AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

УЛАН САЛАМАТОВ: Согушта жүргөндөй болдум

Кыргызстандагы эпидкырдаал канчалык курч болгонун билгиңиз келсе, жеке ишкер, ыктыярчы Улан Саламатовдун интервьюсун окуңуз.

 

- Пандемиядагы ыктыярчылык ишиңиз жөнүндө айтып берсеңиз...

- Пандемия күч алып жатканда досум чалып калды. Барсам, дене табы көтөрүлүп катуу ооруп жатыптыр. Дароо тез жардамга чалдым. Келбеди. Кайра-кайра чалып отуруп, 4 саат дегенде араң келди. Тез жардамдын дарыгерлери да бутуна тура албай калганча чарчап калышкан экен. Досумду алып барып, ийне сайдырып, өпкөсүн рентгенге тарттырдык. Өпкөсү сезгенген деген диагноз коюлду. Аны ооруканага жаткырып жүрдүм. Бейтаптар көбөйүп, палаталар толуп кетиптир. Дарыгерлер менен медайымдар эмне кыларын билбей, эки жакка чуркап жүрүшөт. Кырдаалды изилдеп көрөйүн деп башка бейтапканаларга да барып көрдүм. Бардык ооруканаларда дүрбөлөң. Биздин жардамыбыз керектигин сезип, башка досума чалдым. Ошол түнү эле Ысык-Көлдөн керебеттерди алып келүүгө буюртма берип койдук. Обсервация ачууга аракеттерди баштадык. Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок алар жактан уруксат берилгенче эле бир топ убакыт өтүп кетти. Башка обсервацияларды кыдырып, карап жүрөбүз.

Бир күнү өзүмдүн тайэжем ооруп калды. Ошол кезде Интергельпо көчөсүндө обсервация ачылып, ошол жакка бардык. Ал жерде да абал начар экен. Мен коргоочу костюмдарды кийип алганым үчүн бейтаптар улам мага кайрылып жатышты. Дарыгерлер өздөрү дүрбөлөңгө түшкөн. Палатага кирсек, өлгөн кишилердин денелери жатыптыр. Аларды алып кеткен эч ким жок. Биринчи күнү эле 17 адам көз жумуптур. “Маркумдардын денесин алып кеткиле, жардам бергиле”, - деп Саламаттык сактоо министрлигине чалдым. Өлүк ташыган автоунаа келди. Айдоочусу ошол эле күнү табытканага элүүдөн ашык өлүк жеткиргенин айтты. Мындай машиналар көп эле экен. Демек, өлүм көп болуп жаткан. Дарыгерлер канчалык аракет кылбасын бейтаптар каза болуп калып жатты. “Эмне болуп жатат?”, - деп тайэжем экөөбүз изилдей баштадык.  Бардык белгилер тэла оорусун көрсөтүп жатты. Изденип отуруп, бул белгилерге каршы Гепарин дарысын колдоно баштадык. Ушул дарыны куюп баштагандан кийин кишилер өлбөй калышты. Ага чейин обсервацияга алып келери менен көгөрүп эле каза болуп жаткан балдар да болду. Гепарин сайганда кадимкидей жүзүнө кан жүгүрүп, өзүнө келе башташты. Эртеси күнү бир да адам өлгөн жок. Биз башкаларга дагы Гепарин сайгыла, суюктукту көп ичкиле деп айта баштадык. Медицина кызматкерлери отурганга отургучтары жок экен. Дароо буюртма менен отургуч жеткирип келдик. Дары-дармектин тартыштыгы абдан курчуп кетти. “Биргеликте жардам берели, колдон келген көмөктү көрсөтөлү”, - деп социалдык баракчама чыгара баштадым. Мунун натыйжасы да жакшы болду. Бирок, коронавирустун өзү менен кантип күрөшүүнү билбей жаттык. Тайэжем өзү обсервацияга ооруп түшкөн, ал жердеги кырдаалды көрүп өзүн унутуп калып башкаларга жардам берип жүрдү. Өзү дарыгер болчу. Бул илдет канды коюлтуп, өпкөнү жеп салат экен. Дарыгерлер чогулуп алып, ар кандай тажрыйбаларды жана ыкмаларды изилдей баштадык. Өзүм дарыгер эмесмин, бирок абал өтө оор болчу. Аралашпай тура албадым. Эл аралык тажрыйбаларды карасак, бактерияларга каршы препараттар бар экен. Натыйжалууларын колдоно баштадык. Мен бир дарыгерди жаныма алып, мобилдик бригада түзүп алдым. Обсервациядагы абалды жөнгө салып коюп, ооруканага жете албай жаткандарды үймө-үй кыдырып жеткирип жүрдүк. Бир суткада 2 саат гана уктап калдык. Ушунча кишинин өлгөнүн көргөн адам уктай да албайт экен. Согушта жүргөндөй эле болдум. Тамак да жебептирбиз. Бейтаптарга дарыгерлер дары жазат, биз издейбиз. Каражаты барлар сатып алып жатышты, акчасы жокторго акысыз тараттык.

