AUCA the best 2

2024-12-22

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

ТОКТОКАН БОРОМБАЕВА: Үй-бүлөдө да, өлкөдө да – тынчтык менен ынтымактан өтөөр кенч жок

- Токтокан Жолуевна, Жогорку Кеңеште депутат болуп турганыңызда эл тарабынан  демилгеленген  үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн мыйзам долбоорун  иштеп чыкканга катышып, аны парламентке алып чыгып, кабыл алынышына чон салым коштуңуз. Ага чейин дагы аялдар менен көп иштештиңиз. Азыркы кырдаал боюнча пикириңиз?

- Кыргызда “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере” деген сөз бар. Бул көйгөйдү канчалык жаап жашырбайлы, үй-бүлөдө болуп жаткан маселелер суу бетине калкып чыккан көбүктөй коомчулукка ашкереленип жатат. Чыныгы кырдаал ушундай. 2003-2010-жылдары Кыргызстанда аялдардын, балдардын, үй-бүлөлүк укуктарды коргоочу, гендердик теңчилик боюнча көп жакшы мыйзамдар кабыл алынды. Мен эл өкүлү катары гендердик теңчилик боюнча маселелерди козгоп, бир нече мыйзамдарды жазып Жогорку Кеңешке сунуштадым. Бардык депутаттар колдоп берген эле.

Мисалы, “Гендердик теңчиликти камсыз кылууда мамлекеттик кепилдик жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун жазып өткөрдүм. Депутат Алишер Сабиров жана Юстиция министрлиги менен биргеликте “Үй-бүлөлүк Кодексти” жаздык. Ошондой эле, адам сатууга каршы күрөшүү боюнча мыйзамды демилгеледим. Бул маселе боюнча Кылмыш жана административдик Кодекстерге өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна койдум. Элдин демилгеси менен даярдалган үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөшүүчү мыйзам боюнча Жогорку Кеңеште пикиримди айтып, депутаттарга үгүт иштерин жүргүзүп, мыйзамдын колдоо табышына салым коштум. Мына ушул көйгөйдү чечүү максатында эл өкүлдөрү менен бирге жалпы 16 мыйзамды демилгелеп, парламентке алып чыктык. Баары кабыл алынды. Ошентип, Кыргызстан биринчилерден болуп үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы мыйзамдар базасын түздүк. Биздин коңшу мамлекеттер үлгү алышты. Муну менен сыймыктанчу жагдайды түзө алдык. Парламентте эле эмес, башка учурда да аялдардын, балдардын, укугун коргоп келе жатам.

Мыйзам аткарылышы менен күчтүү болот. Тилекке каршы, бизде мыйзамды сактабаган, аткарбаган учурлар көп болууда. Бүгүнкү күндөгү үй-бүлөдө болуп жаткан зордук-зомбулук буга далил. Көйгөй кичинекей үй-бүлөдө болуп жатканы менен бул жалпы мамлекеттик проблема. Каалайбызбы, каалабайбызбы зомбулук темасы мамлекеттин беделин түшүрүүчү көрсөткүч болуп калды. Кечээ жакында Сузак районунда болгон окуя тууралуу айтсак. Бул билгенге “Эрди катын урушат, эси кеткен болушат” деген түшүнүктөн алда-канча терең маселе. Бул жерде бир эле аял күйөөсүнөн токмок жеген жок. Бүткүл Кыргызстандын кыз-келиндери тебеленип, адамзатта болбогон зөөкүрлүккө дуушар болуп, дүйнө жүзүнө кыргыз мырзаларын сүрөттөй турган окуя болду. Орус эли айтмакчы, “Что написано пером, того не вырубишь топором”. Интернетке чыккан нерсе эч качан өчпөйт, дүйнө жүзүнө тарайт. Таш салынган дөңгөлөктү көтөргөн аялдын сүрөтү бардык социалдык тармактарга жайылып кетти. Бул окуя республикада болуп жаткан үй-бүлөлүк зомбулуктун чыныгы жүзүн көрсөтүп, ондогон жылдардан бери жүргүзүлүп жаткан жакшы иштерди заматта жокко чыгарды. Өкүнүчтүү...

