AUCA the best 2

2024-12-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Бөдөш Мамырова: Бешинчи чакырылыш оош-кыйышы болсо дагы бир топ күчтүү парламент болгон

KEREEZ MEDIA коомдук жана мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырова менен маектешти.

1496992507.1.jpg

- Бөдөш Мамырова саламатсызбы! Биз сизди мурдагы чакырылыштагы активдүү айым депутаттардын арасынан тааныган элек. Азыр да болсо аял саясатчылардын арасында абройго ээ, өзүңүздүн саясий салмагыңыз бар саясатчылардын катарындасыз десек болот. Айтсаңыз, ошол 2010-2015-жылдардагы 5-чакырылышта депутат болуп иштедиңиз, ошол 5 жылдык депутаттык мөөнөтүңүз тууралуу айтсаңыз, кандай тажырыйба топтодуңуз, эмне катачылыктар кетти, кандай жетишкендиктериңиз болду жана ошол чакырылышка кандай баа берет элеңиз?

- Саламатсыңарбы! Мен негизи саясатка 2010-жылы келген жокмун, АНДАН бир топ мурун аралашкам. Кыргызстандагы демократиялык жолго бет алабыз деген учурда саясий ой-толгоолордун, саясий жүрүштөрдүн жана окуялардын арасында жүрдүм. Биринчи жолу 2010-жылы катышкан жокмун шайлоого, ага чейин биринчи жолу 2003-жылы катыштым. Анда «Ар-намыс» партиясынын абдан активдүү мүчөсү элем, Шаардык Кеңешке шайлоого катышып, бул партиянын тегерегиндеги бир топ кысымдарга байланыштуу өтпөй калганмын. Андан кийин 2005-жылкы шайлоого да катыштым. Анда дагы жол болгон жок. Өзүңөр билесиңер 2005-жылкы шайлоо абдан орчундуу бурулуш менен аяктады. Кийин 2008-жылы Жогорку Кеңеш Бакиев тарабынан таратылып кайра мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгондо ага да «Ар-намыс» партиясынын катарында катышканбыз. Анан 2010-жылы кайра эле ошол «Ар-намыс» партиясынан шайлоого катышып, ошондо мен Жогорку Кеңештен орун алдым. Жогорку Кеңешке барганга чейин Убактылуу өкмөттүн курамында миграция министрлигине бардым. Бул жакка да жөн жай эле келип калган жокмун. Анткени ушул саясий окуялардын, Кыргызстандагы бийлик алмаштыруулардын абдан активдүү катышуучусу болдум. Азыркы учурда артка кылчайып карасам көрсөм кээде өкүнүп кетем. Себеби бийликти мыйзамсыз жол менен алмаштыруунун катышуучусу катары келип калгандыгым болду. Бирок ал деле жөн жай эле болгон жок, элдин талабы, көпчүлүктүн талабы болду десем жаңылышпаймын.

- Убактылуу өкмөттүн курамындагы ишмердүүлүк боюнча

- Убактылуу өкмөттүн курамында министрликке кандидатурамды көрсөтүп, ошол жерде иштеп калдым. Абдан кызыктуу министрлик экен. Бир топ жакшы жумуштарды баштап, эң негизгиси ушул баштаган нерселеримди аягына чыкпай шайлоого кетип калдым. Бул биздин сыртта жүргөн, бүткүл өлкөлөрдөгүлөрдү болбосо да КМШ мамлекеттериндеги мигранттарыбыздын электрондук өздүгүн түзүү боюнча, ким кайсы жерде, эмне жумуш менен элек, кайда кетти деген суроолордун негизинде иштеп, ошону демилгелеп көтөрүп атканда шайлоого аттандым.

5-чакырылыш жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча

Шайлоого аттанып депутат болдум, фракциясынын ишеними менен төраганын орун басары болуп иштедим. Өзүңөр билгендей ошол жылы шайланып келген парламент бул Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жолку толук кандуу партиялык система менен башкача айтканда парламенттик башкаруу системасы киргизилгендеги биринчи парламент болуп эсептелет. Ушул жагынан алып караганда парламенттин иштөө стили, табияты, көз караштары да мурдагы парламенттерге окшобогон болчу жана ошондой болушу керек эле. Жаңы конституция кабыл алып, ошонун негизинде мурдагыдай баарын президент башкарып, жоопкерчиликке келгенде аткаруу бийлигине түртүп койгондон алыс бололу, бийлик бир колго топтолбосун, эгемендик алгандан бери бир да жолу бийлик мыйзамдуу жол менен алмашкан жок деп ушундай жолго түшкөнбүз. Парламенттик башкаруу болушуна ушул нерселер түрткү болду жана 2010-жылкы орчундуу маселелерден кийин адамдардын да көз карашы өзгөрдү. Мен айтат элем ошол бешинчи чакырылыш оош-кыйышы болсо дагы бир топ күчтүү парламент болду. Себеби беш фракциясы келди. Анын ичинде ачык-айкын оппозициялык маанайдагы партиялар келди, ортолукту карманган жана дагы ошол эле мезгилде ошол убактагы убактылуу өкмөттүн же болбосо президенттин, өкмөттүн жүргүзгөн саясатын колдогон, ошого ыктаган да фракциялар болду.

