2024-11-01
Түрмөк
Арадан эки кылым өтсө дагы, Көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары
Кыргыз ырчылар поэзиясынын ичинен мейли пенделик, мейли чыгармачылык жагынан болсун өзгөчө тагдырга ээ адам деп Молдо Ниязды айтсак эч жаңылышпаган болор элек.
Эгерде башка төкмөлөрүбүз, жазгыч акындарыбыз жөнүндө ошол өткөн жетимиш жылдык тоталитардык режимдин мезгилинде дале маал-маалы менен ар кандай деңгээлде (изилдөө иретинде иликтөөлөрдө, каралама сындарда, партиялык өкүмчүл документтерде) сөз боло калып келсе, кат-сабаты мыктылап жоюлган, өз ырларын өзү аздектеп кагазга түшүрүп, ал турсун мезгил сыноосуна туруштук бере ала тургандай кайдаасын келтире мукабалап колкитеп кылып эл арасына таратып жүргөн Молдо Нияз жөнүндө даңазалуу окумуштуубуз Болот Муратаалы уулу Юнусалиевдин көзгө сүртүм бир макаласынан бөлөк ныпым кеп болбоптур.
«Алтынды дарт баспайт» дегендей мына эми карт тарых өз мыйзамына ылайык ар кимди өз ордуна коюуда.
Соңку он чакты жылдын (1986 – 1994) ичинде Молдо Нияздын өмүр таржымалы менен чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү жөнүндө бир катар макалалар, маалыматтар жарыяланды. Ал эми 1993-жылы кеч күздө атпай журтубуз атактуу ырчынын туулган күнүнүн 170 жылдык мааракесин жалпы элдик чоң маданий, адабий салтанат катары белгилешти.
“Калем менен жазганды балталап да жок кыла албайсың”-делет эл макалында. Бул акыйкат сөздүн Молдо Нияздын кол жазмаларына да тиешеси бар. Анын “Санаттары” XIX кылымдын орто ченинен жазыла баштаганы белгилүү. Андан нарылаганда Молдо Сайпидин Аксикентинин “Мажму ат-таварих” (1503), дагы түпкүрлөгөндө түрк элдеринин орток мурастары болгон Барскандык-Кашкарлык Махмуддун “Дивану лугати-т түрк” (“Түркий тилдер сөз жыйнагынын”, 1072), Жусуп Баласагундун “Кутатгу билиг”(1069), Орхон, Енисей жазмалары (V-VIII кылым) түбөлүктүү монументтей терең тамырлап турат.
Окурмандардын назарына Омор Сооронов жана Садык Алахандын Молдо Нияз боюнча жазылган эмгектерин сунуштайбыз.
Омор Соороновдун эмгеги: Омор Сооронов - Молдо Нияз
Садык Алахандын эмгеги: Садык Алахан - Молдо Нияз