Мындай терс көрүнүштөр мамлекеттик идеологиянын деңгээлин көрсөтүп, жалпы эл арасында үй-бүлөлүк баалуулуктун беделин түшүрдү. Кылымдардан бери айтылып келе жаткан “Эне үйдүн куту” деген ыйык сөздүн кадыры кетти. “Эмне үчүн аялдар аялдарды коргоп чыкпайсыңар?” деген сөздөр айтылып жатат. Жок. Тескерисинче, мырзалардын аракети керек болуп турат.
Биздин жигиттер намыска салып дүйнө коомчулугу алдында уят болгонун түшүнүп, үй-бүлөнүн атасы болгон эркектерди актап алганга кудурети жетээр бекен? Албетте ал аял токмок жеди, тебеленди, басмырланды, зомбулук, кордук көрдү. Ал үчүн жүрөгүбүз ооруп турат. Айрыкча, уулунун ызаланып ыйлаганы зээнди кейитет. Бирок, кыргыздын эркектери алсыз, аялдарга гана күчү жетет деген түшүнүк жууса кетпес болуп калды.

- Күйөөсүнөн кордук көргөн аялдар эмне үчүн жолдошун кечирип, тосмо арыз жазып жатат? Маселе эмнеде?

Биринчиден, аял киши дайыма кечиримдүү болот. Экинчиден, балдарын ойлойт, алардын келечегин биринчи орунга коёт. Үчүнчүдөн, “Эл эмне дейт?” деген чоң стереотип бар. Ага жооп издейт. Ошол элдин арасында тууган-урук, кайын журт деген бар. Алар ортого түшүп, тосмо арыз жазганга мажбурлайт. Төртүнчүдөн, бизде “Чыккан кыз чийден тышкары” деген түшүнүк көп нерсени чечип коёт. Күйөөдөн чыккан кыз өз төркүнүнө батпайт, өзүн күнөөлүү сезет, жашай турган жери жок, экономикалык жактан корголгон эмес. Анан ушулардын баарын ойлоп, чыдап жашай берет.  

- Бул маселени кантип жөнгө салууга болот, кандай жолдору бар? Адилеттүү коом кандай болушу керек?

Албетте үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр болот. Эки тараптан бирдей кемчиликтер кетирилиши мүмкүн. Бирок, чектен чыккан мыкаачылык жасоого эч кимдин укугу жок. Бул маселени жөнгө салса болот. Негизгиси, мыйзамды бузбай, аны сыйлап жашаш керек. Күчтүү мыйзам – элге кызмат кылган мыйзам. Ар бир айылда барктуу, сөзү өтүмдүү аксакал, байбиче, келин, эр-азаматтар, уул-кыздардан турган кеңеш берүүчү топ түзүү кажет. Аларды эл өзү шайлаш керек. Мисалы, жаштар кимди угат? Келиндерден кимдин сөзү өтүмдүү? Ушул топ эл арасында иш алып барып, ар бир үй-бүлөдө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп турушу керек.

Кийинки мезгилде аксакалдар соту, аялдар кеңеши күчүн жоготту. Ошондуктан, бул жагдайда иш алып баруунун жаңы формасын издешибиз керек. Азыр коомдо эки түшүнүк пайда болуп, эл экиге бөлүнүп калды. Айрымдар Европанын маданиятын, жашоосун алып келдиңер деп каршы чыкса, кээ бирөөлөр араб элдеринин маданиятын сиңирип жатканы үчүн күнөөлөнүп жатат. Мен айтаар элем, биздин өзүбүздүн жакшынакай, ар кандай маселени жолго коё турган салт-санаа, үрп-адатыбыз бар. Албетте алар азыркы өнүккөн заманга шайкеш келиши керек. Кыргыздын кыздары эч качан баш-аяк кара кийинип оронгон эмес. Бизде мындайды күйөөсү каза болгон жесир аялдар киет. Азыр болсо минтип кийингендер абдан көбөйдү. Биздин кыздар дайыма ачык түстөгү , улуттук кийимдерди кийген. Бүгүн заманбап, улуттук колориттеги кийим-кече абдан көп. Мына ушундай өңүттө өнүксөк деген оюм.