- Парламенттик башкаруудагы президенттин таасири боюнча

- 5-чакырылышта ар түрдүү фракциялар менен иштедик. Чындыгында талкуу болгон жерде, талаш болгон жерде иш жакшы жүрөт экен, бири-бириңди толуктап турат экенсиң. Мисалы, бир маселени карап жатканда, парламенттик башкаруу болгону менен, президенттин мыйзамдуу түрдө жоопкерчилиги азайганы менен ал көмүскөдө дагы эле бийлигин жүргүзүп турду. Биз ошол психологиядан бат арылып кете албай койдук. Өкмөттү парламент курады, баарыбир президенттин администрациясы парламенттен дагы өтүп, парламент кураган өкмөттү башкарып, көзөмөлдөп турду. Алардын көзөмөлү жок көп нерсе өтпөйт эле, анткени президенттин парламентте өзүнүн түзгөн фракциясы бар болчу, өзүнүн партиясы менен келген. Ошол жагынан да, мыйзамдуу тикелей болбосо дагы кыйыр түрдө, көшөгөнүн артында ал башкарып турду.

5-чакырылыштын бедели, курамы жана деңгээли боюнча

2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин биз кош бийликке ээ болуп калдык десем болот. Өкмөттү парламент курайт, президент көзөмөл кылат. Ошол жагынан өкмөт да бир топ чайналды. Азыр айтып жатышпайбы улам эле премьер-министрлер садага чабылып турду да. Бир жагынан жаңы биз өкмөттү курагандан кийин, парламентке парламенттик башкарууну түшүнгөн, парламенттин ийне жибине чейин эле сугарылган, деңгээли жеткен депутаттар келди дегенден алысмын, ар кандай адамдар келди. Башкаруучу коалиция деп коалиция түзүлдү. Коалиция өкмөттү курады. Булар өкмөттү толук бойдон, министрлерди койгон жагынан бир тамакты бөлүп алгандай эле бөлүп алышты да. Ошол жагынан өкмөт эки ара ойдо турду, бир жагынан башкаруучу коалицияга ыктап турат, көз каранды. Анткени алар түздү да. Экинчи жагынан президентке. Ар бир коалиция өзүнүн адамдарын киргизип жатты. Ошол эле мезгилде күчтүү парламенттик оппозициялык фракциялар иштеди. Күчтүү көз карашы бар оппозициялык маанайда ошол өкмөттүн кемчилигин, парламенттин да кетирип жаткан калпыстыгын, ошол эле мезгилде көшөгөнүн артында туруп алып президенттин администрациясынын жылжытып жүргүзүп жаткан иштерин да сындап бетке айтып турган, көп болбосо дагы саналуу сандагы күчтүү депутаттар турду. Бирин бири толуктап отурушту. Мен күчтүү парламент болду дегеним бул салыштырмалуу. Бизде легендарлуу парламент деген ат менен калган парламент болгон. “Однополый” парламент деген ат менен калган, “чөнтөк” парламент деген ат менен калган парламент болгон. Бул жылы деле көрдүңөр “чимкирик” парламент деген атка конду. Ошолордун ичинен, легендарлуу парламентти эске албаганда, биздин чакырылыш өз деңгээлинде күчтүү парламент болду.

- Кумтөрдү иликтеген депутаттык комиссия боюнча

- - Кумтөр көп убакыттан бери көйгөй болуп келе жаткан, эч ким кире албайт эле, ичинде эмне болуп жатканын жана биздин байлыгыбыз кайда кетип жатканын да эч ким билбейт эле. Кумтөрдөн канча руда казылып алынып кайда кетип жатат. Эч ким билген эмес. Ушул биздин парламент биринчи болуп ушуну ийне жибине чейин алып чыкты. Өкмөттү дагы түрттү, ошондон кийин өкмөт ойгондубу эмне кылды, өздөрүнчө бир сүйлөшүү болдубу, абдан баарын ачыкка алып чыгып койду. Кумтөрдүн ушул убакка чейин кылып жаткан ишин ачыкка чыгарып койду. Бул “тигилерге” да жакпай калды андан кийин биздин өкмөт менен, ошол эле мезгилде президент менен, президенттин администрациясы менен сүйлөшкөндөн кийин алар депутаттык комиссияга ишенбей, алар дагы кайра комиссия түзүп, алар дагы изилдеген. Учугу эмдигиче чубалып келе жатат. Андан тышкары бир топ маселелерди, Ош окуясы боюнча абдан чоң изилдөө болду, аны да депутаттык комиссия абдан так алып чыккан. Ага карабай сырттан башкаруу киргиздик, алар мыйзамдарды кабыл алды.

