Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 5-6-августунда Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барган иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирет.
Жапаров менен Мирзиёев кыргыз-өзбек өнөктөштүгүн талкуулашты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта, Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
УКМК: Коопсуздук комитети Масадыковдун берген кеңештерине муктаж эмес

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун ведомствонун дарегине айткан билдирүүсүнө комментарий берди.
Эрназар Акматалиев көңүл жубатуучу беттешке чыкпай турган болду

Токиодогу Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев (65 кг) көңул жубатуучу беттешке чыкпай калды.
Өзбекстандa мобилдик автобус-бала бакчалары иштей баштайт

Борбор калаа Ташкенттен башка Өзбекстандын бардык аймактарында 2021-2022-окуу жылында мобилдик топтордун базасында мектепке чейинки кызмат көрсөтүү системасы киргизилет.
Кыргызстан AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотту

Кыргызстан коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу 6-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Күздө Sinopharm жана Pfizer вакциналары келиши күтүлүүдө

Күздө Sinopharm жана Pfizer вакциналары келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдиргендигин коронавируска каршы Республикалык штаб маалымдады.