Адилеттүү коом түзүшүбүз абзел. Ал үчүн балдарыбызга биринчи кезекте жакшы тарбия бериш керек. Ал жогорку маданиятты, санаа кайсы, салт кайсы, нарк эмне, насил эмне, үрп-адат деген эмне экенин жакшылап үйрөтүшүбүз кажет. Тарыхыбызды билүү маанилүү. Ал үчүн терең билим алуу жетиштүү. Билим тутумунда өтө орчундуу иштерди жасап, чоң бурулуш жасалышы зарыл. Тилекке каршы, билим деңгээли өтө төмөндөп кетти. Айрым капчыгы калыңдар гана балдарына жакшы шарт түзүп, жакшы мектептерге окутканы болбосо, калгандар калып жатат. Алардын арасында абдан жакшы билимге ээ болгондору бар. Бирок аз. Буга мектеп эле күнөөлүү эмес, ата-энелердин да кайдыгерлиги бар. Жапонияда жогорку деңгээлде илимий-техникалык прогресс болгонунун бир себеби – билимге өтө көңүл бурулгандыгында. Аларда ар бир эне баласына орто билим бере алат. Балдарыбыз билимдүү, маданияттуу болгондо гана мыйзамды сыйлап, эреже менен жашай алат. Мындай балдар бирөөнүн укугун тебелебейт, башка кишиге аяр мамиле кылат, өзүн сыйлайт. Биз балдарыбызды нысаптуулукка, ак иштегенге, бирөөнүн акысын жебегенге, мамлекеттин мүлкүнө кол салбаганга, адилеттүү болууга тарбиялашыбыз керек. Ошондо гана адилеттүү коом түзүлөт.         

                    

- Кыргызстанда Өкмөт башчысы тез-тез алмаша бергенине кандай карайсыз? Талылуу эмне маселе бар? 

- Негизи, өкмөттүн бат алмашып турганы жакшы эмес. Кыргызстан бул жагынан кандайдыр бир туңгуюкка кирип калды. Качан чыгаары ийри сызыктан белгисиз. Бизде баш мыйзам боюнча парламенттик мамлекет болгон менен иш жүзүндө президенттик-парламенттик башкаруу жүрүп келет. Негизи, парламенттик башкаруунун принцибинде иштесек, анда парламенттеги көпчүлүк партиянын өкүлдөрү өкмөт курамын түзгөндө гана күчтүү өкмөт түзүлөт. Ал эми коалициялык көпчүлүк түзгөн өкмөт алсыз болот. Дүйнөлүк тажрыйбада да ушундай. Анткени, коалициялык көпчүлүктөн түзүлгөн өкмөттүн курамында ар кайсы партиянын өкүлдөрү кирип, алардын ар бири өзүнүн партиясынын кызыкчылыгы үчүн иштеп калат. Натыйжада, өкмөт башчыга караганда партияны көбүрөөк угат да, Премьер-министрдин эркин иштешине, чечкиндүү кадамдарды жасашына тоскоолдук пайда болот. Чындыгында, Кыргызстан күчтүү, такшалган партиясы жок туруп, парламенттик башкарууга өткөндө өтө чоң тобокелчиликке барган. Бизде саясий жана укуктук маданият кыйла төмөн. Уруучулук, аймактар аралык бөлүнүүчүлүк курч. Ошол үчүн кадрларды дайындоодо бул маселе эске алынып, кесипкөй, тажрыйбалуу кадрлар өтпөй калат. Мындай болбош керек. Биринчи кезекте кадрлардын жөндөмү, иш билгилиги, тазалыгы эске алынышы керек. Өкмөттүн бат алмашканы мамлекеттик ишке терс таасирин тийгизет, анткени аз убакыттан кетерин билген өкмөт натыйжалуу аракеттерди көрбөйт. 30 жылдан бери кимдер гана өкмөт башчы болуп иштеген жок. Карысы да, жашы да, тажрыйбасы бары-жогу, билимдүүсү да болду. Республикада күчтүү кадр деп эсептелгендер да өкмөттү жетектеди. Бирок, алар башкарган өкмөттүн өмүрү кыска болду. Жыйынтыгында, зыяны жалпы мамлекетке тийип жатат. Андыктан, өкмөттүк курамын аныктоодо чоң жоопкерчилик менен тандап, туруктуу иштешине шарт түзүү керек. “Атка мингизген эсеп эмес, аттан жөлөп түшүргөн эсеп” деп, элибизде таамай айткан сөздү эстен чыгарбайлы. Болду эми, эксперимент кыла турган заман өттү, алдыда элдин тагдыры, мамлекеттин бүтүндүгү, жаштардын келечеги турат.

- Быйыл Июнь окуясына 10 жыл толду. Бул трагедия жөнүндө кандай чындыкты айтат элеңиз?

