2024-12-24
Түрмөк
ИИМ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ГЕРБИ БҮГҮН 27 ЖАШКА ТОЛДУ
27 жыл мурда 1994-жылы 14-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн токтому менен көз карандысыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгиси-Мамлекеттик герби кабыл алынган. Герб кандайча түзүлгөн жана кабыл алынган?
Гербдин авторлорунун бири – отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев мамлекеттик белгинин түзүлүшү жана кабыл алынышы тууралуу айтып берди.
Көптөгөн жарандардын оюна “Кантип милиционер көркөм чыгарма тартышы мүмкүн?” деген ой келет. Албетте, мен чыныгы дасыккан сүрөтчү эмесмин, сүрөтчүсү Нарын балдар сүрөт мектебинин директору Асейин Абдраев болгон. Мен өзүмдүн эмгегим катары мамлекеттик белгини түзүүнү демилгелегенимди эсептейм, сүрөтчүнү чыгармачылыкка үгүттөп, ал тараптан түзүлгөн эскиздик долбоорду оңдоп жана өзгөртүүлөрдү киргизип, сүрөтчүнү идеялар менен дем берип, өз убагында Парламенттин депутаттарына жана конкурстук коммиссияга барып, алардын ой-пикирин угуп, алардын идеяларын сүрөтчүгө жеткирип жүргөм. Биздин бирдиктүү ишибиздин натыйжасында гана биз күткөн жыйынтыктарга жеттик деп ойлойм.
Нарын шаарынын балдар сүрөт мектебинин сүрөтчүсү менен танышуубуздун тарыхы азыр раматылык А. Абдраев менен 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин белгисин түзүү учурунан башталган.
Ошол учурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-майору М. Молдашев сынак боюнча буйрук чыгарып, түзүмдүк белгини иштеп чыгууга активдүү катышуу боюнча облустук жана райондук ички иштер органдарынын башчыларына тапшырган. Мен тараптан Нарын ОИИБдин өздүк курамына ИИМдин эмблемасын түзүү боюнча сынакка катышууга сүрөтчүнү табуу тууралуу тапшырма берилген. Ошондо ИИБдин эксперттик-криминалисттик бөлүмдүн башчысы, милициянын подполковниги М. Жанузаков А. Абдраев аттуу сүрөтчүнү алып келген. Тилекке каршы, же бактылуулук болушу мүмкүн биз тараптан түзүлгөн ИИМдин түзүмдүк белгисинин эскизи сынакттык тандоодо экинчи орунду ээлеп, ИИМдин буйругу менен сүрөтчү акчалай сыйлык менен сыйланган.
Мамлекеттик белгини түзүү сынагын жарыялоо учурунда мен бир убакта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Акмоюн округунун атынан “Легендарлуу парламенттин” депутаты болчумун. Ошондуктан мен тарыхый иште нарындыктар дагы активдүү катышуу керек деп эсептегем. Сүрөтчү Асейин Абдраевди өзүмдүн кабинетиме чакырып, Мамлекеттик гербди түзүү сынагына катышуусун сунуштасам, ал буга күмөн ойлорун айтып, “Республикада белгилүү сүрөтчүлөр бар болсо, биз алар менен күч сынаша алмак белек”-деп жооп берип койгон. Мен болсо өжөрлүгүмдүн айынан аны сынакка катышууга макулдугун алгам. Гербди түзүүгө толугу менен эки жыл кеткен.
Мамлекеттик герб боюнча комиссияга “Легендарлуу парламенттин” 21 депутаты кирип, төрагасы белгилүү жазуучу Казат Акматов болгон. Туубуз Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта, ал эми гербти талкулоо 2 жылга созулуп, 1994-жылы 14-январда кабыл алынган.
Республикадан жалпысынан 2 234 гербдин эскизи келген. Конкурстук тандоо Г. Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде өтүп, баардык эскиздер жалпы сыноо үчүн илинген. Карапайым адамдар өздөрүнүн жазуу түрүндөгү сунуштарын калтырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Белгилеп кетүү керек, “Нур-19” аталышы менен биздин эскиз бир нече сынактык турдан өтүү менен көптөгөн жакшы сунуштарды алган. Ошондуктан конкурстук комиссия 5 эскиздин ичинен биздин эскизди тандап алган.
Биз тараптан иштелип чыккан эскиздер “Нур” аталышындагы девиз менен жүргөн, анткени ошол учурда Нарын облусунун автоунаа каражаттарынын номурлары “Нур” жазуусу менен болгондуктан, биз өзүбүздүн долбоорду ушундай атоону чечкенбиз.
Жалпысынан биз тараптан гербдин 53 эскизи түзүлгөн. Башында мага гербди түзүү боюнча кандай гана ойлор келген жок, сүрөтчү дагы канчасын тартты.
Биз А. Абдраев менен геральдика боюнча баардык китептерди окудук, башка өлкөлөрдүн символдорун изилдедик. Баардык талкууланган ойлорду сүрөтчү кагазга түшүргөн. Башында негизги көркөм компонент катары бүркүт болчу. Колунда найза кармаган бүркүт. Боз үйдүн түндүгүн же көөкөр (кымыз үчүн териден жасалган буюм) кармаган бүркүт.
Булардын баары биз тараптан кайра жокко чыгарылып, Ат-Башы жана Кочкор районунун аксакалдары эскиздик долбоорду көрүп, түндүк гербдин композициясынын астыңкы бөлүгүндө болбошу керектигин байкашып, аны үстүнө жайгаштыруу керектигин билдиришип, эл арасында “түндүгүң түшкүр” деген урушуу сөзү бар экендигин, ал эми бүркүт менен найза биздин композицияга агрессияны берээрин айтышкан.