- ЖЭБди (ТЭЦ) реконструкциялоо боюнча

- ЖЭБди (ТЭЦ) реконструкциялоо боюнча мыйзам-ратификацияны кабыл алып жатканда канча кырчылдаштык. Ошол эле мезгилде айтканбыз, бул бир күнү болбосо бир күнү чыгат, туура эмес келишим болуп калды деп. Биз келишимди так караган жокпуз, тияктан эле түзүлүп биз акчаны кредитке кытайдан алып, кытайдын банкы аркылуу келип түшкөн. Ал жерде дагы көргөзүлгөн, эгерде кийин ЖЭБ бүткөндөн кийин эч кандай “претензия” койо албайбыз деген. Биз туура эмес экенин билсек дагы биле албайбыз, алар эмнени коюп кетет, эки труба койгон жерге бир труба койобу, ошону биз кайра айта албайбыз. Ушундай жабык түрдөгү келишимдерди кабыл алганда биз абдан катуу кырчылдашканбыз. Көрсө реконструкция болгондон кийин, жанагы сууну кайнатканда буу чыгып жатканда химиялык тазалоочу казан жаңыланбай калыптыр. Ошонун ичинен түтүн чыгып жатканда түтүн менен кошо чыккан оор металдар трубага жармашып калып калчу экен. Эмне үчүн бизде смог болуп жатат, машина көп, бирок жанагы тецтен чыккан түтүн мурдагыдай тазаланбай шыр чыгып кетип жатат. Баягы металдар кыштын күнү от жагылып төмөн жакта калып калып, жеңил таза бөлүгү абага учуп кеткен. Ушундай эл аралык маселелерде талашып-тартышканбыз.

- Мөңгү мыйзамы боюнча

 - Кумтөрдүн кызыкчылыгындагы Давыдов мөңгүсү, аз эле сандагы жерлерде бар дүйнөлүк деңгээлдеги мөңгү. “Вечная мерзота” деп бул мөңгүгө кызыккан, мунун изилдеген далай окумуштуулар болгон. Ошол мөңгү жөнүндөгү мыйзамды да биз кабыл албай койгонбуз, кырылышып жатып. Мен өз көзүм менен барып көргөм Кумтөрдүн баягы үстүндөгү алчу жеринин баарын алган карьерге суу толуп калган. Кийин биз депутаттык комиссиядан кийин алганбыз. Эгерде мындан ары изилдей турган болсоңор жердин түбүнө киргиле, мөңгүгө да коркунуч болуп жатат. Ошол эле мезгилде толуп калган суу калдыктардын бардыгын алып чыкканда силер үстүн каза албайсыңар, экологияны талкаладыңар мындан ары да талкаланат де ушундай шарт коюлган. Булар макул болбой, кийинкисинде мөңгүнү кесип башка жерге жылдырып берели, үстүнөн мурункудай каза берели дешкен. Анда да биз каршы турганбыз. Күчтүү депутаттар көп болчу бизде. Мөңгү деген таш эмес бир жерге алып барып коюп койгудай. Бирок, кийинки келген чакырылыш келээри менен Атамбаевдин кетээрине аз күн калганда ушул мөңгү жөнүндөгү мыйзамды да өткөзүп берип кетти. Ушундай бир топ факторлор менен алып караганда, өзүм отурганым үчүн эле эмес, салыштырмалуу түрдө бешинчи чакырылыштын курамы күчтүү, мыйзам жагынан дагы, маанилүү окуяларды, маселелерди караган жагынан дагы, өкмөттү кураган жагынан дагы өзүнүн орчундуу ою бар, деңгээлиндеги парламент болгон.