- Бул абдан талылуу маселе. Июнь окуясы өлкө үчүн абдан чоң трагедия болуп калды. Биз бул трагедия тууралуу унутпай, андан дайыма сабак алып турушубуз керек. Кыргызстандын түштүгү өлкөнүн коопсуздугу үчүн дайыма өзгөчө мааниге ээ болуп келген. Карапайым кыргыз жана өзбек эли миңдеген жылдар бою ынтымак-ырашкерликте жашаган. Жакын коңшу болуп, достошуп, бирге иштеп, көйгөйлөрдү бирге чечип, бири-бирин колдоп жүргөн эки эл. Тилекке каршы 1990-жылдан баштап, айрыкча Советтер союзу кулагандан кийин коомдун аң-сезиминде олуттуу өзгөрүүлөр жүрө баштады. Буга бийликте коррупциянын күчөшү, анын криминалдык чөйрө менен байланышы, кылмышкерлердин ээнбаштыгы жана экономикалык каатчылык себеп болду. Эл арасында мүлктүк жиктелүү курчуган. Муну менен улутчулдук маанай түзүлө баштады. Жашоо деңгээлдеги айырмачылык айрыкча түштүктө курч маселеге айланды. Анткени союз тарашы менен Оштогу “Жибек комбинаты”, Ош пахта кагаз комбинаты,  насостук завод жана башка көптөгөн ишканалар сатылып жок болгон. Жүз миңдеген киши ишсиз калды. Көпчүлүк аргасыздыктан айылын, шаарын таштап чет өлкөгө чыгып кетти. Ички жана тышкы миграция күч алды. Жыйынтыгында, мамлекеттин мүлкү бир топтун менчигине өтүп, жеке ишканалар, кафе, ресторан, соода борборлору пайда болуп, калган эл аларга аз акчага жалданып иштөөгө аргасыз болушту. Ири мал багуучу фермалардын, талаачылык бригадаларынын жана кайра иштетүүчү ишканалардын жабылышынын кесепетинен айылдыктар шаарга келе баштады. Ошентип, өзүнүн социалдык абалына нараазы болгон жарандардын саны өстү. Тилекке каршы, мындай кырдаалда жарандардын укугу бузулгандыгы жөнүндө жөнү жок айыптоолорду айткандар көбөйдү. Бул көрүнүш улуттар аралык кагылышка негиз салды. Алардын сүйлөгөн сөздөрү жана чакырыктары чагымчыл маанайда болуп, айрым ЖМКларда да жарыяланды.  Бул эл арасында нараазычылыктарды жаратты. Кооптуу кырдаал түзүлө баштады. Көпчүлүк кырдаал курчуп баратканын алдын-ала сезип, кооптонуп калышты. Убактылуу өкмөт кандайдыр бир чараларды көрүүгө аракет кылды. Бирок, тилекке каршы трагедиянын алдын алып кала алган жок. Унутулгус, коркунучтуу апаат күндөр өттү. Күнөөсүз адамдар курман болуп, жүздөгөн объект жана үйлөр күйүп кетти. Өлкө абдан кыйын кырдаалда калды: апрель төңкөрүшүнөн кийинки каатчылыктан чыгалбай жаткан мамлекет дагы бир чоң каатчылыкка туш болду. Адамдардын бири-бирине ишенбеген, балдары, үй-бүлөсү жана жакындары үчүн кооптонгон эл, социалдык курч маселелер – аймактагы кырдаалды ого бетер курчута берди. Ошондуктан, үй-бүлөдө да, өлкөдө да - тынчтык менен ынтымактан өтөөр кенч жок.

- Ошол учурда сиз Акыйкатчынын орун басары болуп иштеген киши катары Ошто болдунузбу?

- Ооба, албетте. Мен бир канча жолу Ошко бардым. Биринчи күнү эле Акыйкатчы менин тезинен Ошко чыгышым керектигин айтты, бирок кийин өзү жөнөп кетти. Ал Оштогу өкүлчүлүк жана борбордук аппараттын өкүлдөрү менен түштүк борбордо жүрдү. Алар жабыркаган эки тарап менен да жолугуп, КРдин Акыйкатчысы жөнүндөгү мыйзамдын чегинде укук коргоо иштерин жүргүзүштү. Акыйкатчы Бишкекке келгенден кийин мен атайын текшерүү менен Ошко жол алдым. Башаламандыкка катыштыгы бар жарандарга карата кыйноолор болуп жаткандыгы тууралуу маалымат тарагандыктан, кырдаалды көзөмөлгө алышым керек болчу. Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалгандар абдан көп болгонуна карабай, Оштогу өкүлчүлүк менен биргеликте ар бири менен жолугууга аракет кылдык. Алар кыйноо болбогонун билдиришти. Биз окуя болгонго чейин колго түшкөндөр менен да жолуктук, алар да нааразычылык билдирген жок. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Ош облусунун губернатору жана анын орун басарына, Ош шаарынын вице-мэрине, ЕККУнун Оштогу өкүлчүлүгүнүн жетекчилигине, шаардын Убактылуу кармоочу жайынын башчыларына маалымат бердик. Жабыркагандар менен да кезиктик.

