2025-05-20
Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрда, ар кыл тармактын өкүлдөрүнө, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына белгиленип, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болду.
Казакбаев Хорватиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

2021-жылдын 21-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватиянын тышкы жана европа иштери боюнча министри Гордан Грлич Радман менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.
«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолун Кытай компаниясы салат

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кытайдын «№3 темир жол инженердик корпорациясы» ЖЧКсы менен кызматташтык келишимин түздү.
Кыргыз-өзбек ишкер айымдары 10,3 млн долларлык келишим түзүштү

Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форумунун жыйынтыгында 10,3 млн долларлык келишим түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева форумдун расмий жабылышында билдирди.
Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Ош облусунун аймагында 21-сентябрда саат 22:54тө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Ички иштер министрлигинде эл аралык эксперттер менен жолугушуу болуп өттү

2021-жылдын 20-сентябрында Ички иштер министрлигинин имаратында ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетовдун эл аралык эксперт Данил Барбу жана Данил Анатолийлер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.