AUCA the best 2

2024-12-22

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Виталий Пукаев: Карантинден кийин психологиялык жардамга муктаждар көп

Коронавирус пандемиясы адамдарды психологиялык жактан да сындырды. Учурда көпчүлүк психологдун жардамына муктаж болуп турат. Окурмандардын суранычын эске алып, Kereez журналы психолог, гештальт-терапевт, Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын окутуучусу Пукаев Виталийдин интервьюсун жарыялайт.

Дүйнөдө түзүлгөн кырдаал эч качан тең салмактуу болбойт. Жашоо – бул өнүгүү, тынымсыз өзгөрүү, өзүнчө агым. Биз кандайдыр бир образдарды тең салмактуулукта көргүбүз келет. Коронавируска байланыштуу карантин жаңыдан киргизилгендеги абалыбызды эстеп көрсөк, абдан интенсивдүү сезимдер менен курчалып калдык: дүрбөлөң, коркуу, ызалануу, кырдаалды кабыл албоо жана көнүмүш нерселердин үстүнөн көзөмөлдү жоготууга дуушар болдук. Тоскоолдуксуз кыймыл-аракетте болуу, көнүмүш физикалык активдүүлүк, эрте мененки эс алуу багындагы көнүгүүлөр, кофенин жагымдуу жыты, сүйүктүү кишилер менен жолугушуулар, баарлашуулар – мунун баары өзүнөн-өзү боло берчү нерседей кабыл алдык. Карантинде болсо, таптакыр башкача жашоо образына көнө баштадык: кимдир-бирөө бул учурду жакшы жакка пайдаланып кетти, айрымдар ашыкча салмак кошуп, жакындары менен урушуп, депрессияга түшүп калды. Башкалар жадагалса, ишмердүүлүгүн алмаштырып, өзгө шаарга көчүп кетүү чечимин кабыл алышты. Эми биз кайрадан “жашоого кайтып жатабыз” жана турмушта көптөгөн өзгөрүүлөргө туш болдук.

Коронавируска байланыштуу учурдагы кырдаал адамдар үчүн да, мамлекет үчүн абдан маанилүү деп ишенем. Жаракат алуу оңой, бирок аны сакайтуу кыйла аракетти талап кылат. Тобокелдиктер абдан көп жана алар өз ара тыгыз байланышта: экономикалык, каржылык, социалдык, психологиялык.

Негизги учурлар – коомчулукту алсыраткан социалдык адилетсиздик, мамлекеттик машинанын туруксуздугу, көптөгөн башкаруу системасынын, тактап айтканда билим берүү жана саламаттыкты сактоо, бизнестин кыйрашы. Бул жумушсуздукка алып келет. Бул ар бир адамга, ар бир үй-бүлөгө жана бүтүндөй бир социалдык топторго тиешелүү.

Ошентип, бир жагынан коронавирус, экинчи тарабынан – коркуу пандемиясына туш болдук. Бул маалыматтык-психологиялык кампания. Бул адамдын эң талылуу жеринен кармаган эбегейсиз стресстик фактор: ден соолук жана алсыздык. Илдетти жуктуруп алуу коркунучу, өлүм адам үчүн эң негизги пихологиялык көйгөйү. Бул маалыматтын көпкө чейин сакталышы жана таасири адамды стресске туруштук бере алчуларды да жыгышы ыктымал. Анүстүнө бизде “маалыматтык экология” жөнүндө түшүнүк аз, ал эми адамдардын маалыматты иргеп кабыл алуусу, сын көз караш менен кароо же масс-медиа менен байланышты азайтуусу үчүн убакыт талап кылынат.