- 6-чакырылышка болгон шайлоо боюнча

 - Өзүңөр көрдүңөр 2015-жылдагы шайлоо абдан жакшы электен өттү, абдан жакшы синтезделди. Бешинчи чакырылыштагыдай бийликтин көкөйүнө тийген, көзүнө сайып чындыкты айтып турган депутаттардын бардыгын заказ менен киргизбей койду. Шайлоого бир жыл калганда 2014-жылдан кийин эле эже биз чогу барабыз, кийинки шайлоого барабыз деген девиз менен, биз деле партияны күчтөндүрүп жатабыз дегендер шайлоого жакын калганда ал оюнан баш тартып, сиз үчүн партиям сыртта калышын каалбайм деди. Мен аны туура эле түшүндүм. Анткени 2014-жылы биз жумушубузду баштаганда эле “группировка” башталган. Кимдер барат, кимдер кире тургандыгы белгилүү болуп калган. Мына ошондой парламентти алтынчы чакырылышта алып келди. Алардын баарын эле жаман дегенден алысмын. Мен байкасам, биз менен бирге парламентке келгенде унчукпай эле отуруп кнопканы басып койгондор бир топ жетилиптир. Бийликтин тарабын жактаса дагы микрофонго чыгып өзүнүн оюн айтып, бир топ жетилиптир. Ушул жагынан алып караганда, парламент саясий өнүгүүнүн, саясий жетилүүнүн бир жакшы мектеби экен. Ошол эле мезгилде саясатчылар мыйзамдуу жетилет экен. Каалайсыңбы каалабайсыңбы биз күнүгө мыйзамдарды карайбыз, ошого көңүл бурасың, окуйсуң, талкууга катышасың. Өзүнүн үстүнөн иштеген көп саясатчылар үчүн жакшы "”лощадка". Бул жери туура, бул жери мыйзамга туура келбейт экен, мындай сүйлөсөң конституцияга туура келбей калат экен деген бир топ ой жүгүртүүлөр болот экен. Ошол жагынан алып караганда, Жогорку Кеңеш өзүн пиар кылып жөн эле ары бери чуркагандардыкы эмес, парламент бул башы иштегендердики. Ал жерге барып башыңды иштетип,  акылыңды калчап мамлекетте гана эмес, сыртта болуп жаткан нерселер менен кабардар болуп, ошого өз деңгээлиңде “грамотно” баа берип, ошондон жыйынтык чыгарганды билип, ошол ойлогон нерсеңди мыйзам менен шайкеш келтирип, конституцияга, өзүбүз кабыл алган мыйзамга карама каршы келбей тургандай кылып, өзүңдү өзүң даярдашың керек да.

- Жаш эл өкүлдөрү боюнча

- Мен бул чакырылтан жаштардын деле көңүлүм толбой турат. Мен көрдүм барышты жаштар, жыртык тешик издеп, оңойураак, күн тийген жерге барып отура калайын, же болбосо интрига ошолордун чордонунда болуп, аны аяка муну бияка ташып, бир сөз менен айтканда өзүнүн эле тар чөйрөдөгү кызыкчылыгы үчүн алек болуп калышты. Ушул чакырылыштан мыйзамдын чегинде өзүн өнүктүрүп, өзүнүн үстүнөн иштеген жогорку деңгээлге болбосо дагы, келгенде мындай эле, сүйлөгөн сөзүндө, өзүн алып жүрүшүндө бир топ жогорку деңгээлге көтөрүлө баштады деп айта ала турган жаштарды көрө албадым. Ушул жагынан караганда, жаштарга деле азыр жогорку кеңешке келүүгө эртерээкпи же жалкоо болуп калышабы ал жерге баргандан кийин. Ал жерде талкуу аябай көп болот. Залда эле элем кабинеттерде жүрөт, сүйлөшүшөт, бири бири менен макулдашат. Бири-биринин оюн толуктайт, ача пикирлер да пайда болот, каршы пикирлер да пайда болот. Ошентип жатып анан бир пикирге келет. Ушундай учурда, мурда кийин коомдо орду бар, өзүнүн деңгээли, паам-парасаты бар депутаттар аны пайдалана билет. Жаштар болсо алардын ортосундагын ары бериге ташып жеңил желпиликке үйрөнүп калат экен.

