2024-12-14
Билим
Швейцариялык окумуштуулар пластиктен алтын жасашты
Швейцариялык окумуштуулар пластиктен алтын жасашты. Анын тыгыздыгы чыныгы алтындан 10 эсе аз болгону эле болбосо, химиялык касиеттери боюнча баалуу металлдан калышпайт.
Окумуштуулар жасаган алтын жерге пластмасса сыяктуу эле чекийт. Анын себеби, “жасалма” алтындын салмагы да бир топ аз. Уникалдуу материалды жасаш үчүн адистер полимердүү латекс, белок буласы жана алтын нанокристаллынын дисктерин колдонушкан.
Пластик материалды жылмалап, керектүү калыпка салууга мүмкүн. Пластикалык алтынды атом жана химиялык өнөр жайда, электроника жана жасалгаларды жасоодо колдонууну пландап жатышат.