Ортодон өзүм да ооруп калдым. Дарыгер автоунаада асма укол сайып коюп, бейтаптарды көрүүгө кирип кетишет. Ошентип эле дарыланып жүрдүм. Андан соң, Ысык-Көлдөн чалып калышты. Абал оорлошуп кеткен экен. Түнү менен бейтаптарды дарылап жүрүп, уктабай туруп Ысык-Көлгө чыгып кеттик. Таң атпай ал жактагы дарыгерлерге кеңеш берип, аз болсо да тажрыйбабыз менен бөлүштүк. Биздин ыкмабыз менен адамдар тез айыга баштады. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө 4 киши көз жумуптур. Биз келгенден кийин бир да өлүм болгон жок. Ал жактагы абалды жөнгө салып, дарыгерлерге текшерилген ыкманы үйрөтүп коюп, колдо бар дарыларды калтырып Караколго чыгып кеттик. Караколдун активдүү жаштары штаб ачышыптыр. Биз берген кеңешибиз менен алар да мобилдик бригада түзүп, шаарды кыдырып элине жардам берип жүрүштү. Кийин Балыкчыга келдик. Жергиликтүү жаштар абдан активдүү экен. Биздин сунуш менен 4 мобилдик бригада түзө калышып, көп адамдардын өмүрүн сактап калышты. Эки обсервация ачышты. Чолпон-Атада аким менен бирге чуркап жүрдүк. Ал жакта абал оорлошуп бараткан. Чолпон-Атада туруп, Кыргызстандын бардык аймактарына дары-дармек жиберип жаттым. Социалдык тармактардан кайрылуулар келет, мен дарыны таксиге салып жиберем. Бир эле даанадан. Ошентип, жан сактап жаттык. Бүт активисттер чогулуп Ысык-Көл координациялык тобун ачтык. Топко акимдер, айыл өкмөт башчылары, ыктыярчылар, активисттер кошулду. Иш шыр жүрүп кетти. Азыр баары жакшы, обсервациялар жабылды. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевди топко кошуп алып, экинчи толкунга толук дапдаяр турабыз.

- Бул согушта сиздердин негизги куралыңыздар эмне болду?

- Туура дарылоо. Биздин эң натыйжалуу ыкмабыз, куралыбыз – туура дары-дармекти колдонуу болду. Менин артымда абдан көп кишилер бар. Ошол адамдардын жардамы, көмөгү менен канча өмүрлөрдү сактап калдык. Биздин биримдигибиз да чоң күч болуп берди. Учурдан пайдаланып, жанымда жардам берип жүргөн баатырларга ыраазычылыгымды билдирем.

- Пандемиядан кандай сабак алдыңыз?

- Оору адамдын байлыгына да, аброюна да карабайт. Бул элдин башына тегиз түшкөн мүшкүл иш болду. Бул апаат ден соолук зор байлык экенин үйрөттү. Күнүмдүк жашоодо биз маани бербей жүргөн майда-чүйдө нерселердин канчалык кымбат экенин аңдатты. Жакындарыбыз, үй-бүлөбүз, элибиздин аманчылыгы өзү бакыт экенин түшүндүк. Пандемиядан кийин көп кишилердин жашоого болгон көз карашы өзгөрдү деп ишенем.

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2