2024-12-22
Интервью
Үмүт Мукамбетова: Аялдын бир гана түйшүгү бар – үй-бүлөнүн отун өчүрбөшү керек
Мындан 8 жыл мурда КЖ ИНФО маалымат агенттигин түптөп, кыргыз ЖМКсында алгачкылардан болуп жаңы форматта иштеп баштап, учурда Кыргызстандагы алдыңкы Kabarlar.kg маалымат агенттигинин жана Үмүт ТВ телеканалынын жетекчиси Үмүт Мукамбетова жеке ийгиликтери менен бөлүштү.
- Саламатсызбы, Үмүт Кушбаковна, Эл аралык аялдардын Жаз майрамы менен куттуктайбыз! Алгач аялзатка таандык суроолор менен кайрылсак. Аял болуп жаралуу, анын оор жүгүн аркалоонун сиз үчүн кандай мааниси бар?
- Саламатчылык. Мен да жалпы аялзатты жаз майрамы менен куттуктайм! Аялдык бакыт каалайм демекчимин, анткени ал мейкиндиктин ичинде чексиз бактылуулуктун түгөнгүс түйшүктөрү бар! Мусулманчылык бул күндү майрам деп тааныбаганы менен, жаратылыштын мыйзамында кыштан кийин жаз келери белгилүү болгондой эле, жаз менен катарлаш аялзатынын жашоосундагы бир күн жеке майрам катары каныбызга сиңип кала берди. Башка жагынан алып караганда аялдын өмүрүндө канча бактылуулук камтылса, анан түйшүгү да ошончо, кээде андан да коп болоору белгилүү эмеспи. Бейиш эненин таманында экени ырас болсо, ошол эне наристе болуп төрөлгөн күндөн тартып эле күндө майрамдагыдай сыйлап, улуктап, барктап өтүш керек деген да ойго келесиң. Ошондуктан, менимче бул жашоонун ар бир күнү эненин, жубайдын, кыздын майрамы катары кабыл алсак болот. Жадагалса генийлер сереп салгандай “жер да тегеренген бир огунан чыгып кетпей, энелердин мээримине чырмалышып, бир нукта айланып турат”,- деген сөзгө маани берсек анда чындыгында эле эмне үчүн “Жер Ата” деп айтылбайт, жандуунун баарын койнуна батырып баккан да жер эне болуп жатпайбы.
Ал эми өзүмдүн аял болуп жаралганым жөнүндө айта кетсем, мен үй-бүлөдө алты бир туугандын бешинчи кызымын. Тукум улаар деп уулду күткөн атам бешинчи кыз болуп мен төрөлгөндө башкача сүйүнгөн дейт. Менден кийин атам уулдан үмүт кылбай, балдарынын акыл-эстүү болуп чоңоюшунан жана бардык нерседен жакшылыктын жышаанын гана күткөн атам, эл үмүтүн актаган чыгаан кыз болсун деп, ысымымды Үмүт деп атаган экен. Ата-энем каалагандай эле, менден кийин уул төрөлгөн. Алты баласы тең жогорку билимдүү болуп, мектеп жашыбыздан ата-энебиздин башын жер каратпай чоңойдук. Ал эми эл үмүтүн актап жатабызбы же жокпу, ага эл өзү баа берет го деген ойдомун. Үй-бүлөдө эки эжем экономист, эки эжем политехникалык институтту ийгиликтүү аякташкан. Мен журналистикалык кесипти аркалап, бүгүнкү күндө өзүңүздөр билгендей маалымат агенттигин жетектеп келем.
Өзүм төрт баланын: үч кыз бир уулдун апасымын. Кыздарымдын улуусу турмушта, экинчи кызым окуусун аяктап жеке ишкерлик менен алектенет. Кичүү кызым студент, уулум окуучу. Эки неберем бар. Аял болуп жаралып, анын оор жүгүн аркалоонун бир гана мааниси бар – ал үй-бүлөнүн коломтосундагы отту өчүрбөй туруу.
- Сиз түптөгөн Kabarlar.kg маалымат агенттигинин бүгүнкү күндө абалы кандай? Коомчулуктун кээ бирлеринин пикири боюнча маалымат айдыңында сайттардын саны көбөйүп, сапаты начарлап баратканы да айтылат...
