2024-12-23
Интервью
Чынара Мамажакыпова: Элиме мурас калтыргым келет
Кыргызда илгертен мамлекеттин, коомдун жүгүн аял менен эркек бирдей көтөрүп келген. Азыр да ошондой. Өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө бел байлап, элге эмгек өткөрүүгө далалат кылып жүргөн айымдардын бири – Чынара Мамажакыпова. Ишкер айым менен анын ишмердүүлүгү, эмгек жолу, жасаган иши, максаттары жана үй-бүлөсү тууралуу сүйлөштүк.
- Саламатсызбы, Чынара айым. Жакында эле Өзбекстанга иш сапар менен барган элеңиз. Кандай жыйынтыктар болду?
- Саламатчылык. Өзбекстанга болгон иш сапарым жемиштүү аяктап, абдан жакшы сунуштар менен келдим. Эң эле биринчи туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Баарыбызга белгилүү, Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында Өзбекстандын Шахимардан анклавы жайгашкан. Ал жерде Мухаммед (САВ) пайгамбардын күйөө баласы, төртүнчү халиф Хазрат-Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) мүрзөсү бар деп ишенишет. Ыйык деп эсептелген мүрзөгө Өзбекстан аркылуу мусулман өлкөлөрүнөн зыярат кылууга келе тургандардын саны арбын экен. Мындан улам, Кыргызстан аркылуу туристтик каттамдарды уюштурсак, бул жол аркылуу Базар-Коргон менен Арстанбапка да саякат кылуу мүмкүнчүлүгүн түзсөк, экономикабызга бир топ пайда болмок. Туристтерге дүйнөлүк стандартка ылайык кызмат көрсөтүп, коопсуздукту камсыздоого мамлекет дыкат көнүл буруп, бардык жактан алгоритмдерди иштеп чыгып ишке киргизсек – жеңиш да, жемиш да биз тарапта болмок. Мисалы, тейлөөнүн бардык түрүн: “эконом”, “комфорт”, “люкс” системаларын сунуштасак, туристтер өзүнө ыңгайлуусун тандап, зыяратка келип кете берет эле. Адегенде чек арага чукул Наманган, Фергана, Андижан райондорунун элин турист катары кабыл ала турган болсок деле мамлекеттин капчыгына салым зор болот. Өзбекстандын эки облусунун жетекчилери берген сунуш боюнча Жалал-Абад облусунун башчылары жана Базар-Коргон шаарынын мэри менен жолугуп сүйлөшүп келдим.
Экинчиден, Түркия менен биргеликте эң көп пахта өндүргөн Жалал-Абадда боёк өндүрүүчү филиал ачуу пландарыбыз бар эле. Аны ишке ашыруу үчүн Базар-Коргондогу пахтаны кайра иштетүүчү заводдорду кыдырып көрүп, аларды заманбап техника менен камсыздап, өндүрүү кубаттуулугун жогорулатып, сырьёну башка жакка арзан кетирбей, өзүбүздө текстиль заводун ачууга толук мүмкүнчүлүк бар экенине көзүм жетти. Белгилей кетчү нерсе, биздин пахтанын сапаты өзбектердикине караганда жогору экени талашсыз. Учурда Түркия, ошондой эле Италия өңдүү Европа өлкөлөрү сатып алууга кызыкдар болуп, келишимдин негизинде иштеп жаткандар көп. Аймактагы 10 заводдун ар бири күнүнө 20-30 тоннага чейин пахтаны кайра иштетет. Эгер аны сапатын дагы да жакшыртып, экспортко чыгарсак, мамлекеттик казынага кыйла бел болмок.
Базар-Коргон шаарынын мэри инвестор тартып келүү аракетимди колдоп, бардык жактан кызыкдар экенин билдирди. “Колуңарга кол, бутуңарга бут болуп берели. Элди жумуш менен камсыздап, шаарды өнүктүрөлү”, - деп жылуу узатты. Ал мамлекеттик кызматкер катары купулума толду. Элине чындап күйгөн, жигердүү иш алып барууга далалат кылган мэр экенине ыраазы болдум.
- Андан башка кандай идеялар менен келдиңиз?