- Алдыдагы  парламенттик шайлоо боюнча

- Азыр эми бир айдан кийин шайлоо болот, саналуу күндөн күндөн кийин элдин алдын чыкканы партиялар аттанып жатат. Жыйырма тогуз партия катталып, шайлоого аттанып жатыптыр. Ошонун баары эле парламентке келет дегенден алыс болуш керек. Бул жолку парламентке абдан салмактуу, абдан өз принцибинде турган, мамлекеттин кызыкчылыгын, элдин кызыкчылыгын Озүнүн кызыкчылыгынан жогорк койгон аркасы таза, бир топ билимдүү депутаттар келбесе мамлекет кичине опурталдуу болуп турат. Эмне үчүн опурталдуу болуп турат деп жатам. Биз жаңы конституция кабыл алдык, бийликти чексиз бир колго бердик. Жакында өкмөттүн жаңы курамы түзүлдү. Эч ким кийлигише алган жок, эми бул мыйзам ченемдүүлүк. Тар чөйрөдө талкуу болот, сөз болот. Мындай талкууну өкмөттүн бир мүчөсү алып чыгып ачык айтып салды. Мынтип айтты: бизге 45 депутат гана керек, ал бир жагынан туура айтты. Жогорку Кеңешке бир топ мыйзамдарды алып келет, эң негизгиси бюджетти алып келет. Негизге жана эл аралык ратификацияларды алып келет. Анткени эл аралык мыйзам чыгарууда, билесиңер Америкада да президенттик башкаруу бирок конгресс аябай күчтүү да. Ошол жагынан алып караганда ал туура айтып жатат. Өзүнө керектүү 45 депутатты алып алса, 90 депутаттын 45и бизди жактаса калганын айтпадыбы мага десе жер тепкилегиле кылыбыз кыйшайбайт деп. Ага белгилүү саясатчы Текебаевдин жообу болду. Акылбек Жапаров жөнүндө абдан таамай характеристика берди. Бул кишини жөнгө салып, айткан сөзүн көзүнө сайып, кече сен айттың, кылдың деп турганга өзүнү деңгээлинде, өзүнүн тармагында бир киши керек, абдан кыймылдуу жигит ал. Аны башкаруу үчүн андан деңгээли эки-үч эсе жогору болгон адам керек деди. Күчтүү парламент болбосо президент деле кыйналат. Президент өзү каалагандай бийлик жүргүзүшү мүмкүн. Бирок аны коом кабыл алабы? Тегерегиндегилердин бардыгы бийлик сиздин колуңузда деп туруп, тегерегиндеги жүгүрүктөрдүн барлыгы кемчилдигин да айтпайт. Коомдо болуп жаткан калпыстыктарын да айтпайт. Экономиканын, казынан да начарлап түшүп кетип жатканын да айтпай жашырып отуруп, бир күнү жалгыз сен жооп бердиң деп андан биз жоопкерчиликти сураган күндө кандай болот. Ушул жагынан президентке да абдан кыйын болот. Конституцияда сен башкарасың, баарын сен дайындайсың, сен билесиң деген менен ал бүт баарына жетишип, баарын изилдеп, баарын билгенге жетише албайт. Ошол жагынан алып караганда, Жогорку Кеңеш баары бир элдин өкүлү, эл менен тыгыз байланышта болот, элдин арасында болгон нерсе, президентке, президенттин аппаратына өкмөткө жеткенге чейин парламентке жетет. Мен аны өз тажрыйбамдан көрдүм да. Бул жолу эл, бир эле киши башкарыш керек экен, 120 депутат 120 бийлигин жүргүздү деп кайра президенттик башкарууга келдик. Келгенде дагы мурдагы президенттик башкаруулардан асман менен жердей айырма менен келдик. Каалаганыңды кыл дедик, кимди дайындайт өзүң бил деп. Мына жакында айыл өкмөттөрдү дайындайт экен. Мэрлерди дайындады. Бишкектин мэри Бишкекти ийне жибине чейин билиш керек, чарбачыл болуш керек. Бишкектин кайсы жеринде кандай көйгөй болуп жатат, ал эмес Бишкектин ар бир тургуну мэр менен тыгыз иштеш керек. Мэр Бишкек шаарынын кожоюну. Үйдө бир киши кожоюн болуп, баарын тескеп турат го, тигил бияка бул тияка деп ошондой болуш керек. Ошондой эле мааниде Ош шаарында болуш керек. Азыр эми айтып жатат ротация кирет деп, бирок Ошко бул жерден алып барып коюп койгон, Оштун өзүнүн  менталитетин, өзүнүн инфраструктурасын, ички көйгөйүн үйрөнүп ошону изилдегенге дагы эң болбоду дегенде эки-үч жыл кетет. Ага чейин калыбына түшүп калган нерселер кайра артка кетип калышы мүмкүн. Азыр коюп коюп жатат бирок жөн эле формалдуу түрдө башкарып жатат. Эгер мындай боло турган болсо, жакында жергиликтүү кеңештеги депутаттардын дагы күчү, функциясы жоголот. Ага да элдин кызыгы тарайт. Айыл өкмөттү бир жерден алып барып коюп койсо, айыл өкмөттөгү жанталашып мен депутат болом дегендердин кызыкчылыгы кетет. Өкмөттү шайлабасам эмне кылам, өзү шайлап ала берсин деп. Мындай өзүм билемдик бийлик, тарыхта, дүйнөлүк, эл аралык деңгээлде дагы көрүп жатабыз, жалгыз кишинин абсолюттуу бийлиги эмнеге алып келет. Бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү же эки,үч, беш жылдан кийин дагы мунун жыйынтыгы жаман болуп аяктап калышы мүмкүн. Ошон үчүн бул жолу эл абдан ойлонуш керек. Азыр айтып жатат биз жаңы жүздөрдү көргүбүз келип жатат деп. Мен айтат элем, ооба жаңылансын, жаңы жүздөр келсин, алардын ичинен жөндөмү бар, идиреги бар, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы деп ойлонгон жаштар эмес, баштар келиш керек, башы иштегендерди алып келиш керек. Ар бир мезгилдин өзүнүн убагы болот, жаштардын да өзүнүн убагы болот. Алар акыл токтото элек, мамлекет, элди ойлогонго алардын ою азыр башкада, бул табияттын деле мыйзамы. Урулуп согулуп, аткаруу бийлигинде иштеп, жергиликтүү бийликте иштеп, аркыны көрүп беркини көрүп, эгер бизнесте болсо дагы ошол бизнесин көтөрүүнү ойлонуп отуруп, нөлдөн баштап бизнести бир жерге жеткизгенден кийин, ошондо токтолуп, акыл калчап өзүнүн оюн бир жерге топтоп калганда ошондон кийин жаштардын баштары иштеп, аа ушунбай болот турбайбы деп, парламентке барганда алдына картаны жайгандай эле көрүнүп өзүн өзү ошол жерде калыптандыра баштайт. Эч нерсени билбей барып алып эле удургуп калып жатпайбы. Жеңил желпи аркы агымга берки агымга кошулуп башкача манераны күтүп жатат. Бешинчи чакырылыштагы бир топ адамдарды көрүп отуруп мен айтам да, атаганат ушул бала могу жерде иштесе мүмкүн башкачарак болот беле деп. Ушуну тарбиялап, акырын тепкичтен тепкичке тарбиялап отурса мүмкүн башкачаоаак кадр чыгат беле деп. Бирок ал жерден калыптанып алгандан кийин, биринчи эле сеирикке чыгып, жыртык тешикти билип алгандан кийин төмөн түшүш кыйын болот экен. Түшкүлөрү келбейт, алар андан ары чапчый баштайт экен. Ошон үчүн бул жолку шайлоо абдан маанилүү шайлоо.