- Kabarlar.kg маалымат агенттигин мен жалгыз түптөгөн эмесмин. Программист Кыялбек Тойчиев экөөбүз биргеликте мындан 8 жыл мурун КЖ ИНФО маалымат агенттигин ачып, бир жыл иштеткен соң кыргызча ат менен замандын талабына ылайык башка сайт ачууну туура көргөнбүз. Ал убакта деле күндөн-күнгө техникалык жана ой жүгүртүү жагынан сайттардын жаңы түрлөрү чыгып баштаган. Ачыгын айтканда, элдер гезиттерден караганда сайт аркылуу маалымат алууну жеңил көрүп, окуп башташкан десем да болот. Ошол учурда эми бизди көбүнчө кыргызтандыктар окуп аткан соң, кыргызча эле атоону туура көрүп, Kabarlar.kg аталышта жаңы сайт ачканбыз. Көпчүлүк маалымат борборлорунун ачылышына көмөк көрсөткөндөр, каражат жагынан жардам бергендер болот. Биздин жеке бизнесибиз же каржылоочу адамыбыз болбогон соң, көп учурда суранган күндөрүбүз деле болду. Келген жардамдардын баарын болушунча сайтты техника менен жабдууга сарптаганга аракет кылганбыз. Мисалы, Кыргызстанда биринчилерден болуп түз корсотүү аппаратын алып келип жаңылык катары көрсөткөнбүз. Тартып алып жамап-жазгабай, болгон чындыкты түз көрсөтүү ансыз да чындык издеп араң турган коомго аябай жаккан. Азыр маекке келген саясатчы, коомдук ишмерлерге “бул аппаратты сиз берген жардамга алгам, муну сиз алып бергенсиз”, - десем, өздөрү да эстей албай таң калышат. Муну менен айтайын дегеним, ал инсандар көп эле журналисттерге жардам бергендигин, бирок жүйөөлүү жыйынтык чыкпаганын айтып калышат. Бардык эле журналисттер эмес, арасында натыйжалуу иш алып баргандары да бар. Негизи, иштеп жаткан жеке маалымат мекемелери өз киндиктерин өздөрү эле кесип, элди маалымат менен камсыз кылып келе жатышат. Ал эми мамлекеттик каналдарга эл көп ишенбей калбадыбы, Адахан Кимсанбаевич айткандай, мамлекеттик каналдарды көрсөң эле өтө бай, бактылуу жашап аткандай болобу. Жеке каналдарды карасаң баягы эле мамайдын көрү дегендей. Бир чети аларды да туура түшүнүү керек. Бирөөгө көз каранды, айтканды жасоого милдеттүү да. Сайттардын сапаты начарлап кетти деген сөзгө да терикпешибиз керек. Сапаттуу, далили менен чындыкка дал келген маалыматтарды тарката албай, элге жаккан ушакты көп жазып, окурмандарыбызды көбөйткөнүбүздүн өзү сапатсыз сайттардын көбөйгөнү тууралуу айтып турат. Менимче, учурдагы коомдун туура эмес ой жүгүртүүсүнө, сабырдуу болбой жатканыбызга, түндүк-түштүк маселесинин курчуп жатканына, мамлекетибиздин алдыга жылбай жатканына биз, маалымат таркатуучулар да күнөөлүү экенибизди мойнубузга алышыбыз керек. “Төлөсө болду” деген таризде алган маянабызды актаганга аракет кылып, туура эмес чакырыктарды таркатып элдин кыжырын келтирип, митингге эл топтоо жагынан да киши салдырбай калдык. Бул көрүнүш бүгүн ЖМКлар аркылуу журтка жеткен туура эмес маалыматтардын негизинде улуттун айыкпас оорусуна айланып бара жатканында да күнөөлүү экенибизди мойнубузга алышыбыз керек. Жакындары жабыркап жаткандарды деле түшүнүп атабыз. Ошол үчүн өлкөнү туура жолго салууда жалгыз эле өлкө башчысы менен бийликти тилдей бербей, жалпыбыз киришип, илгеркилер айткандай пейилибизди оңдошубуз керек. Пейли бузулган элди жаратылыш кырсыгы, согуш апааты, айыкпас дарт каптап аткандыгынан эскертүү иретинде сабак алганыбыз оң го деп ойлойм. Жакында эле Бириккен Араб Эмирлигинде болуп кайттык. 