2025-01-10
Исмаил Матраимов фонду Баткен элине жардам жөнөтүүгө даяр
Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду Баткендеги абалга байланыштуу, гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр.
Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенге учуп кетти
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо үчүн бүгүн Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенге учуп кетти. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Бишкекте COVID-19га байланыштуу массалык иш-чараларга тыюу салынды
Бишкекте массалык иш-чараларга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирет.
Бул жылы Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү өтпөйт
Быйыл Бишкек шаарында «Өлбөс полк» жүрүшү өтпөйт. Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштуруучулардын бири Зульфира Хайбуллина Фейсбук баракчасына жазды.
Баткенде үч айылга өзгөчө абал киргизилип, эл коопсуз жайга көчүрүлдү
Баткен районунун Ак-Сай айылында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн «Баткен, сен жалгыз эмессиң» аталышындагы митинг өтөт
Бүгүн, 29-апрелде саат 14:00дө Өкмөт үйүнүн алдында «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, чек арага кайдыгер эмес жарандар митинг өткөрөт. Бул тууралуу жарандык активисттер социалдык тармактарга жарыялады.
Түркия жана Россияга кыргызстандыктарды мыйзамсыз жөнөтүп турган жеке агенттик аныкталды
Түркия жана Россияга кыргызстандыктарды мыйзамсыз жөнөтүп турган жеке агенттик аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.