2024-12-23
Түрмөк
Чыңгыз Шамшиев: Физика жана математиканы тереңдетип окуткан мектептерди көбөйтүү керек
Интеллектуалдык ресурс, санариптик экономиканын эң маанилүү компоненти болуп саналат. Анын сапаттуу калыптанышы үчүн негизги жоопкерчилик билим берүү системасына жүктөлгөн. Билим берүү тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттин ролу кандай? Ушул жана башка көптөгөн темалардын айланасында Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, БААУнун Инновациялык колледжинин башкы директору, Франциянын экономика илимдеринин доктору, профессор Чыңгыз Шамшиев кеп кылды. (3-БӨЛҮК)
МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ЖЕТИШТҮҮ КӨҢҮЛ БУРУЛБАГАНЫ ҮЧҮН БУЛ ТАРМАК АКСАП КЕЛҮҮДӨ
Мамлекет тарабынан билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурулбагандыктан, бул тармакка каражат бөлүнбөйт. Буга бюджеттеги дефициттин тиешеси жок. Кыргызстанда билим берүү жана илим - социалдык блоктун приоритетинен алыс тармактардын бири катары каралып келүүдө. Билим берүүгө көңүл бурулуп жатат да дейли, бирок илим жөнүндө такыр сөз жок. ЖОЖдордогу окутуучулардын изилдөө иштерисиз сапаттуу билим берүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө мугалимдердин мурдагыдай лекция окуусунун эч кандай мааниси жок, анткени студент интернеттен каалаган маалыматты таба алат. Студенттерди маалыматты чогултууга жана туура анализдөөгө, маселелерди түзүүгө, алардын чечимдерин табууга жана далилдөөгө, тестирлөөгө жана ишке ашырууга үйрөтүү керек.
Билим берүү изилдөө процесси түрүндө уюштурулуп, ал үчүн мугалимдердин өздөрү илим менен алектениши керек. Билим берүү кызматтарын экспорттоодогу артыкчылыктарга токтолсок, Кыргызстандагы бир нече ЖОЖдор, айрыкча медициналык университеттер муну өз алдынча ийгиликтүү ишке ашырып келе жатышат. Индиядан жана Пакистандан келген 9000ге жакын студент биздин өлкөдө билим алышат. Бул ийгиликти дагы да бекемдеш керек.
Мамлекетибиздеги мунай жана газдын ири запастарынын жоктугу өлкөдөгү кичи жана чакан бизнестин өнүгүшүнө түрткү болду. Бул биздин калкты ийкемдүү, чыгармачыл кылып, ар дайым өзгөрүп турган шарттарга оңой ыңгайлашып кетүүгө үйрөттү. Бул биздин атаандаштыктагы артыкчылыктуу жактарыбыз болуп саналат.
МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН ЖАНА ИЙКЕМДҮҮЛҮГҮН САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРГА БАГЫТТОО БОЮНЧА
Бизде IT - индустриясында жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, биз алгач программалоо менен математиканын ажырагыс байланышын түшүнүшүбүз керек. Математиканы мектепке чейинки мекемелерде окутууну баштоо керек. Физика жана математиканы тереңдетип окуткан, адистештирилген мектептердин санын көбөйтүп, сапатын жакшыртуу керек. Ошондой эле колдонмо математиканы өнүктүрүү керек. Себеби, колдонмо математиканын ролу экономиканын бардык тармактарында өсө берет.
МЫКТЫ АДИСТЕРДИН ЧЕТКЕ ЧЫГЫП КЕТҮҮСҮ БОЮНЧА
Өз тармагын мыкты билген адистердин четке чыгып кетүүсү - бул чоң көйгөй. Бирок биз адамдардын кетишине тыюу сала албайбыз. Болгону мыкты бүтүрүүчүлөрдүн кеминде жарымынын өлкөдө калышына шарттарды түзүү керек. Андан көбүнүн өлкөдө алып калууга негиз жок. Анткени, чет элден тажрыйба алуу дагы маанилүү. Чет жака чыгып кеткен жарандар бир нече жылдан кийин кайтып келсе же мекен менен байланыштарын күчөтсө, ал өлкө үчүн пайдалуу болот. Чет өлкөлүк адистерди кабыл алуу, тажрыйба алмашуу үчүн да маанилүү.
Чыңгыз Шамшиев,
Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, БААУнун Инновациялык колледжинин башкы директору, Франциянын экономика илимдеринин доктору, профессор.