Бул стресс кишинин эркиндиги жана тандоо мүмкүнчүлүктөрүн чектегени үчүн адамга олуттуу көйгөй катары кабыл алса болот. Каржылык жагын да эске алуу керек. Стресстин жабыркатуучу жактары – бардык окуялардын бир учурда болушу жана багыттарынын көптүгү. Башка жагынан караганда, чынын айтайын, мамлекет тарабынан колдоонун жетишсиздиги. Жарандар өз мамлекети аларды “таштап” койгонун туйду. Жардам берүү боюнча бир канча сөздөр айтылганы менен иш жүзүндө андай болгон жок, тилекке каршы. Көпчүлүк иштеп акча табуу мүмкүн болбогон шартта “жашоо үчүн күрөшүүгө” аргасыз болушту. Ал эми тиешелүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн негизги “түшүндүрүү иштери” колдоо эмес, тескерисинче, “тыюу салуу” менен гана чектелди. Бул адамдарды ого бетер жиндентип, бийликке болгон ишенимин жоготту. Бул дагы биздин ички жана тышкы туруктуулугубузга терс таасирин тийгизди. Мындай кырдаалда адамдар албетте психологиялык жардамга муктаж болот. Коом бул мүчүлүштүктөрдөн психологиялык таасирленет: кыжаалатчылык өсүп, агрессия даражасы жогорулап, тилекке каршы, өзүн-өзү өлтүрүүгө да аракеттер болду. Айрымдар экзистенциалдык маселелерден өз алдынча арылууга аракет кылышат, бирок бул кырдаал жакшырып кетет деген сөз эмес. Бул жакынкы аралыкта психосоматикалык жана соматизацияланган бүлүнүүгө алып келет. Алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү адамдар “стресстен арылуу” жолу катары кабыл алгандыктан, наркологияга кайрылгандардын саны көбөйгөнү кабарланууда. Ошентип, жогоруда айтканымдай депрессиялык симптоматиканын өсүшү күтүлүүдө. Посттравматикалык стресстик бүлүнүү да өсүшү мүмкүн.

Башка жагынан карасак, психика абдан ийкемдүү келип, адам ар кандай кырдаалга көнүп кете алат. Карантин учурунда психологиялык жактан өзүн сактоого өтө аз көңүл бурулду. Бул адам баласына абадай керек болгон бүтүн бир система: ички ресурстарга кам көрүү, физикалык активдүүлүк, релаксация, стресске каршы дем алуу жөндөмдөрү жана стресстен кийинки калыбына келүү мүмкүнчүлүктөрү. Мунун баарын карантинге карабай, өмүр бою жасоого болот. Ал эми эмоционалдык саламаттыкты калыбына келтирүү болсо, анын “жабыркоо” даражасынан көз каранды. Эгер олуттуу өзгөрүүлөрдү байкасаңыз (уйкусуздук, жаман түш көрүү, түнү көп ойгонуу, маанайдын бат өзгөрүшү, жини бат келүү, коркуу, конфликттүүлүк, агрессия), ойлоруңуз бат өзгөрүүгө дуушар болуп жатса, кыжалатчылык ыңгайсыздыкты жаратса анда психологго, психотерапевтке кайрылуу керек.

Ошондой эле, оюңузга болгон психологиялык дисбаланска да көңүл буруу маанилүү: өзүнө-өзү ишенбестик, ички күчтү, ишенимди жоготуу, өзүн күнөөлүү сезүүгө. Эгерде дене ооруксунса, баш ооруса, жүрөктүн согушу жана дем алуу оорлошсо, ашказанда оору турса, бат чарчоо, эс тутумдун начарлашы да психологдун жардамына муктаж экениңизден кабар берет. Бул стресстин үчүнчү фазасы эсептелип, алсыздыкка, ички боштукка жана активдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келет. Мындай кырдаалда адам өзүнө-өзү жардам берүүгө да далалат кылышы керек.

Бул кубулуштар жумушта да коштоп жүрүшү ыктымал. Баарын биринчи күнү эле “мыкты” аткарып коюуга аракет кылбаңыз. Өзүңүздүн күчүңүздү жана ресурстарыңызды эске алуу менен максаттарды коюп, пландарды иреттеңиз. Карантин аягына чыкканы менен карантин учурундагы көнүмүш адаттар али да сиз менен. Биз эми мурдагыдай эмес, өзгөргөн шартта жашоого көнүп, жашоону жаңы түшүнүк менен кабыл алып жашашыбыз керек болот. Адаптация үчүн өзүңүзгө убакыт бериңиз: уйку, табит, режим, жагымдуу нерселерди тартуулаңыз. Параллелдүү биз карантиндин “жыйынтыктарын” чыгарып баштайбыз: эмнеге жетишкибиз келди эле, натыйжада эмнеге жетиштик. Эгер өзүңүзгө койгон талаптарыңыз абдан бийик болуп, бирок ага жетпей калган болсоңуз кайгырбаңыз. Бул тажрыйба да сизге керек. Көп суроолор жоопсуз калганын эске алыңыз: жумуш, каржы, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, кыймыл-аракет, саякат, жашоону пландоо. Бул үчүн да күч керек. Убакыт да зарыл. Мына ушул нерселерди өзүңүзгө тартуулаңыз. Негизгиси, “жаңы” жашоо мурункудан жаман болот деген ойдон алыс болуңуз. Биз абдан керектүү жана маанилүү болгон тажрыйба топтодук. Кыйынчылык көпчүлүктү чыйралтат. Демек, алга карай жыла беребиз.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2