- Партиялык жана бир мандаттуу шайлоо боюнча.

- Партиянын ролу жакшы болбой калды, парламенттик башкарууну алып таштады. Президентке бийликтин баарын бергенден кийин партиялык системаны эмнеге киргизди, бир мандаттуу эле кылып койбойбу деп дагы ойлойсуң. Ошол жерде кырчылдашып, элдин элегинен өтүп келет эле. Партиялык система менен киргизип жатат азыр, жарымын бир мандаттуу система менен деп. Округдарды бириктире баштады, азыр көрөсүңөр да эки-үч регион биригип бир мандат чыгара турган болуп жатат. Бул жерде дагы абдан чалкештик болот. Ал эми партиялык система менен баргандарда ар бир кандидатка добуш берүү системасын киргизди. Бул дагы бизде биринчи жолу практикаланып жатат. Өзү партиялык система болгондон кийин биз 2010-жылы эле киргизсек кандай болот эле ойлойм да. Парламенттик башкаруу кирген мамлекеттерде ушундай система бар. Мен аны Шведциядан барып көргөм. Шведцияда партия, партиянын ичинде белгилүү бир жерге чейин фамилиялар кирет экен. Кээде лидер дагы жетиштүү добуш албай парламентке кирбей калган учурлар болот экен. Ошол жагынан кимге ишениш артып, кимге добуш бергени ачык айкын болот. Ушул жагынан элдин ишеничин алып келесиң. Ошондой болгонуна жараша же парламенттик система же бир мандаттуу системаны киргизиш керек эле. Ар кандай түшүнбөстүктөр болот, ошого бул шайлоо абдан курч өтөт.

- Таза шайлоо өткөрүү мүмкүнбү?