30 жыл мурун бир сындырым нанга зар болуп, күрүчтү дары катары аяп жеген өлкө бүгүнкү күндө суу чыкпаган чөлгө шаар салып коюшуптур. Ал убакта кыргыз эли жыйыты жайкалган жайлоолордо таза кымыз, сүт ичип, эң кедей деген бүлөнүн дасторконунан нан үзүлбөй, тоо аралай булактап аккан таза суудан, абадан кере жутуп жашаганыбыз калппы? Алланын буйругу болуп, жерден табылган кара алтындын арты менен байып өнүктү деп суктанганыбыз менен, бул мамлекет менин дилимде дагы деле болсо жасалма жашоо кечирип жаткандай көрүндү. Кыргыздай түпкүлүктүү эл болбогондон кийин көз караштары, баскан-турганы, баары чөлгө курулган өлкөсүндөй жасалма калктай көрүндү. Мени суктантканы миңдеген адамдарды улутуна же жашына карабай Аллахтын алдында чөгөлөткөн Ак Мечит болду. Жашоодогу кыялым эле, Ак Мечитке зыярат кылып кайттым. Калгандары өздөрүнө буюрсун. Башка кыргызга үлгү болчу эч нерсе көрө алган жокмун. Мүмкүн, менин пикирим айрымдарга жакпайт чыгаар. Айтайын дегеним, кедейбиз деп кайгыруунун деле кереги жок экен. Бейиштей болгон бай өлкөдө жашап жатканыма чексиз шүгүр кылып кайттым.
- Биз журналистиканын стандарттарын сактап жатабызбы?
- Журналистиканын стандартын сактоо үчүн Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарына кирген бүтүндөй тараптарга бирдей мыйзам иштеп чыгыш керек. Өзүңүздөр күбө болгондой, сайттар, блогерлер Кыргызстандын масс-медиасына кирбейт. Эл оозунда эле эле маалымат таратуучулар деп айтылганы болбосо, бир тартипке чакырган мыйзам жок. Шайлоо учурунда жеке кызыкчылыктары үчүн элге мактаган маалыматтарды жеткирүү үчүн гана меморандум кабыл алып, кол койдуруп алышат. Ал деген убактылуу шайлоонун мыйзамына гана баш ийген нерсе. Шайлоо бүткөндөн кийин мыйзам талаасынан чыкса да жооп бербеген учурлар бар. Анан кайдагы стандарт жөнүндө сөз кылабыз. Түшүнбөйм.
- Дүйнөлүк медиа айдыңында эмнеден артта калып жатабыз жана жетишкендиктерибиз...
- Бул жерде да эки тарап бар. Сапаттуу маалымат берүүдө мүмкүн техникалык жактан артта калгандырбыз, бирок маалымат таратуудан алар менен жарыша эле баратабыз. Мына жакында эле дүйнө жүзү кабары жокто биздин сайттар “Жеки Чан коронавирус жуктурду” деп жазып чыктык. Анжелина Жоли теспе көтөрүп жүрсө “мусулман болду” деп жаздык. Негизи эле, дүйнөлүк маалыматтарды таркатууда артта калдык деген нерсеге мен макул эмесмин. Техникалык жактан деле жетишкендиктерибиз абдан көп. Мисалы, түз көрсөтүүнүн сырларын өнүккөн өлкөлөр менен катарлаш эле биздин Kabarlar.kg сайты эң жакшы өздөштүрүп алганбыз.
- Кыргыз журналистикасында кадрдык кризис байкалып жаткансыйт...
