын аялуу катмарына юридикалык жардам көрсөтүү;
  • студенттерди юридикалык этика жана кесиптик жоопкерчиликке үйрөтүү;
  • студенттерге клиниканын адам укуктарын мониторингдөө жана документтештирүү негиздерин үйрөтүү.

Клиника дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 12:00дөн 17:00гө чейин № C04 кеңсесинде иштейт. Кеңеш берүү – акысыз.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2