Андан кийин Ош облусу, Ош шаары жана Жалал-Абаддагы курман болгон, дайынсыз жоголгондордун жакындары менен жолуктум. Бул менин жашоомдогу эң оор жолугушуулар болуп калды. Эстеген сайын көзүмө жаш алам. Адам баласы аялдарды, балдарды, улгайгандарды, жаштарды да аябаган мыкаачы болот тура. Бул трагедияда күнөөсүз курман болгондорго ызаланып кала бердим.

Андан сырткары, Орусиянын миграция боюнча эл аралык уюму жана Орусияда жашаган кыргыз мигранттары менен да бардым. Алар гуманитардык жардам көрсөтүштү. Бул жардамды кыргыздар менен өзбектер ортодо жибергенин белгилеп коюшум керек. Аны улутуна карабай тараттык.  

- Июнь окуясынын чыныгы себептерин Акыйкатчы ача алдыбы?

- Анын себеби көп. 2010-жылы Оштогу июнь окуясынын себептерин изилдөө үчүн Акыйкатчы тарабынан атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына түрдүү аймактан, ар улуттан коомдук уюмдардын мүчөлөрү, эмгек ардагерлери, Акыйкатчынын алдындагы коомдук кеңештин мүчөлөрү кирди. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы ошол эле жылы 10-декабрда укук коргоочулар, ЖМКлар жана коомчулуктун катышуусу менен өткөн жыйында тааныштырылды. Ошондой эле, АКИpress сайтына да илинген. Материалдар Президентке жиберилип, Акыйкатчынын расмий сайтына жарыяланды. Комиссия төмөнкүдөй жыйынтык чыгарган. Документтеги текстти келтирем: “Бийликтин калктын муктаждыктарына көңүл бурбаганы, жаштар менен масштабдуу тарбиялык иштердин алып барылбаганы трагедиялык окуяга себеп болгон. Жер бөлүштүрүү жана турак жай маселеси боюнча кечиктирилгис аракеттердин жүргузүлбөгөнү улуттар аралык мамиледе жараканы пайда кылган. Республиканын жетекчилиги Оштогу эки элдин ортосунда жаралган пикир келишпестиктерге өз убагында чара көргөн эмес. Бул массалык башаламандыкка себеп болду. Бийликке ишенбеген жарандар улуттар аралык конфликт келип чыкканда өзүн-өзү коргой баштаган. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн этно-маданий саясат натыйжа берген эмес. Түштүктөгү кандуу окуянын негизги себеби – мамлекеттин улутуна жана расасына карабай өз жарандарын коргой албай калгандыгы болду. Тартипке чакыруу иштерин милиция кызматы жүргүзүшү керек болчу. Бирок, апрель революциясынан кийин кыргыз милиция өзүнүн функцияларын аткарууга жөндөмсүз, алсыз органга айланды. Ошондуктан, бул орган мындай кырдаалга даяр эмес болуп чыкты: буйрук бере турган жана көзөмөлгө ала турган эч ким болбоду. Муну менен мурунку бийлик да, Убактылуу өкмөт да улуттук коопсуздукту камсыздай ала турган система түзө алган жок”.  

Бул оор жана кайгылуу сабак катары тарыхта кала берет. Жакшы да, жаман да окуялар – баары тарых. Болуп өткөн апаатта түштүктүн эли жабыркап, эң баалуу – адам өмүрү кыйылды. Муну эч качан унутпашыбыз керек. Бул окуя бүгүнкү күндө адам укугун коргоону жамынып алып, өлкөдөгү кырдаалды курчуткусу келгендерге чоң сабак. Учурда эң негизгиси – туруктуулук керек. Биз таажы вирусу пандемиясы менен күрөшүп, экономиканы көтөрүп, социалдык маселелерди чечип, мекенине кайтып келип жаткан мигранттарга жумуш орундарын түзүү менен алек болушубуз керек.