- Буга мен макулмун. Россиянын өлкө башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песковду мисал кылып алсак болот. Алардын кадрдык деңгээли, массалык медианын деңгээли ошол кишинин жетишкендиктерине карап өнүгүп жаткансыйт. “Ал киши өкмөттүн курамындагы маалымат катчыларын өтө дыкаттык менен сынактардан өткөрүп, анан жумушка кабыл алат экен” деген маалыматтарды окуган учурларыбыз бар. Билим берүү тармагында да “Журналистика” факультеттеринде кошумча каражаттар бөлүнүп, өтө кылдат көңүл бурулат деп айтышат. Чынар теректи тал кезинде сугарып, багып, туура жерге отургузуу – бул келечектин уңгусу экенин айтып турат. А бизде буга жетиштүү көңүл бурбайбыз.
- ЖОЖдор болочоктогу журналисттерди даярдоодо эмнеге көңүл бурушу керек?
- Эгерде өлкөнүн бүгүнкү абалына, 25 жылдан бери элдин бийликке болгон туура эмес көз карашынын себебин издеп көрсөк, мунун баары элге жеткен сапатсыз маалыматтын негизинде калыптанды. Маселенин тамыры сапатсыз билим берген жана келишим акчасын төлөп койсо эле эптеп бүтүрүп жаткан биздин жоопкерчиликсиз келечек муундарыбызда. Баары эле сапатсыз билим алып атышат дегенден алысмын. Бирок, 70 пайызы ушундай. Бул ачуу чындык.
- Азыр мультимедиа деген түшүнүк кирди. «Жаңы журналисттерди» даярдоодо, мультимедиалык журналистиканы өнүктүрүү үчүн алгач эмне кылуу керек?
- Көп каражат керек. “Мультимедианы аркалайм, өздөштүрөм” деген муундарыбызга бардык шарттарды түзүү кажет. Жатаканадан, тамак-аштан тартыш болбой, күнүмдүк муктажтары чечилүү болушу шарт. Алар билим алуу тууралуу гана ойлонушу керек. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Чет жактан келгендерге кайрылабыз. Алар өз өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын түрткүлөйт, ошентип артык кылабыз деп тыртык кылып атабыз. Бир эле маселе – каражат. Алгач ушул маселени чечүү керек.
- Конвергенттүү журналистика эртеңки келечекпи же бизге кереги жокпу? Ошол эле аймактык ЖМКларды мисалга алсак...
- Замандын талабы бизге ошол конвергенцияны алып келбедиби. Аны менен катар маалымат айдыңында иштөө да жеңилдеди. Калыгул ойчул айткандай, кутучадай сыналгыдан бүт дүйнөнү көрөсүң, - деп алдын-ала айтылгнан көсөмдүгүнө таянсак, бул боло турган эле нерсе экен да. Анын зыян- пайдасы дагы бир 30-40 жылдан кийин билинет го. Ал эми журналисттерди аймактык же борбордук деп да бөлүү кыйын. Анткени, техника жана интернет баарына бирдей эле жеткен.
- Азыр көрүүчүлөр, окурмандар жана угармандар менен ЖМК өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыш кандай болуп атат, негизи кандай болушу керек?
- Коом менен журналисттердин ортосундагы байланыш да өнүккөн техниканын жана социалдык тармактардын негизинде өтө эле тыгыз. Кээде туруп кимиси журналист кимиси көрүүчү же окурман экенине да баа берүү кыйын. Журналист жазган маалыматты жөнөкөй элет тургундары деле жазып таратып жаткан болот.
- Учурда кандай долбоорлор менен иштеп жатасыз жана 2020-жылга кандай пландар менен кадам койдуңуз?
- Учурда Kabarlar.kg сайтыбызды башкача өңүттө, жаңы багыттар коштогон, элге кызыктуу болгон тараптарын өнүктүрүү боюнча иштеп атабыз. Элге дарыгерлердин, юристтердин, мугалимдердин кеңеши көп керек болгондуктан, министрликтер менен келишим түзүп, маалымат айдыңынан акысыз убакыт берип, иштешсек деген планыбыз бар. Ошентип жардамдашсак, жогоруда айтылган журналистика менен коомдун ортосундагы кызматташууну бекемдеп, пайдалуу иштерди жасамак белек. Kurut.kg деген ар тармактуу сайтыбыз бар. Анын өнүгүшү да жаман эмес. Жакында “Үмүт ТВ” телеканалыбызды кайрадан ишке киргизебиз. Иш үстүндө дагы жаңы ойлор келерине ишенем.