- Негизи эле, кошуна өлкөлөр менен абдан жакшы мамиледе болушубуз керек. Бул ислам дининде да айтылат. Кошунасы менен дипломатиялык, экономикалык, маданий жана башка бардык багыттарда алакасы мыкты өлкө гана өсө алат. Кыргызстан чек аралаш мамлекеттер менен эле жакшы мамиле түзүп, экспорт жана импорт маселелерин жөндөп, алаканы алдыга жылдырып эле жашап кетсе болот. Бул багытта идеялар абдан көп, алар ишке ашканда күбө болосуздар.
- Кыргызстандагы инвестициялык климаттын абалы кандай? Аны кантип жакшыртса болот? Бул багытта сунуштарыңыз барбы?
- Кыргызстандагы туруксуздуктан улам, өлкөгө инвестор тартуу көйгөйү бар. Кепилдик берип, инвестициялык климатты жакшыртуу багытында мамлекет тарабынан көзгө басаар иш аткарылган жок. Эгер атайын программалар иштелип чыгып, бийлик тарабынан кам көрүлүп, туруктуулук, коопсуздук камсыздалып берилгенде Кыргызстанга инвесторлор абдан көп келмек. Анүстүнө, пандемия шартында жакшы инвестор тартуу да өзүнчө түйшүк. Парламентке жаңы шайланып келген VII чакырылыштын депутаттары инвестиция боюнча жакшы мыйзамдарды жазып, бул багытта ишти илгерилетсе, инвесторлорду да ынандыруу жеңилдемек. Бул багытта сунуштарым абдан көп. 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн ЖКнын шайлоосуна да дал ушул инвестициялык климатты жакшыртууну негизги максат кылып аттанган элем. Менде бул боюнча натыйжасын бере турган программалар, долбоорлор бар. Инвестиция жана туризмди экономиканын локомотиви катары калыптандыруу зарылчылыгы күчөп турат.
- Кыргызстанга инвестиция сала турган потенциалдуу мамлекеттер кайсылар?
- Инвестор эң эле биринчи өзүнүн пайдасын ойлойт. Бул, албетте, табийгый көрүнүш. Ал үчүн пайданын көлөмү жана кепилдик абдан маанилүү. Биз инвесторлорго жакшы шарт түзүп, аларга системалуу атайын сунуштарды бере турган болсок, мен ойлойм, эң эле биринчи Түркия келмек. Түрктөр иштерман калк келет, алар талыкпаган эмгектин айынан күчтүү мамлекет боло алды. Мисалы, кошуна Казакстан жана Өзбекстанга келген инвестициянын 60 пайызы Түркиядан тартылган. Кошуналар түрктөрдү инвестор катары тартып, экономикасын өстүрүү менен биргеликте ишкана, завод, фабрика куруунун сырларын үйрөнүп, акылын уурдап жатышат. Келген инвесторду кармап калуу жана кызматташууну өнүктүрүүгө бардык тараптан аракеттери күч. Ал эми биз мындай иштиктүү жумуш кыла албай жатабыз. Анткени, биздин мамлекеттин инвесторго сунуштай турган белдүү программалары жок.
- Жеңил өнөр жайын экономиканын приоритеттүү тармагы катары сыпаттап келебиз. Биз бул тармакты дагы да кантип кеңейтсек болот?
- Бул суроонун жообу да кошуна өлкөлөр менен болгон жылуу мамиленин негизинде жатат. Тармактын ишинин солгундашында чек ара көйгөйү да бар. Учурда Өзбекстан жеңил өнөр жайы боюнча натыйжалуу иштерди алып барууда. Алар Европа мамлекеттери жана Орусия менен экономикалык карым-катнашын жакшыртып, өндүргөн товарларын да кыйла төмөн баада сунуштап иштеп жатышат. Анткени, кошуна өлкөдө жумушчу күч да арзан. Акыркы эки жылда биздин өндүрүштүн дээрлик 30 пайызын тартып кетишти. Ал тургай өзүбүздүн да көп ишкерлер ошол жакка кирип иштеп жатышат.