Албетте, бул кайгылуу окуяны унутуп коё албайбыз. Аны баштан өткөргөн адамдардын көздөрүнөн азыр да муң-кайгыны көрүүгө болот. Жакындарын жоготкондордун көз жашы тыйыла элек. Эң жаманы карапайым калктын жабыркаганы болду. Азыр кыргыздар да, өзбектер да бул темада сүйлөгүсү келбейт, баары тынчтыкты гана каалашат. Июнь окуясынын себептерин эл билиши керек жана андан сабак алышы кажет. Себеби, жаңылыштык менен будаймалап отуруп достук көпүрөсүн кура албайбыз. Учурда кылмыштуулук менен күрөшүүдө социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдөгү бийликтин алсыздыгы жана чечкинсиздиги курч кырдаалды жаратып, аны башаламандыктын уюштуруучулары колдонуп кеткенин ар бир жаран түшүнүп калды.

- Ошко бат-баттан барып турасызбы? 2010-жылдан бери кандай чоң өзгөрүүлөр болду?

- Ооба. Мен үй-бүлөдө улуусумун. Ошондуктан, инилерим жана сиңдилериме кол кабыш кылышым керек болот. Сегиз бир тууганым бар. Жолдошум да көп балалуу бүлөдөн. Демек, кичи мекениме бат-бат барып турганга шылтоо көп.

Албетте, шаарда көп өзгөрүүлөр болду. Акыркы он жылдыкта Ош шаарындагы социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртууга көп күч жумшалды. Азыр көп нерсе жакшы жакка өзгөрдү. Шаар өнүгүп жатат. Өнөр жай ишканалары курулуп, жумуш орундары пайда болууда. Инфратүзүм оңдолуп, үйлөр тургузулуп, эс алуучу бактар, скверлер пайда болуп, жол оңдоо иштери жүрүүдө. Шаар жетекчилигине элдин ишеними артууда. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дагы жакшы иштеп жатат. Муну көргөн эл өзү да аракеттенүүдө. Негизгиси, жергиликтүүлөрдүн коопсуздук маселесиндеги ишеними жогорулады.

- Быйыл парламенттик шайлоо болот, кандай маанайда өтөт деп ойлойсуз?

- Мен бир нече Европа мамлекеттеринин шайлоо системасы менен тааныштым, шайлоо жараянын көрдүм. Алар кызмат дегенде эң эле биринчи милдетти түшүнөт экен. Ар биринин өзүнүн көз карашы бар. Ошондуктан, шайлоого барган ар бир талапкер өзүнүн дараметине карап реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен шайлоого катышат экен. Шайлоого негизинен партиялар катышат. Эл шайлоого бараарда жакшы талдап, кайсы партияга добуш берерин билет. Кайсы партия өлкөнүн келечеги үчүн иштешине көзү жеткенде гана добуш берет. Мыйзам бузуу, фальсификация дегенге жол жок. Али элге тааныла элек, иш-аракеттерин көрсөтө элек партиялар шайлоого катыша албайт. Дагы бир белгилей кетчү нерсе – шайланып келген депутаттар кайра-кайра талапкерлигин коё бербейт экен. Башкалардын да иштешине мүмкүнчүлүк берүү керек деген ой бийик турат. 10-15 жылдап парламентте отура беришпейт. Партиялардын ишмердүүлүгү күчтүү. Мына ушунун өзү эле шайлоочулардын да, шайлоо маданиятынын калыптанышына, шайлоонун жүрүшүндө да өз позициясын аныктап алууга өбөлгө түзөт.

