AUCA the best 2

2025-11-08

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Белгилүү журналист, жазуучу Жаркын Темирбаева дүйнө салды

Кыргыз маданияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. Белгилүү журналист жана жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Темирбаева Жаркын Суран кызы 2021-жылдын 3-апрелинде 66 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

fb_img_1617502762348.730x0.jpg

Жаркын Темирбаева 1955-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Тоо-Дыйкан айылында туулган.

Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) кыргыз филологиясы факультетинде журналистика адистиги боюнча билим алган.

Журналисттик эмгек жолун Өзгөн райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган.

Ж.Темирбаева 1990-жылдардан тарта “Азаттык” радиосунда эмгектенип, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен журналист катары калыптанган.

Ж.Темирбаеванын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана "Азаттыктын" ардагери Азамат Алтай менен маектери сыяктуу "Азаттык" обого чыгарган көөнөргүс маалыматтары эл эсинде калды.

Кийинчерээк Ж.Темирбаева "Зындан" аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу тарыхий эскерүүлөрдү жазган. "Жаныбек казы", "Ай ыйлаган түн" чыгармалары окурмандардын арзуусуна ээ болгон.

Чебер калемгердин эмгеги жогору бааланып, 2010-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы ыйгарылган. 2013-жылы "Азамат Алтай" эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган.

Чыгаан журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаеванын жаркын элеси элибиздин эсинде бекем сакталат. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

У. А. Марипов, А.Э.Новиков, У. Т. Кармышаков, Ж. А. Асанкулов, К. О. Иманалиев, А. Койчиев, Г. Байтерек, Н. Асканова, Т. Камчыбекова, В. Жуматаева, А. Касымалиева, Ш. Дүйшеев, М.Мамазаирова, С. Раев, К. Кулуев, Т. Чоротегин, Н. Идинов, К. Молдокасымов, К. Оторбаев, Ф. Абдалова ж.б.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2