Эми, кырдаалды кантип жөнгө сала алабыз? Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Чек арадагы тоскоолдуктарды чечип, ишкерлерге шарт түзүлсө, тармакты бутка тургузуп кетүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биздин негизги артыкчылыгыбыз – сапаттуулук. Бирок, Европа стандарттарына шайкеш келүү үчүн дагы көп иштешибиз керек. Алар менен иштешип келе жаткан ишканалар да көп. Мисалы, өзүм дагы Европа базары менен кызматташам. Ал эми массалык түрдө чыгууда кыйынчылыктар бар, албетте. Бирок, жолго салса болот. Демек, азырынча Кытай, Өзбекстан, Казакстан менен мамилебизди чыңдашыбыз зарыл.
- Ишкерликтеги сапарыңыз тууралуу айта кетсеңиз? Кандай кыйынчылыктар, кандай жеңиштер болду?
- Оңой эч нерсе жок. Бардык иште кыйынчылыктар, тоскоолдуктар, сыноолор, тобокелдиктер болот. Эгер адам чынчыл, чыдамкай, көрөгөч, иштерман, сабырдуу, тырышчаак жана тобокелчи болбосо ишкерлик менен алектенбей эле коюшу керек. Бизнес өтө көп эмгекти талап кылат. Мына ушул сапаттарың менен бардык кыйынчылыктарды жеңип өтөсүң. Менин дагы ишкерликтеги сапарымда кыйынчылыктар да, жеңиштер да болду. Анын баарын тажрыйба жана жөндөмүм менен жеңип келе жатам. Негизгиси, балансты кармап туруу маанилүү. Анткени, бизнес – бул тобокелчилик.
- Учурда кандай ишканаларды иштетип, жетектеп жатасыз?
- Биздин “Brand Chiki” деген жеке компаниябыз бар. Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан менен иштешип жатабыз. Чек ара маселеси тоскоолдуктарды жаратып жаткандыктан, учурда атайын онлайн системанын негизинде иштеп баштадык. Бул платформада жеке биздин компаниянын товарлары гана эмес, Кыргызстанда өндүрүлгөн башка ишканалардын товарларын да онлайн сатуу боюнча сунуштарды берип жатабыз. Ишканабыз кеңейип, Өзбекстанда жана бир катар башка мамлекеттерде иштеп баштады. Жакынкы күндөрү Грузия менен сүйлөшүү планыбыз бар. Буюрса, жыйынтыктар биз күткөндөй болушуна ишенем.
- Кандай онлайн платформа?
- Кадимки Кытайдагы “Алибаба” сыяктуу онлайн базарды ишке киргиздик. Бул платформада Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды сатууга басым жасалат. Жадагалса, кыймылсыз мүлк менен соода кылса болот. IT тармагын мыкты өздөштүргөн кыргыз жаштары менен биргеликте өтө чоң команда топтодук. Күндөн-күнгө жумушчулар да, кардарлар да көбөйүп жатат. Биздин онлайн системада сунушталган товарлар дүңүнөн гана эмес, чекене да сатылат.
Учурда бул система 5 өлкөнүн 7 шаарында иштеп жатат.
- Электр энергиясы боюнча да билдирүүлөрдү айтып жүрөсүз. Бул багытта кандай долбоорлор бар?
- Электр энергиясы боюнча абдан көп долбоорлор бар. Биздин өлкөнү өнүктүрүүдө натыйжа бере турган долбоорлорду ийне-жибине чейин иштеп чыгып, китеп кылып чыгарып койгонбуз. Электр энергиясын өндүрүү боюнча да натыйжалуу долбоорлорубуз бар. Мисалы, мобилдик электр энергиясын өндүрүп, алыскы айылдарга жана жайлоолорго жеткирүү пландарыбыз бар. Ошондой эле, көчөлөргө жана өндүрүш имараттарына орнотууга да болот: жарык өчүп калган учурда электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип турат. Мобилдик энергияны күндүн нурунан жана суудан алуу жолдорун адистер менен кеңешип, Кыргызстандын шартын изилдеп чыкканбыз. Буга убакыт керек, албетте.
- Ишкерликтин көп тармагы боюнча иш алып баруу кыйын эмеспи? Айрыкча аял кишиге?