Бизде да партиялык система. Бирок, бизде күчтүү партия жок. Беш-алтоосунан башкаларын эч ким тааныбайт. Акчасы көптөр жеңет. Ошондуктан, партиялар капчыгы калыңдарды катарына кошуп алышат. Курамында бай депутаттар бар партияларды көрүп эле жүрөбүз. Анысы аз келгенсип, бир нече ирет депутат болгондор көп. Натыйжада, көпчүлүк эл өкүлдөрү сессияга келбейт, өзүнүн жумуштары менен алек. Буга байланыштуу Шайлоо Кодексине бир киши эки гана жолу шайланып келүүгө укуктуу деп өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп ойлойм. Азыр бири-биринин ордуна добуш берген депутаттарды эл да айырмалап билип калды. Бул кадыресе көрүнүш болуп калды. Албетте, дүйнөлүк практикада 30 пайыз депутаттар кайра шайланып келишет. Талаш жок. Шайлоо таза өтүшү үчүн мыйзам бузууга жол берилбей, катуу көзөмөл жүрүшү керек. Талапкерлердин тизмесин татыктуу адамдар толукташы абзел, бул партиянын чоң милдети. Бул билген кишиге өтө жоопкерчиликтүү жана оор жумуш. Мамлекеттин келечегин, элдин тагдырын чече турчу кызмат. Азыр элдин аң-сезими өзгөрдү, шайлоонун ачык-айкын, таза өтүшүн каалап калды. Муну эске алып, таза шайлоо өткөрүүгө бардык күч-аракетти жумшоо кажет. Негизгиси, жаштардын келечекке болгон үмүтүн өчүрүп албашыбыз керек. Өзүнүн гана кызыкчылыгын коргоо үчүн депутат болом дегендерди шайлабай коюуга мезгил келип жетти. 

- Тилекке каршы, дүйнө азыр оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Пандемиянын кесепети Кыргызстанга да тийди. Коронавирустан кийинки жашоо кайсы жакка өзгөрөт? Пикириңиз?

- Азыр дүйнө чындыгында оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Таажы вирусу пандемиясы көп нерсени өзгөртүүдө. Эми жашоо мурдагыдай болбойт. Муну сыноо катары кабыл алышыбыз керек. Бул илдеттин айынан ишканалар токтоп, биринчи кезекте экономикага олуттуу терс таасирип тийгизип, натыйжада социалдык-экономикалык өнүгүү процесстери жайлады. Чет жактан иштеп жүргөн мекендештерибиз кайра келүүдө. Кыргызстанда жашаган элдин басымдуу бөлүгү жумушун жоготту. Мамлекет абдан чоң проблемага кабылды. Эми эң эле биринчи элди жумуш менен камсыз кылуу маселесин чечүү керек. Ал үчүн өндүрүштү көбөйтүп, жаңы ишканаларды ачуу кажет. Чет элде окуган жаштар окуусун уланта албай кайтып келишти. Алардын билим алышына шарт түзүү маселеси турат. Четтен келгендердин арасында үйү жоктор бар, аларды да эске алышыбыз зарыл. Мектеп, бала бакча жашындагы балдар да келди. Бул да чоң көйгөй. Экинчиден, бюджетти толтуруу булактары азайды. Мындан улам, айлык маяна, жөлөк пулдар, пенсия маселелери курчуду. Бизде күнүмдүк оокат үчүн иштеген кишилер да ишсиз калды, колунда жоктордун катары да калың. Алар да жардамга муктаж.

Карантин мезгилинде кырдаалды жумшартууга мамлекет бир топ аракеттерди жасады. Бирок, элдин өзү да жоопкерчиликти сезиши керек. Эми жайбаракат турмуш болбой тургандыгын түшүнүшүбүз кажет. Буга чейин той-топурга чачып келген каражаттарды үнөмдөө башталат. Чыгымдарды азайтууга туура келет. Бири-бирине атаандашып той берүү токтойт. Кийинки мезгилде ар кандай мааракелерге 500-800 киши чакырып калдык эле. Натыйжада, шаарларда, район борборлорунда жалаң тойканалар салынып, бош жер калбады. Союз мезгилинде курулуш эрежеси сакталып курулган үйлөрдүн тегерегине да бүт жаңы үйлөр салынып, балдар ойной турган аянтчалар да жок болду. Буларга кошумча автоунаалар көбөйүп, экология кескин начарлады.

Азыр биринчи милдет – оорунун жайылышын токтотуу. Бул баарыбыздын милдетибиз жана жоопкерчилигибиз. Тартип бузгандарга катуу чаралар көрүлүшү керек. Кырдаалдан чыгууга ар бирибиз салым кошууга тийишпиз. Жумурткадан кыр издеп, бийликти сындап отура бергенден пайда жок. Өзүбүздүн өндүрүштү колдоп, идиректүү жаштарды алга сүрөшүбүз керек болуп турат.

