2025-07-09
Бүгүнкү күндө 456,5 миң жаран Мамлекеттик жөлөкпул алат

2021-жылдын 2-февралына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 456,5 миң адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Финансы полициясын жоюу боюнча ликвидациялык комиссия түзүлдү

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясы) жоюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлай.
Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Бакытбек Нарбеков Талас облусуна жетекчи болуп дайындалды

Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Бишкекте эки күндө 45 мас айдоочу кармалды

Бишкек шаарынын аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында, ошондой эле 8-март күнүнө карата тартип бузуулардын алдын алуу максатында 6-7-март күндөрү атайын профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Баткен облусунун аймагынан аткезчилик жүктөр кармалды

Үстүбүздөгү жылы 6-8-март аралыгында Баткен облусунда Тажикстандан ташылып келе жаткан аткезчилик жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.