- Өтө кыйын. Анын баарын алып кетүү үчүн адамда бир гана нерсе болушу керек – ал каалоо. Убакытты туура пайдалануу менен баарына жетишүүгө болот. Бул инсандын өзүнөн. Мен бала кезден дизайнер болуу кыялы менен өскөм. Ал эми дизайнерлер жаратман адамдар болушат. Ойго кандай идея келсе, ошону ишке ашырууга болгон аракетимди жумшайм. Анан, адамдын аракетинде иреттүүлүк да сөзсүз болушу керек. Мисалы, мен бир долбоорду аягына чыкпай туруп, башка ишке кол урбайм. Бир ишти системага салып коюп, анан башка долбоорго аракет кылам. Адам бир жерде турбашы керек. Керек болсо күн сайын өнүгүп, алдыга карай кадам шилтеши абзел. Кудай берген талантты элдин пайдасына иштетүү зарыл. Мага Кудай эл үчүн сого турган жүрөк берген экен, элдин жыргалчылыгы үчүн иштеп жүрөм.
- Демек, дизайнерлик сизге табияттан берилген экен да?
- Энем колунан көөрү төгүлгөн чебер болгон. Дизайнерлик өнөр мага энемден өткөн. Ал жасаган шырдак, ала кийиздерди туристтер кымбат баада сатып алып кетишчү. Энеме күнү-түнү жардам берип жүрүп, чеберчиликтин сырларын жаштайымдан өздөштүргөм. Ийгиликке жетишимде энемдин салымы эбегейсиз. Абдан ыраазымын.
Дизайнерлик өнөр да акындар ыр жазгандай эле. Эргүү качан келерин билбейсиң. Жаңы идеялар, жаңы дизайндар күн болобу, түн болобу ойго келгенде дароо кагазга түшүрө калчумун. Анан калса, тигилген кийимдин сапатына абдан көңүл бурам. Мурда өзбек, казак жана тажиктер менен кызматташып жүргөндө алар да биздин кийим-кеченин сапатына абдан суктанышчу. Кошуна өлкөлөрдө биздин товарларга суроо-талап жогору болчу.
- “Аярзат” коомдук бирикмесин негиздеп, көп кайрымдуулук иштерди жасап келе жатасыз. Бирикме жөнүндө айтып берсеңиз? Кандай жумуштар аткарылды?
- Көптөн бери кайрымдуулук кылып келем. Динди өз ордунда карманганым үчүн адам тапкан пайдасынын 30 пайызын муктаждарга берсин дегенди абдан туура кабыл алам. Жашоодогу эң жакын адамым – энекем дүйнөдөн өткөндөн кийин атайын бирикмени негиздеп, 2020-жылдын башында расмий каттап, иштеп баштаганбыз. “Аярзаттын” ишинин башталышы пандемияга туш келип калды. Вирус күчөгөндө өлкөдө кандай кырдаал түзүлгөнү баарыбызга белгилүү. Элдин дары-дармекке, вирустан коргоочу костюмдарга болгон муктаждыгы болуп көрбөгөндөй күчөдү. Биздин ишкана буюртманын негизинде керектүү буюмдарды башка мамлекеттерге сатып, Кыргызстанда болсо акысыз таратып жаттык. Бир айдын ичинде 500 миң доллардын тегерегиндеги каражатты кайрымдуулукка жумшадык. Ал эми вирус күчөгөн 6 айдын аралыгында пландан ашыра жумуш аткардык.
Өз өмүрүбүздү тобокелге салып, көп кыйынчылыктарды баштан өткөрүп иштедик. Бир эле максат – эл кыйналып турганда жардамым тийсин дедим. Себеби, бул коомдук бирикмени мен ушунчалык таза ниет менен ачкан элем. “Аярзатты” негиздеп жатканда жүрөгүмдө элдин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгымды эч качан бийик койбойм деген тилек болду. Бардык нерсе ниетке жараша болот. Сооп иштерди жасоону Кудай буюрду, шүгүр. Кээде садаганы ачык берген да пайдалуу болот экен. Анткени, биздин артыбыздан дагы көптөгөн фонддор түзүлдү, жакшы иштердин учугу уланды. “Аярзат” кайрымдуулук иш-чараларын токтотпойт.
