AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

ТАЛАНТБЕК СООРОНБАЕВ: Чет элдик дарыгерлер Кыргызстандын коронавирусту дарылоо протоколуна жакшы баа беришти

Коронавирусту дарылоо протоколун иштеп чыгууда жетекчилик кылып, анын ишин координациялаган, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун Пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн жетекчиси, КРдин пульмонологдор ассоциациясынын президенти, КРдин Премьер-министринин алдындагы илим боюнча кеңешинин президиумунун мүчөсү, Европа респиратордук коомунун, Америкалык торакалдык коомунун, Азия-Тынч океан респиратордук коомунун мүчөсү, ошондой эле көптөгөн эл аралык журнал жана коомдордун мүчөсү Талантбек Сооронбаев менен маектештик.

- Пандемия башталганы сизге кандай жоопкерчилик жүктөлдү?

- Кытай жана Европа өлкөлөрүндө коронавирус илдети жайылып жатканда көз салып, ошол өлкөдөгү кесиптештерибиз дарылоонун кандай жолун колдонуп жатканына көңүл буруп, басылып чыккан маалыматтарды тынбай окуп жаттык. Андан көп убакыт өтпөй эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму таажы вирусу пандемиясын жарыялады. Кыргызстанга илдет али келе элек учурда эле Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмасы менен алгачкы убактылуу дарылоо протоколунун үстүндө иштеп баштадык. Кыргызстандын алдыңкы кесипкөй дарыгерлери, өз ишин жакшы билген адистерден турган көп тармактуу иш тобу түзүлүп, мага башкаруу жана координациялоо милдети жүктөлдү. Коңшу Кытай жана башка мамлекеттердин тажрыйбасын изилдеп көрүп, натыйжалуу дарылоо ыкмаларынын негизинде кыска убакыттын ичинде биринчи дарылоо кеңешмесин даярдадык. Бул кеңешме Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилди. Бул абдан маанилүү иш болду, анткени биздин дарыгерлер жана дарылоо мекемелер жаңы ооруну аныктап, түшүнүп, аны сапаттуу дарылоого даяр болушу керек эле. Ошондуктан, бул жеке менин жана кесиптештеримдин чоң жоопкерчилиги болду. Андан кийинки кадам – Кыргызстандын бардык аймактарындагы дарыгерлерди, эмчи айымдарды жана медицина кызматкерлерин коронавирус инфекциясын дарылоо протоколу боюнча окутуу болду. Тез арада окуу программасы түзүлүп, дарылоо протоколун медицина кызматкерлерине үйрөтүп жаттык. Ошол эле учурда дарылар жана жабдыктар менен камсыз кылуу, эпидемиологиялык жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп, көп тармактуу мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар аткарылды. Окуудан өткөн дарыгер жана медайымдардан турган атайын топ түзүлүп, бейтаптарды кабыл алып, сапаттуу дарылаганга даярдык жакшы болду деп айта алам. Андан сырткары, коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды сапаттуу дарылап жана көзөмөлгө алыш үчүн тажрыйбалуу дарыгерлерден турган консилиум түздүк, бул консилиумга мен жетекчи болуп дайындалдым. Мультидисциплинардык консилиумдун пайдасы абдан чоң болду, дарыгерлерге керектүү кеңештер берилип, алардын аракети менен миңден ашык оор абалдагы бейтаптардын өмүрү сакталып калды. Ошондой эле, өзүм демилге көтөрүп, жоопкерчиликти алып, “жаңы” ооруну сакайта турган дарылоо ыкмаларын колдоно баштадык. Аталган ыкманы колдонуу жолдорун Бишкектеги жана аймактардагы дарыгерлерге да үйрөттүк. Булар: кычкылтек менен туура дем алуу, жогорку агымдагы кычкылтек терапиясы жана өпкөнү инвазивдүү эмес жолу менен вентиляциялоо. Бул ыкмалар өтө көп кишилердин өмүрүн сактап калды. Бул иштердин баарын Кыргыз-Швейцар медициналык жана илимий борбору, Цюрих университетинин госпиталы жана швейцариялык мыкты дарыгерлердин жардамы менен ишке ашырууга мүмкүн болду.

- Коомчулукта даярдыктар жакшы эместиги жөнүндө кептер көп айтылып кетти. Буга кандай комментарий берет элеңиз?

- Бул суроого жооп берерден мурда, коронавирус инфекциясы жаңы илдет, биз билбеген көп сырлары бар, абдан жугуштуу жана далилденген дарысы жок оору экенин эсиңиздерге сала кетейин. Ошондуктан, эпидемиологиялык кырдаалды курчутпоо жана туура дарылоо аракеттери бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да болуп жатты. Ошол эле учурда биздин бактыбызга ооругандардын 80 пайызында илдет жеңил формасында өттү.