Тынчтыкты сүйгөн бүркүттү тартууга аракет кылуу менен биз ак шумкарды тартууну чечкенбиз. Өзүбүз ойлонбостон эле “Легендарлуу Манас атанын Ак-шумкарын” тартканыбызды кийин түшүнгөнбүз. Шумкардын артында улуу тоолорубуз “Ала-Тоо” тартылган, көлдүн жээгинде өскөнүмө байланыштуу сүрөттө Ысык-Көлдү тартууну айткам.
Сүрөтчү эскизде ар убак “Кыргызстан” жазууну тарта бергендиктен 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны көрсөтүп, “Кыргыз Республикасы” жазуусуна өзгөртүүгө Асейин макул болгон.
1992-жылы бир нече олуттуу эскиздердин долбоорлору иштелип чыгып, “Легендарлуу парламенттин” депутаттарына сыноого алып барган учурда сүрөттө Манастын шумкарын көрүшүп, таң калышкан. Алар бир гана тоолордун үстүндөгү мусулмандардын белгилерин жактырган эмес жана кыргыз гербинде биздин жерди жылыта турган тоодон чыгып келе жаткан алтын желелүү күндү көргүлөрү келип, тартылган тоолор менен көл сынга кабылып, тоолор жасалма болгондой көрүнүп калгандыгын жана айсбергге окшоштугун, ал эми көлдүн түсү биздин көлгө окшошпой калдыгын билдиришкен.
Сапардан келген соң менен депутаттардын ой-пикирин айтып, бир эскиздин долбооруна токтолуп, ошол боюнча иштемей болгонбуз. Биз иштелип чыккан эскиздерди көп кишилерге көрсөтүп, алардын сын-пикирлерин угуп, идеяларын топтоого аракет кылганбыз. Эскиздер А. Абдраев жетектеген сүрөт мектебинин жамаатына, мен башкарган облустук ИИБдин кызматкерлеринин сынына койгонбуз. Мен эскиздерди ИИМдин коллегиясына дагы талкууга коюп, ошол учурдагы генералдар Бубель Г.Я. өз сунуштарын беришкен. Эскиздер “Легендарлуу парламенттин” депутаттары дагы бир нече жолу талкуулашкан. Гербдин эскизи боюнча Нарын облусунун калкынын ой-пикирин изилдөөгө КТРКнын Нарын телестудиясынын кабарчысы, белгилүү журналист Бөлөкбай Шеримбековдун жардамы тийген.
Күндөрдүн биринде комиссия финалга чыккан гербдин 5 эскизин Ак үйдүн залына коюп, мен тарапка “Легендарлуу парламенттин” сыйлуу депутаттарынан Ош облусу боюнча өкүлдөрүнөн Айкөкүл Мырзаканова, Азим Карашев, Эркинбай Кочкоров жана башкалардан сын-пикирлерди уккам. Алардын оюу боюнча эскизде республиканын түштүгүнүн колорити көрсөтүлгөн эмес. Бул боюнча сүрөтчү экөөбүз ойлонуп, депутаттар белгилегендей, Кыргыз ССРнин гербинде пахта менен буудай тартылгандыгын эске алуу менен республиканын түштүк аймагын көрсөткөн пахтаны тартууну чечкенбиз. Үй-бүлөө мүчөлөрүнүн тегерегинде талкууга коюлуп, кемчиликтерди оңдогондой кийин “Нур-19” варианты беш мыктылардын ичинде комиссия тарабынан бекитилип, парламенттин 350 депутатынан 284 добуш менен жеңип чыккан...
Гербдин авторлору Асейин Абдраев менен Садырбек Дубанаев экөөбүз гана эмеспиз. Гербдин авторлору деп Кыргызстандын бүт элин атасак болот.
Раматылык сүрөтчү Асейин Абдраев менен мени көп жылдык достук байланыштырып, менин урматыма 1994-жылы төрөлгөн баласына Нурген аттуу ысым коюп, “НУР” белгиси менен Жогорку кеңештин сунушу менен Президент тарабынан ыйгарылган жогорку генералдык наамдан кыскартылган “ГЕН” ди кошкон.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербде канатын жайган Манас атабыздын ак шумкарынын сүрөтүнөн, Ысык-Көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн турат.
Герб 4 негизги элементтен турат-Ала-Тоо, Ысык-Көл, Ак-Шумкар жана буудай менен пахтанын сабы менен башынан турат...
Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына Кыргыз Республикасынын Гербинде кандай сүрөттөр тартылган деген суроо берилип, тилекке каршы алардын ичинен көбү адашып Манас атанын Ак шумкарын-бүркүт деп алмаштырып алышкан. Көп адамдар “биздин бүркүт арык деп айтышат”, бирок гербде бүркүт эмес шумкар тартылганын унутуп калышкан.
Мамлекеттик белгилердин авторлору, жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү менен жакындары бул биздин кыргыз элибизге болгон белегибиз деп мамлекеттик белгилерди түзүүгө катыштыгы бардыгына сыймыктанышат. Учурду пайдаланып, биздин элибизге жана ИИМдин кызматкерлерине бейкуттукту, өнүгүүнү жана ден соолукту каалайм. Биздин туубуз, гербибиз, гимнибиз республиканын жана чет жакта жүргөн жарандардын жан дүйнөсүн жылытсын. Биздин жаштардын мекенчилдик сезими күчөп, адеп-ахлагы бекемдесин!
ИИМдин Басма сөз кызматы