Биздин бирикмеде материалдык гана эмес, моралдык, укуктук, психологиялык жардамдар да берилет. “Аярзатка” көбүнчө аялдар кайрылат. Аталышынан улам аялдарга гана жардам берилет деп ойлошот окшойт. Жок, биз “аярлуулардын” баарына жардам колун сунабыз. Көпчүлүк бул бирикменин демөөрчүлөрү бар деп эсептешет. Андай эмес. “Аярзаттын” каржылык маселелерин жеке өзүм чечем, демөөрчүсү да өзүммүн.
“Аярзат” Кыргызстандын 7 облусунда жигердүү иштерди алып барууда. Учурда бирикме кеңейип, дүйнөнүн 48 шаарында өкүлчүлүктөр ачылды. Негизги максат – мигранттарга колдоо көрсөтүү. Материалдык жана моралдык жактан колдоого муктаж мигранттар кайрылса болот. Кайсыл шаарда кыргыздар көп болсо, ошол жактарга өкүлчүлүк дайындоого аракет кылдык. Мисалы, Түркиянын эки шаары: Стамбул жана Анкара, Орусиянын үч шаарын камтыдык. Мекенден алыста жүргөн мекендештерге бардык тараптан колдоо көрсөтүп, укуктук жактан да камкордукка алабыз.
- Өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык абалы тууралуу жөндүү пикирлерди, сунуштарды айтып жүрөсүз. Депутат болуу ниетиңиз да болду. Саясатка барууга болгон аракетиңиздин себеби?
- Бир себеби – жакшы иштерди жасоо, элге кызмат кылуу болду. Өзүмдү саясатта да сынап көрөйүн деген мотив да бар. Саясат деген саясат экен. Тобокелге бардым. Үч жолу шайлоого катыштым. Алгач “Ыйман нуру” партиясынан талапкер болуп, 10 миңден ашык добуш алдым. Ал шайлоо жокко чыгып, бийлик алмашты. Андан кийин “Тынчтык” саясий партиясын жетектеп бардым. Ишкерликтин оор арабасын тартып жүргөн адамга саясат жеңил сезилет экен. Бизнесте жаныңды карч уруп, абдан эмгек кылышың керек. Ал эми саясатта башкача эмгектенесиң. Элдин үнүн угуп, маселелерди өкмөткө туура жеткирип, анын аткарылышын көзөмөлдөйсүң. Адам калктын көйгөйүн чын дилиң менен кабыл алып, чоң жоопкерчиликти ала билгенде гана депутат болууга даяр болот экен. Мен ушундай жыйынтыкка келдим.
Саясатка аралашканымдын дагы бир себеби – жогоруда айтып өткөн долбоорлорду элдин пайдасына иштетүү болду. Анткени, эл өкүлү болгон учурда колуң узун болот экен. Көп маселелерди чечүүдө ыйгарым укуктарың болот. Мен ишкер айым катары өзүм үчүн деле жашай берсем болот, мисалы. Бирок, анте албайт экенмин. Элиме тарыхта кала турган иштерди жасасам деген бийик максаттарым бар.
- “Тынчтык” саясий партиясы тууралуу айтып берсеңиз?
- “Тынчтык” саясий партиясын шаардык кеңештин шайлоосунда жетектедим. Мына ошол шайлоодо саясаттын, партиялык иштин күңгөй-тескейин түшүндүм. Системаны ичинен көрдүм. Ал кезде партиянын курамында 54 эмес, 200 талапкер болушу керек эле. Оңой болгон жок. Тилектештерди топтой алдык, ар бири менен жекече иштештим. Жыйынтыгында, партияны шайлоо аянтына жогорку деңгээлде алып чыга алдык. Тилекке каршы, ал шайлоо да жокко чыгып, акыркы парламенттик шайлоого “Ыйман нуру” партиясынын тизмесинде талапкер болдум.
- “Ыйман нурунан” баратып, эмнеге кайра баш тартып койдуңуз?
- Талапкерлигимди албай эле койсом да болмок. Партияда алайлык эжекем бар болчу. Алайдан эки депутат шайланбай, башка аймактарда да мүмкүнчүлүк болсун деген ак ниет менен талапкерлигимди алып койдум. Анан калса, мандаттын айынан мамилемди да бузгум келбеди. Демек, Кудай да каалабады көрүнөт. Бирок, дарегиме айтылган алкоо сөздөргө абдан ыраазымын. Элимдин чыныгы колдоосун сездим. Алдыда дагы шайлоого баруу ниетим бар. Баары Кудайдын айтканындай болот.