Даярдык боюнча көп сын пикирлер айтылып жатат. Көргөн жана билгенимди айтсам, башынан баштап эле Саламаттык сактоо министрлигинде штаб түзүлүп, көптөгөн жумуштар алып барылды. Бардык тиешелүү адистер жана мекемелер тынбай иштеп жатышты. Белгилей кетчү жагдай, Саламаттык сактоо министрлигинин аппаратынын кызматкерлери, башкы адистери бардык жооптуу иштерди көзөмөлгө алып, зор мээнет кылышты. Жалаң гана сын пикир айта бербей, буга да туура баа беришибиз керек деп ойлойм. Анча-мынча кемчиликтерди эске албаганда, даярдыктар жакшы жүргөн. Бирок, жалпы кырдаалга баа берүү менин компетенцияма кирбейт. Кесиптик этика жол бербейт. Менин жоопкерчилигим – бейтаптарды дарылоо жана адамдардын өмүрүн сактап калуу.

- Сиздер түзгөн протоколго башка өлкөлөрдүн адистери кандай баа беришти?

- Биздин протокол сапаттуу түзүлгөн деп айта алам. Кытай, Польша жана Орусиядан келген адистер, серепчилер кыргызстандык дарыгерлер иштеп чыккан протоколго жогорку баасын беришти.

- Дарыгерлер азырга чейин окуулардан өтүп жатабы?

- Дарыгерлер, медициналык кызматкерлер бүгүнкү күнгө чейин окуулардан өтүп жатышат. Кадр дараметин жогорулатуу боюнча коронавирус инфекциясын дарылоо жана дарыгерлерди окутуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин алдында ЮСАИДдин колдоосун менен атайын мобилдик мультидисциплинардык команда түзүү боюнча программа башталды.

- Эмне үчүн өпкөнүн сезгенүүсүн коронавирустан бөлүп көрсөтө баштадыңыздар?

- Өпкөнүн сезгенүүсү – коронавирус инфекциясынын негизги белгилеринин бири. Ошондуктан, башынан баштап эле бөлүп көрсөтүлгөн эмес. Дарылоо протоколдорунда “коронавирустан пайда болгон пневмония” деп жазылып, дарылоо жолдору көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда башында коронавирустун бар же жогун аныктаган ПЧР анализдин жыйынтыгы жок деп чыгып, бирок пневмония менен ооруп калгандар статистика үчүн эле өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн. Буга себеп, ошол убактагы эл аралык кеңешмелердин сунуштары, ПЧР анализдин жыйынтыгы коронавирус инфекциясы бар болсо, ошондо гана пневмония коронавируска тиешеси бар десе болот деген. Бирок, клиникалык жактан өпкөсү сезгенген жарандар туура дарыланышкан. Убакыт өтүп, “ПЧР анализ коронавирус жок деп көрсөтсө деле, өзгөчө клиникалык-эпидемиологиялык белгилердин негизинде коронавирус инфекциясы бар деп божомол кылса болот" деген жаңы маалыматтар, илимий жыйынтыктар жана клиникалык тажрыйбалар таратылды. Буга пневмонияга да тиешелүү эле. Демек, бул статистиканы бириктирген клиникалык себептин бири.

- Бардык жарандарды кызыктырган суроо: коронавирус менен ооруган адам кайра ооруп калышы мүмкүнбү жана толук айыга алабы?

- Эл аралык тажрыйбаларга, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына таянып, алдыңкы серепчилердин ойлорун эске алып өз көз карашымды билдирсем, коронавирус менен ооруган кишиде иммунитет пайда болот. Демек, кайра ооруп калышы мүмкүн эмес. Бул жаңы илдет болгондуктан, иммунитет канчага чейин коргой алышы белгисиз. Бирок башка респиратордук вирустар боюнча маалыматка көңүл буруп салыштырсак, жакшы иммунитет бир жылга чейин болушу мүмкүн, андан кийин адам кайра ооруп калышы ыктымал. Бирок, экинчи жолу жеңил формасы менен ооруйт. Анткени, коронавирус иммунитетке тиешелүү клеткалардын эсинде калат жана ага каршы күрөшө турган антителаларды иштеп чыгарат. Коронавирус инфекциясы менен ооругандар толук айыга алат, вирус жок болот. Бирок, оор же өзгөчө оор болуп ооругандардын өпкөсүндө, жүрөгүндө жана башка ички органдарында өзгөрүүлөр калышы мүмкүн. Аларга көңүл бурулушу керек, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, керектүү текшерүүлөрдөн өтүп, муктаж болсо дарыланып, реабилитациядан өтүшү абзел.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2