- Президент айтып жатат шайлоону таза өткөзгүлө деп. Ошого да абдан этият болуп жатат. Мкрда президенттен бата алды, президенттин партиясы деп койушчу. Ошондой азыр деле айтып жатышыптыр. Ата-Журт-Кыргызстан болсо элдин баарына сиңип калган Камчыбек Ташиевдин партиясы деп. Бирок ал өзү деле кирген жок. Андан башка дагы бир эки үч партия дагы айтып жатыптыр. Ошол кабар жеткенби президентке, президент кайра-кайра айтып жатат: эч кимге ээрчибегиле, таза шайлоо өткөргүлө деп. Бул жолу таза шайлоо өткөрүүнү өзү да иш жүзүнө ашырайын деп жатат окшойт, биринчи жагынан. Экинчи жагынан мына ушул мезгилге чейинки мыйзамсыз бийлик алмаштыруу бардыгы шайлоонун арты менен чыккан. Ошон үчүн бул жолу эч ким жаңылбаш керек. Таза шайлоо өткөзгөнгө президент өзү да кызыкдар болуп жатат. Мен да сураштырып жатам да. Баары эле таң калып жатышат, мурда чакырып алып сен канча киши алып келесиң деп, мынча алып келем десе ал аз, мынча алып келишиң керек. Болбосо булар бийликке келгенде жаңы система болот иштен кетип калышың мүмкүн деген ачык болбосо да акырын жумуштар жүрчү экен. Ал эми азыр жер-жерлерде, жергиликтүү бийликтер айтып жатыптыр, айрыкча врачтарды, мугалимдерди, бирөөң да аралашпайсыңар, агитацияга катышпайсыңар, добушуңарды гана бергиле бүттү. Эгерде байкап кала турган болсок, таарынбагыла жумуштан кетесиңер экинчи жумушка алынбайсыңар деп жатат, ушул чынбы деп менден сурашат. Мен айттым, чын. Этият болгула. Берген дагы шайлоодон четтетилет, алган сен дагы жумуштан кетесиң, жазалоо болот деп айтып жатат. Ошон үчүн ар бир шайлоого кетип жаткандын жасаган иштерин, кандай иштеди эле, бирдемеге аралашты беле, казынага кол салды беле деп изилдегиле. Убакыт бар шайлоого чейин, ар бирин изилдеп чыккыла. Партияларды да караш керек, жаңы жүз десе эле кече түзө коюп бүгүн шайлоого алып кетип жатат. Мен айтып койоюн, мен 1997-жылы “Ар-намыс” партиясына киргенмин. Көп жылдык партиялык тажрыйбам бар. Партия бир күндө, бир жылда, эки жылда толук кандуу калыбына келбейт. Мына Коммунисттик партия 70 жыл өкүм сүрдү. Өзүнүн калпыстыгынан кыйрады. Түшүнүш керек да ошол 70 жылда коммунисттик партия дагы кымтыксыз өсүп өнүгө алган жок. Кемчиликтеринин айынан бир күндө ыдырап түшүп калды. Ошон үчүн шайлоого бир ай калганда же жарым жыл калганда партия түзө коюп, тияктан бияктан элдин баарын чогултуп, туган-туушкандар менен түзүп, тигиним бар мунум бар деп ооз көптүргөн адамдар менен партия түзүп анан парламентке кирем деген бул абсурддук. Буга чейин административдик ресурска таянышкан, менин алган маалыматтарым чын боло турган болсо бул жолу өтө курч жана ачык шайлоо өтчүдөй болуп жатат. Мындай болсо, кечээ эле жаңы түзүлгөн, жаңы жүздөрбүз деген партиялар электен өтпөй калышы мүмкүн.

- Шайлоого кайсы партиянын тизмеси менен катышасыз?