- VII чакырылышка шайланып келген депутаттарга көңүлүңүз толдубу?
- Арасында эл үчүн күйүп иштей тургандары бар, жок эмес. Жаңылары да, эскилери да, билимдүү жаштар да келди. Өзүнүн кызыкчылыгын көздөп келгендер андан көп. Бул чакырылыш 40 пайызга купулума толду.
- Эгерде мамлекеттик кызмат сунушталса, кайсы кызматка барат элеңиз? Ушул жөнүндө ойлоп көргөнсүзбү?
- Мен мамлекеттик кызматка көп кызыга бербейм. Негизги максатым – элиме эмгек сиңирүү, элимдин жакшы жашоосу үчүн кызмат кылуу, кыргыздын тарыхында жаратмандыктын үлгүсүн көрсөтүү. Бардык аракетим ушул багытта. Муну мамлекеттик кызмат менен салыштырып болбойт.
- Айылдаштарыңызга кандай колдоо көрсөтүп келесиз?
- Көп колдоо көрсөтүп келем. Айрыкча, жаштарды колдоо мен үчүн приоритет. Таланттуу, шыктуу, жөндөмдүү жаштар айылдан көп чыгат эмеспи. Жакшы долбоорлорду колдоого дайыма даярмын. Мектеп окуучулары, мугалимдер, милиция кызматкерлери, дарыгерлерден жардамымды аябайм. Өзүм окуп бүтүргөн мектептин алдыңкы окуучуларына стипендия берип келем. Жакында эле атайын сынак жарыялап, жеңүүчүлөргө бир миллион сом ыйгардым. Бул каражат тандалып алынган мыктыларга 100 миң сомдон бөлүнүп берилет. Негизги максат – айылдагы идиректүү жаштарга стимул берүү.
- Ата-энеңиз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Атам кыйын киши болгон. Көп жылдар бою Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусия менен кызматташып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Алай районундагы дүкөндөрдү керектүү товарлар менен камсыздап турган. Менин дагы соодага ыктап, башка мамлекеттер менен мамиле түзө билүү жөндөмүмдү атам калыптандырган десем болот. Анткени, атам мени башка өлкөлөргө көп алып кетчү. Ошол мезгилде сооданын күңгөй-тескейин көрүп, көзүм бышкан экен. Чоң акча бар жерде сөзсүз келишпестиктер болот экен. Ал эле эмес, кайсы эл менен кантип сүйлөшүш керектигин да үйрөнгөн экенмин. Дүкөндөрдү өзүм ревизия кылып, товарлардын өтүмдүүлүгү, сапатына да баам салып жүрүп чоңойдум. Сатуучуларга да маалыматты мен берчүмүн. Ал кезде калькулятор да жок, совет доорундагы эсептегичтер менен иштегем.
Жогоруда айтканымдай, ийгиликке жетүүдө энемдин да салымы абдан чоң. Энем мыкты чебер болгондуктан, дизайнерлик өнөрдү алып калдым. Башкача аял эле. Бизди чыныгы энелик мээрим менен өстүрдү. Адамдык сапаттары да мыкты – эч качан бирөөнү жамандап же артынан сүйлөгөнүн көргөн эмеспиз. Кесиби боюнча медицина кызматкери эле. Атам иштешине уруксат бербей, үйдө болду.
Көп жыл рак оорусу менен алышты. Бул мезгил биз үчүн абдан оор болду. Энебиздин айыгып кетиши үчүн болгон аракетибизди жумшадык. Тилекке каршы, балдарынын сыйын көрө турган мезгилде дүйнөдөн өттү. Бейишин тилеп, дуба кылгандан башка аргабыз жок. Үй-бүлөсүн да тыкан карап, үйүн да жылуу кармап, бардык жагынан төп келишкен аял эле.
