2025-07-30
Баткен облусун аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоору талкууланды

Кечээ, 30-октябрда КРнын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу (АКШ) өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда коронавирус 76 адамдан жаңы табылды, каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда 1-октябрга карата коронавирус дагы 76 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Сокулукта көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтөт

Чүйдүн Сокулук районунда көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Ошто Тоо театрларынын I республикалык фестивалы өтүүдө

Ошто Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай музыкалык драма театрынын 75 жылдыгына карата Тоо театрларынын I республикалык фестивалы өз ишин баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте ат спорту боюнча ачык чемпионат өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 2-3-октябрында "Күлүк" олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинде балдар, жаштар жана чоңдор арасында ат оюндарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Эртеңден тарта пенсия орточо 455 сомго жогорулайт

Кыргызстанда эртеңден тарта пенсия орточо эсеп менен 455 сомго жогорулап, анын орточо өлчөмү 6 миң 248 сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.
Баткенде Тажикстандан мыйзамсыз жүзүм ташып келе жаткан жарандар кармалды

Бүгүн, 29-сентябрда Баткен облусунда Тажикстандан мыйзамсыз жүзүм ташып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.