AUCA the best 2

2024-05-18

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

САДЫР ЖАПАРОВ: “БИЗ — КЕН БАЙЛЫКТЫН ЭМЕС, АКЫЛ-ЭСТИН, БИЛИМДИН ЭСЕБИНЕН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ КУРАБЫЗ”

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров жаңырган жылды жаштар менен жолугушуудан баштады.

4-январь күнү Бишкек шаарында туруктуу, калыптанган жарандык позициялары бар, мамлекеттин коомдук-саясий турмушуна кайдыгер карабай, кайсы тармак болбосун изденүү менен активдүү иш жүргүзгөн жаштардын “Кыялымдагы келечек!” – деп аталган форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Жаштардын Кыргызстандын экономикасын, социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеген талапкер алгач форумдун катышуучулары менен саламдашты;

Ар дайым көкүрөгүндө оту, аң-сезиминде өлкөнүн кийинки тагдыры тууралуу асыл ойлор жашаган ардактуу, Жаштар!

Бүгүн, ушул залда мекенибиздин жаркын келечегин кура турган уул-кыздар, өлкөбүздүн алдыӊкы жаштары олтурасыӊар.

Сиздер менен жолугушуу мен үчүн чоң кубаныч!

Силердин жалындуу көзүңөрдү, жарык чачкан маңдайыңарды көргөндө, өлкөбүздүн келечеги кең экенине ишенем.

Кыргызстандын келечеги силерсиңер – жаштар!”

На изображении может находиться: один или несколько человек и люди на сцене

Ооба, Кыргызстанда активдүү, илим-билимге сугарылган, жаңылык жаратууга дилгир муун өсүп келе жатат. Жүздөгөн жаш мекендештерибиз жер жүзүндөгү эң алдыңкы окуу жайларынан билим алып, өздөрүнүн акылдуулугу, ойлоп табуулары менен дүйнө элдерин таң калтырып, ири ишканаларда иштеп жатышат. Саат санап өнүгүп жаткан жаңы технологиянын, IT тармагынын агымы менен тең агып, бар күчүн билим алууга жумшап, изденүүнүн үстүндө жүргөн жаштарыбыздын бул кадамы биздин күнөстүү Кыргызстаныбыздын келечегинин кенендигинен кабар берет. Ата-бабаларыбыз канын азык, каруусун казык кылып, керек кезде башын канжыгага байлап жүрүп коргоп калган кыргыз мамлекетинин, жеринин, элинин кийинки ээси мына ушул билимдүү жаштарыбыздын колунда экени эч талашсыз. Садыр Жапаров бул жаатта жаштарга төмөндөгүдөй кайрылуу жолдоду;

“Дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларда билим алып, мыкты адистикке ээ болуп, өлкөбүздүн бардык тармактарында, эл аралык ири компанияларда ийгиликтүү иштеп жаткан жаштарыбыз көбөйүүдө.

Азыр мамлекеттин дүйнөлүк картадагы ордун аныктоодо өлкөнүн интеллектуалдык ресурсу, калкынын ден соолугунун мыктылыгы, башкача айтканда, адам капиталынын сапаты биринчи орунга чыкты.Биздин келечегибиз, мамлекетибиздин келечеги силер сыяктуу ден соолугу чың, чыныгы каарман, мээнеткеч жана мекенчил жаштар менен байланышкан. Келечекте мамлекетибиз башкалардан артта калбай, дүйнө коомчулугунун алдыӊкы сабында болушу үчүн эң башкы роль, билимдүү жана кесипкөй жаштарга таандык болот. “Билимдүүгө дүйнө – жарык” деген нуска сөз бекер айтылган эмес. Силер, жаштар, канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн ошончо жарык, ошончолук жолуңар ачык болот. Биз — кен байлыктын эмес, акыл-эстин, билимдин эсебинен жаркын келечегибизди курабыз!” – деди.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон отуз жыл аралыгында жаштарыбызды айрым саясатчылар куралга айлантып, өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланууну көздөп келишти. Бирок көкүрөгүндө намысы кайнаган жаштар мындай нерсеге жол бербей адилетсиздикке каршы туруп, Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна да активдүү аралашып, жарандык милдетин так аткарышты. Мунун натыйжасы, өлкөдөгү максатсыз кадамдардын, мыйзамсыз иштердин алдына бөгөт боло алгандыгында. Өкүнүчтүүсү мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн күрөшкөн айрым жаштарыбыз өздөрү кыялданган күндү көрбөстөн өмүрлөрүн курмандыкка чалганын, бирок алардын эмгегин, жаркын элесин кыргыз эли эч качан унутпай турганын да баса белгиледи.

На изображении может находиться: 27 человек, в том числе Бакыт Бейшенбеков, Эльдар Шабданов, Айнура Аваданова, Nursultan Kubanov и Талантбек Сулайманович Эргешов, люди стоят

Өздөрүнүн дилгирлиги, бай идеялары, умтулуусу менен алга озуп чыгып, бир катар мектептерди ачкан, туризм жаатында активдүү иш жүргүзгөн жаш ишкерлер өздөрүнүн тажырыйбасын жана алдыдагы аткара турган мастждабдуу иштери менен катышуучуларды тааныштырышты. Андан соң талапкер менен форумдун катышуучуларынын ортосунда пикир алмашуу орун алды. Форумдун катышуучулары өздөрүнүн суроолорун, сунуштарын айтууга шарт түзүлдү. Суроолордун басымдуу бөлүгү кадр саясаты, миграция, турак-жай жаатында болду. Ар бир суроого токтолуп, кенен жооп берген Садыр Жапаров элдин колдоосуна ээ болуп, жеңишке жетишсе эң биринчи кадамы жаштар саясатын колго алаарын билдирди. Өлкө аймагындагы жана сыртка чыгып кеткен билимдүү, идеяга бай жаштарды кайра Кыргызстанга алып келип ачык сынак жарыялап, андан өткөн өкүлдөрдү жооптуу мамлекеттик кызматтарга дайындоого, алардын билиминин жардамы менен өлкөнү саясий, экономикалык, руханий кризистен чыгарууга аракет көрөөрүн кошумчалады.

Аталаган форумга жалпысынан 240 өкүл, андан тышкары Россия, Түркия, Түштүк Корея өлкөсүндө окуп жана эмгектенип жүргөн мигрант жаштар on-line түрүндө катышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

На изображении может находиться: один или несколько человек, люди танцуют, люди на сцене, толпа и в помещении

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2