2024-12-31
Билим
Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуу үчүн жеңилдетүү алуу шарттары
Сапаттуу жогорку билим – карьера жасоого бекем пайдубал болуп бере алат. Борбордук Азиядагы Америка университети гуманитардык багытта америкалык билим берүү салттарынын негизинде эл аралык, мультидисциплинардык билим берүү менен болочоктогу лидерлерди даярдайт. Окуу жайда теория менен практика эриш-аркак алып барылат. БААУ Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн гана эмес башка мамлекеттердин студенттердин эл аралык билим алышы үчүн да көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жеңилдетүүлөрдү да сунуштайт.
Окуу жай окууда өзгөчөлөнгөн студенттер үчүн төмөнкүдөй эки багытта жеңилдетүүлөрдү карайт: таланттуу жана мыкты академиялык көрсөткүчтөрү үчүн (мисалы: “Алтын сертификаттын” ээлери үчүн). Мындай учурда окуу толук бойдон акысыз жүргүзүлүшү да мүмкүн.
Андан сырткары, жеңилдик берүүдө студенттердин чыгармачылыгы, шыгы жана материалдык мүмкүнчүлүктөрү да эске алынат. Ошондой эле, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да өзүнчө жеңилдетүүлөр каралган. Анын баасы керектүү документтердин көрсөтмөсү менен гана аныкталат.
Учурда БААУнун 70% студенттери жеңилдетүү менен билим алышат.
Кимдер жеңилдик ала алат?
* БААУнун кайсы бир окуу багытына сунушталган абитуриент. Ал Кыргызстандын же КМШ өлкөлөрүнүн жараны болушу керек
* Full-timе макамына ээ болгон БААУнун студенти
БААУда окуу үчүн жеңилдетүү алууга кантип билдирме жиберүү керек?
- Арыз жазуу
- Англис тилинде “Жеңилдетүү мага канчалык зарыл” деген эссе жазуу
- Абитуриенттин материалдык жагдайын тастыктоочу атайын документтерди тапшыруу
*Документтер көрсөтүлгөн убактан кечиктирилбей тапшырылышы керек.
Кошумча маалымат:
Арыз бланкасын, керектүү документтер тизмесин жана тапшыруу мөөнөтү тууралуу маалыматты стипендиялар жана каржылык колдоо кеңсесинен же бул жерден көчүрүп алсаңыз болот: www.auca.kg/en/financial_aid/
Бул жерден 2020-жылга каралган жеңилдетүүлөр тууралуу толук маалымат ала аласыз.
Бардык маалыматтар окуу жайдын каржылык колдоо комитети тарабынан жашыруун колдонулат.
Эскерте кетсек, университетте жеңилдик алуу үчүн түрдүү сынактар да бар.