2024-12-22
Интервью
САБЫРБЕК ЖУМАБЕКОВ: Вирустан корккон жокпуз, аны менен күрөшүү биздин милдетибиз
Пандемиянын эпкинин басаңдатууда белгилүү ортопед, профессор Сабырбек Жумабековдун салымы чоң. Ал пандемия боюнча “KEREEZ” журналына интервью берди.
Пандемиянын эпкинин басаңдатууда “Семетей” филиалы чоң роль ойноду. Аны ачуу боюнча белгилүү ортопед, профессор Сабырбек Жумабеков Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, командасы менен барып дарылоону баштап жиберген. Жалпы 800 бейтапты дарылап, эпидкырдаалда чоң күч болуп берген Сабырбек Жумабеков “KEREEZ” журналынын коногу.
- Алгач, “Семетей” филиалынын ачылышы тууралуу кеп козгосок...
- Биздин оорукана күнү-түнү иштейт. Жол кырсыгынан жабыркаган, күйүк алгандарды, сыныктарды тынбай кабыл алып турабыз. Буга байланыштуу биздин бейтапканага коронавирус менен ооругандарды жаткырууга мүмкүн эмес эле. Июль айынын башында илдетти илештиргендердин саны кескин көбөйүп кеткендиктен бардык ооруканалар толуп, орун тартыштыгы курч маселеге айланды. Бизге эле бир күндө 300дөн ашык чалуу болуп, жардам сурагандарды көрүп жүрөк чыдабай турду. Кырдаалды тезинен жөнгө салуу үчүн, Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “Ганси” авиабазасында “Семетей” филиалын ачууну колго алдык. Мен 10-июль күнү командам менен барып, 100 орундуу корпус ачтык. Эпидемиологиялык кырдаал өтө курчуп кеткендиктен, эки сааттын ичинде обсервация толуп калды. Түнү менен оору менен алыштык. Эртеси таңда Премьер-министр чалып, аракетибиз үчүн ыраазычылык билдирди. Бул ого бетер бизди күчтөндүрдү. Экинчи күнү дагы кошумча 100 орундуу корпус ачтык. Ошентип, бир жуманын ичинде “Семетей” филиалы чоң ооруканага айланды. Бизден кийин эле Улуттук онкология борбору 100 орундуу, Улуттук хирургия борбору 100 орундуу, Чүй облустук ооруканасы 200 орундуу филиал ачышты.
- Азыр өлкөдө кырдаал кандай жана ишиңиздин ыргагы жайладыбы?
- Эпидкырдаал турукташып баратат. Көпчүлүк күндүзгү жана түнкү стационарлар жабылып жатат. Биздин филиал да 14-август күнү акыркы бейтапты сакайтып, жабылды. Ошондо жалпы 47 күндүн ичинде 800 адамды дарылоого жетиштик. Эми аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетпесин деп кыжалат болуп турам. Учурда эң маанилүүсү – улгайган адамдарды коргошубуз керек. Бардык санитардык эрежелерди аткарып, мүмкүн болушунча айылдарга илдетти жуктуруп барбоого аракет кылышыбыз керек. Ошондой болсо да, аймактарда Бишкектегидей кырдаал курч болбойт деп ишенем. Анткени, биринчиден айыл тургундары табиятка жакын. Тоодо, жайлоодо, талаада жүрүшөт. Жуктуруу коркунучу да төмөн. Экинчиден, алар физикалык жактан бекем жана иммунитети күчтүү. Ооруса да жеңил формасы менен оорушу мүмкүн.
- Сентябрь айында эпидкырдаал дагы начарлайт деген сөздөр айтылып жатат. Бул боюнча пикириңиз?
- Эпидемиологиялык кырдаал ушуну менен турукташып бара берет. Экинчи, үчүнчү толкун болбошу керек. Оорубагандар ооруп калышы мүмкүн, бирок абдан аз адам илдет илештирет деп болжолдоп жатабыз.
- Бейтаптарды дарылоодо өз өмүрүңүз, ден соолугуңуз үчүн корккон жоксузбу?
- Корккон жокпуз, анткени бул биздин жумушубуз жана милдетибиз. Алдыңкы фронтко биз чыкпаганда ким чыкмак эле. Кадимки аскерлердей эле согуш талаасында жүрдүк. Кызматкерлерим дагы кызыл зонага барып иштегилери келип, суранып жатышты. Кол алдымдагы медицина кызматкерлерим баары коронавирус менен ооруп чыгышты. Кудайга шүгүр, учурда бардыгынын абалы жакшы. Кайра жумушка кайтышты.
- Коронавирусту кандай дары менен дарыладыңыздар?
- Дарылоо протокол боюнча жүрдү. Негизгиси, анализ сапаттуу алынышы керек. Тилекке каршы, “Семетей” филиалында лаборатория жок. Саламаттык сактоо министрлиги ал жерге сөзсүз түрдө лаборатория ачыш керек.
- Элдик ыкмалар менен дарыланып, башкаларга сунуштагандар да көп болду. Дарыгерлер буга эмне дейт?
- Калк айтса, калп айтпайт. Бул биздин гана өлкөдө эмес, бүткүл дүйнөдө болуп жатты. Мисалы, имбирь менен сарымсак иммунитетти жакшы көтөрөт. Негизгиси, эч кандай зыяны жок. Болгону спирттик ичимдиктерден алыс болуш керек.
- Көпчүлүк коронавирус менен былтыр эле ооруп бүткөндүгүн, ал кезде да ушундай эле симптомдор болгонун айтып жатышат. Мындай болушу мүмкүнбү?
- Башкы пульмонолог Талант Сооронбаев буга чейин эч кандай вирус болбогонун айтты. Ошол үчүн өзүбүздү өзүбүз алдабашыбыз керек. Ишенбегендер антителага анализ тапшырып көрүшү керек.
- Коронавирустан айыккандар кандай тартипте жашашы керек?
- Биринчиден, илдетти жеңгендерди куттуктайм. Экинчиден, оорунун оор же жеңил формасы менен ооругандарды аныктап алыш керек. Тартиптер боюнча пульмонолог жана вирусологдордун кеп-кеңештери бар. Оор формасы менен ооругандарда пневмония сөзсүз болду. Бул бир гана өпкөнү эмес, бөйрөк жана жүрөктү да жабыркатты. Ошол үчүн дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек. ЭКГга түшүп, ички органдарды УЗИге тарттырып, анализ тапшырып туруш абзел. “Иммунитетти көтөрүш керек” деп күчтүү тамактарды жей башташат. Бул туура эмес. Диета керек. Физикалык көнүгүүлөрдү жасап, таза аба менен дем алып, бир күндө 3 чакырым басуу пайдалуу. Организм жарым жылдын ичинде калыбына келет. Жай турмушка акырындык менен өтүп барса болот.