2024-12-23
Ош шаарында 500 орундуу мектептин кошумча имараты ачылды
Бүгүн, 22-декабрда Ош шаарындагы №7 Нариман атындагы мектеп-гимназиясынын 500 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушу ишке берилип, кызыл тасмасы кесилди.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар тургундары жана билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдер катышты.
Талант Мамытов сөз сүйлөп, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди. Аталган мектеп коррупция менен күрөшүүдө атайын ачылган эсепке түшкөн акча каражатынын эсебинен каржыланган.
Бирдиктүү депозиттик эсептен курулуп жаткан окуу корпусу 3 кабаттан, 24 окуу класстан турат. Андан сырткары ашкана, эмгек каанасы, медкабинети, мугалимдер кааналары, китепкана жана окуу залы камтылган.