Бир туугандардын төртөөбүз. Эки уул, эки кызбыз, мен үчүнчүсүмүн. Бир туугандарымдын баары билимдүү адамдар: эжем 7 тилде эркин сүйлөгөн, окумуштуу даражасындагы инсан. Учурда Түркияда доктордук илимин жактап жатат. Агам менен иним дагы жогорку билимдүү. Негизи эле, биз билимге басым жасаган үй-бүлөбүз. “Эжени көрүп, сиңди өсөт” дегендей, менин билим алышымда да эжемдин салымы зор. Эжеме карап түздөнөм.
- Канча баланын энесисиз?
- Төрт балам: үч уулум жана кызым бар. Жакшы ийгиликтерге жетишип, мени кубантып турушат. Өз кезегинде мен дагы балдарыма колумдан келген колдоону бергенге аракет кылам.
- Алгач кайсыл жерде иштегенсиз?
- Мен барды да, жокту да көрүп өстүм. Кичинекей кезимден акча менен иштедим, энергиясын сездим. Барчылыкта жашадык. Кийин советтер союзу таркап, атам жумуштан чыгып ооруп калды. Көп күтүлбөгөн окуялар болуп кетти. Кыйын кырдаал түзүлүп, ата-энеме жардам берүү керек болду. Мектепти аяктап, университетке тапшырдым. Эрте менен окуп, түштөн кийин сатуучу болуп иштедим. Жумушумду кылдат аткарып, абдан жакшы натыйжага жеттим. Муну көргөн башка ишкерлер да мени менен кызматташууга кызыкдар боло башташты. “Жарымы мага, жарымы сага” деген сунуштар да түштү. Керек болсо, 80 пайыздык пайданы да берүүгө даяр ишкерлер болду. Иштеп жүрүп, 18 жашымда өз бизнесимди куруп кеттим. Алгач ишканамда 5 адам иштесе, кийин 10, 15, 50, 100гө жетти. Биз өндүргөн товарга суроо-талап жогорулап, ийгиликтерди багындырдык. Соодада таза иштегенде гана береке болот. Атамдан үйрөнгөн соода сырлары мага бир өмүргө жөлөк болуп келе жатат.
Кандай гана иш баштабайын, ошол нерсенин эки дүйнө сообу тие турган кылып бер деп тилек кылам. Бардык максаттарымды, кыялдарымды ишке ашырган Жаратканга чексиз шүгүр! Азыр “визуализация” деп жатышпайбы. Ошол нерсени мен бала кезде эле жасап койгон экенмин. Атайын убакыт бөлүп, отуруп алып азыркы жашоомду элестетчүмүн.
- Алдыга койгон максаттарыңыз менен бөлүшө аласызбы?
- Максаты жок адам болбосо керек. Максатсыз жашоо – адамга жарашпаган сыпат. Мен болсо тарыхта кала турган иштерди жасасам деп тилек кылам. Жараткан өмүр, ден соолук берсе ал максаттарга жетүүгө бардык аракетимди жумшайм. Биринчи кезекте ишке ашырууга камынып турган планым – Алай районун туристтик аймакка айландыруу. Учурда инвесторлор менен сүйлөшүп, изденип жатам. Кичи мекенимдин айыл өкмөттөрүнөн жакшы долбоорлор келген. Анын баарын быйыл ишке ашырууну пландап турам.
Алай району тарыхый инсандарды таптаган аймак. Артыкчылыктары, туристтер кызыга турган жагдайлар абдан көп: табият, экологиялык таза тамак-аш, нукуралуулук. Туристтер заманбап эс алуу түрлөрүнө анча кызыкпайт, биз аларга маданиятыбызды көрсөтүшүбүз керек. Комфорт түзүп, сапаттуу тейлөөнү камсыздоо зарыл. Алай районун, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытсам деген тилегим бар.
- Кыргызстандын керемети деп эмнени эсептейсиз?
- Өтө көп. Эң эле биринчи – табият. Экинчи – ресурстарыбыз! 3 миллиондон ашык калкы бар Грузия эмнеге өнүгүп кетти да, биз калып калдык. Анткени, кыргыздар бири-бирин колдогонду билбейт экенбиз. Жөнү жок бийлик алмаштырабыз, болбогон иштерге көп убакыт жана энергияны коротобуз. Бизде өнүгүп кетүүгө мүмкүнчүлүк абдан көп. Мен ушул жөнүндө көп ойлоном. Кыргыз бириксе гана өсүүгө болот!