Бир мисал, Дания өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет. Даниялыктар бийлигине ишенет жана кандай кырдаал болбосун, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биригет. Ошол үчүн кыйынчылыктарды жеңүү аларга оңой. Азыр Даниянын ЖМКсында жана социалдык тармактарында “жарандык сезим” деген жаңы түшүнүк пайда болду. Көпчүлүк датчандар коом алдында моралдык милдетин сезип, жалпы коомдун саламаттыгы үчүн айрым нерселерден баш тартуу керектигин колдоп жатышат. Көнгөн адатынан баш тартууга эрки жетпей, улгайган кишилердин өмүрүнө коркунуч жараткандарды коомчулук өзү эле жазалап коюуда. Башкача айтканда, коом алдындагы жоопкерчилигин терең сезишет жана өнүгүү үчүн жалпы күрөшөт.

- Бир киши дүйнөнү өзгөртө алабы?

- Чоң кызматтагы кишинин программасынан, талапчандыгынан, көрөгөчтүгүнөн, таза иштешинен көп нерсе көз каранды. Өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Бирок, жалгыз дарак бак болбойт деген сөз бар. Ошондуктан, коомдун колдоосу жана аракети да чоң мааниге ээ. Мисал келтирсем, СССР тарагандан кийин аялдар жапырт жакырчылык, жумушсуздукка кептелип, кырдаалдан чыгуунун аргасын өздөрү издей баштаган. Бала-чаканы багуу милдети да аялдардын мойнуна илинип, өткөөл мезгилдин бороон-чапкынында бардык кыйынчылыктар менен бетме-бет келип күрөшө алды. Бул аялдардын үй-бүлөдөгү ордунун бекемделишине негиз болуп, өз алдынча болууга үйрөттү. Аялдардын бул аракети мамлекеттин да жүгүн жеңилдетти. Муну менен гендердик теңсиздик да жөнгө салынышы керек эле. Мисалы, саясатта аялдардын ролу бекемделип, кандайдыр бир механизм, рычагдар иштеши керек болчу. Мыйзам менен жолго коймоюн, гендердик жактан теңдөө мүмкүн эмес. Конституция боюнча укук бирдей болгону менен аялдардын жөндөмү жана мүмкүнчүлүгү тең эмес. Энелик, жубайлык милдеттер анын көп күчүн жана убактысын алат. Бул учурда эркектердин билим алышына, дүйнө таанымын кеңейтүүгө, керектүү адамдар менен баарлашууга, пикирлештерин топтоого көп убактысы болот. Ушул маселеде мыйзамдар кабыл алынып, атайын квоталар киргизилди. Бул жерде бийлик, коом, аялдар абалды өзгөртүүгө биргеликте аракет жасады.

- Убагында сиз жетектеген бейөкмөт уюм “Жылдын мыкты өкмөттүк эмес уюму” наамын алып, аталган уюм көп жакшы иштерди аткарган. Азыркы бейөкмөт уюмдар кандай иштеп жатат? Азыр эмне менен алексиз?

- Ооба. Ошто “Аялзат” аялдардын демилгелүү борборун жетектеп турганымда, көп жакшы иштерди жасадык. Ар кайсы тармак боюнча окутуу курстарын ачып, миңдеген жаштарды тигүүчүлүк, бухгалтердик эсеп, англис, кыргыз тилдерге, компьютердик билимге окуттук. Тажикстандын бир өкмөттүк эмес уюму менен биргеликте бир нече фестиваль сыяктуу маданий иш-чараларды өткөрдүк. Жаңы түзүлгөн өкмөттүк эмес уюмдардын иштеп кетишине жардам бердик, жакыр үй-бүлөлөргө чакан насыя менен көмөк көрсөттүк. Биздин кылган аракеттер бааланып, аталган уюм “Жылдын мыкты өкмөттүк эмес уюму” наамын жеңип алды. Ошол кезде мен уюштуруп жетектеген жана жардам берген бейөкмөт уюмдардын баары азыр жемиштүү иштеп жатышат.

Азыр эс алуудамын. Үй-бүлөлүк жумуштар, ден соолукту чыңдоо, неберелеримди кароо менен алекмин. Коомдук иштер да бар. “Республиканын аялдар активинин ассамблеясы” коомдук бирикмесинин төрайымымын. Аялдар, балдар маселеси боюнча иш алып барабыз. Мезгили келгенде, жаштарга жол бошотуп, акыл насаат, кеңеш берип турган жакшы деп ойлойм. Өз кадырыңды билбей, жаштар менен тең жарышып, бардык иштерге аралаша берген да болбойт. Бул биздин жашыбызга туура келбешин түшүнүү менен мамиле кылууга аракет кылам.

 

 

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2