- Мен “Азаттык” саясий партиясы менен шайлоого аттандым. Суроолор болушу мүмкүн бул мурун башка партияда эле кайдан бул жака аттап кетти деп. Ооба Ар-намыс партиясынын түптөөчүлөрүнүн, бул партиянын саясий өнүгүшүнө салым кошкон негизги мүчөлөрүнүн биримин десем дагы болот. Биз бул партияны түптөгөндөр менен парламентке келе албай калдык, ар түркүн адамдар менен келдик. Алар шайлоонун гана кызыкчылыгы менен келгендер экен, шайлоо бүткөндөн кийин өз-өз жайына кетишти. Биз алар менен шайлоого барабыз деп мурунку Ар намыс үчүн берилген, идеяга суугарылгандардан дагы ажырап калдык. Партиябыз саясатта күчүн жоготту. Ошол себептен мурунку 2015-жылкы шайлоодо дагы ушул “Азаттык” партиясы менен баргам. Биз кандай принцип менен бул азаттык партиясына кошулганбыз? Азаттык партиясы 2008-жылы түзүлгөн партия. 2010-жылы да чыккан бирок КСДП партиясына кошулуп кетишкен. Ал убакта убактылуу өкмөттө бир идея бир көз караш менен жүргөндөр бириккен. Биз 2015-жылы негизинен президенттин администрациясынын батасын албай калгандар, алар тизмеден чийип койгондордун бардыгы ошол Азаттык партиясына бириккенбиз. Анткени, бизди көз көрүнөө эле, генерал Исмаил Исаковду баш кылып Атамбаевдин администрацисы такыр жолотпой, жок кылалы дешкен. Анткени ошол бешинчи чакырылыштагы менин купулума толгон, элдин дагы бир топ жакшы пикирин жараткан  бешинчи чакырылыштагы парламентти кызытып, парламенттин күчүнө күч кошуп турган депутаттарды 2015-жылы чапкан. Баарыбир биз өтпөсөк дагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кандай парламент келе жатат, кандай болот дегенди жакындан айтыш үчүн бириккенбиз. Биз максатыбызга жеткенбиз ошондо. Беш жыл бою баары айтып жатышты, айтканыңар туура болгон экен деп. Мага түз чалып айтып жатышты, сиздин кээ бир фразаларыңызды ушул парламентте макал катары көрдүк деп. Азыр дагы аттанып жатабыз. Биз барышыбыз керек экен деп баратабыз. Мен абдан көп ойлондум, абдан көп чакыруулар болду 4-5 партияга. Негизги өтөбүз деп жаткан 3-4 партияга чакырылдым. Бирок мен бир идея менен бир принцип менен, пикирим келишкен адамдар менен парламентке барып ошол жерден оюмду айтып турганды туура көрдүм. Анткени парламент талкуунун аянтчасы. Жалгыз өзүң болсоң айтасың айтасың, бирок сенин айтканыңды талкуулаган сенини санаалаштарыңдын, пикирлештериңдин колдоосу болбосо кыйын болот. Ошон үчүн биз кетип жаткан партия мен ойлойт элем президенттин иштөө стилине, иштөө системасына биз өзүбүздүн идея, өзүбүздүн принцибибиз менен жол ачып, кыйшайып кетип жаткан жеринде токтотуп, түздөп туралы деп жатабыз. Эми элдин колунда эл кандай тандап алат. Мен айтат элем шайлоочуларга өтө ойлонуп туруп тандаш керек, силер деле шайлоочусуңар да силер да көз саласыңар, журналисттер деген коомдун күзгүсү. Мен саясий карьерамда бир да журналист менен өйдө-ылдый айтышып көргөн эмесмин. Тескерисинче менин ушул саясатка белгилүү болуп аралашып кеткенимдин бирден бир себеби мени журналисттер чыгарды. Эгерде журналисттер болбосо, рахматылык Мелис Эшимканов болбосо мен жөн эле Ар-намыс партиясында активист катары калат элем. 2000-жылы Кара буура шайлоо округунан биздин лидерибиз ат салышып калды ошол жерге мен экинчи турда эки күндүк байкоочу болуп барып, ошол жердеги калпыстыктарды байкап, ошол жерден интервью берип, менин интервьюмду Мелис Эшимкановдун кезинде чыгарып, кийин бүт эл аралык массалык маалымат каражаттары дагы, ал эмес эл аралык уюмдар элчиликтердин алдына алып чыгып, ошол жерден мага интервью бердирип отуруп мени саясатчы кылып ташатагн. Ошондуктан мен журналисттерге көп ишенем. Эми азыр ар кандай журналисттер бар. Аларды да түшүнсө болот. Анткени биз өзүбүз дагы алсыз болуп баратабыз, коом дагы өнүгүүнүн ордуна артка кетип жатат. Ошого жараша өзүбүзгө жараша журналистер чыгып жатат. Ошентсе дагы мен журналисттерди өзүмө жакыныраак көрөм. Ошон үчүн силер дагы көз салып, каерде калпыстык болуп жатса ошону айтып, президент өзү да айтып жатат таза шайлоо өткөзгүлө деп. Таза шайлоонун өтүшүнө силер дагы кол кабыш кылсаңар жакшы болот эле. Ушул жолу таза шайлоо өткөрсө болот бекен, таза жүздөр, таза адамдар келе алат бекен ушуну биз коңшу мамлекеттерге, эл аралык коомго да айтайлычы. Качанга чейин биз шайлоонун артынан ызы-чуу болуп бири-бирибизди кубалап жүрөбүз. Шайлоодон кийин жыйынтыгын да көрөбүз. Бул элдин тандоосу. Капа болбош керек. Коомго жараша, элге жараша да, эшегине жараша тушоосу деп апам көп айтат эле да. Бирок бул бираз серт угулат бирок, элдин пейилине жараша, эл кандай тандаса башчысы ошого жараша болот. Азыр ушунда байкасак болот, элге да сабак болду бекен, эл да өзүн-өзү сын көз менен карай алды бекен. 

- Маегиңизге ыракмат!

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2