AUCA the best 2

2024-04-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Арстанбек Саргалдаев: Сапаттуу видеоконтент жаратуу – замандын талабы

Арстанбек Саргалдаев 20 жылдай Америка Кошмо штаттарында жашап, ал жакта жеке транспорттук фирмасын жана “Мурас” кыргыз-америкалык альянсын түптөгөн. Капыстан кинематография дүйнөсүнө аралашып калып, бул тармактын да майын чыгара иштеп, ал негиздеген MEDIA LAB продакшн студиясы учурда Кыргызстандын медиа чөйрөсүндө алдыңкы сапка чыга алды. MEDIA LAB продакшн студиясы сапаттуу видеоконтенти менен өзгөчөлөнүп турат. Арстанбек Саргалдаев “Kereez” журналына медиа бизнестин сырлары менен бөлүштү.

- Саламатсызбы Арстанбек мырза. Сиз түптөгөн MEDIA LAB продакшн студиясы учурда Кыргызстандагы алдыңкы студиялардын бири эсептелет. Бул албетте сиздер жаратып жаткан медиа продукциянын сапатына байланыштуу. Ийгиликтүү продакшн куруунун сыры эмнеде?

- Саламатчылык. Сөз башынан болсун. 2011-жылы АКШда жашап жүргөндө режиссёр Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк” тасмасында роль жаратып калдым. Бул менин кинематографияга болгон алгачкы кадамым болду. Фильм абдан сапаттуу тартылып, кыргыз киносундагы эң таасирдүү тасмалардын катарын толуктады. Тасманын премьерасы шылтоо болуп, Кыргызстанга келген учурда продакшн студия ачуу тууралуу бир канча сунуштар түштү. Чындыгында боло турчу иш экендигин аңдап, Лос-Анжелестен тасма тартуучу жабдыктарды алып келдим. Ошентип, 2013-жылы MEDIA LAB продакшн студиясы түптөлгөн.

Биз көбүнчө социалдык өңүттөгү видеоконтентке көңүл бурабыз. Коомдун аң-сезимин өзгөртө турган, өтө терең маанилүү кыска тасмаларды абдан көп тарттык. Анын ичинен “Ишенич менен жашаган 600 күн” даректүү тасмасын өзгөчө белгилеп айткым келет. Тасма болгон окуянын негизинде тартылган. 1946-48-жылдары туткунга түшкөн 600 жапон аскерлери Ысык-Көлгө келип, Тамга айылындагы белгилүү аскердик санаториянын курулушуна тартылышкан. 600 күн өткөндөн кийин, кыргыз элинин боорукерлиги, меймандостугу, даанышмандыгы себеп өз мекенине кайтып кетишкен. Фильмде биз достуктун күчү жана жашоого болгон ишенич канчалык маанилүү экендигин көрсөткүбүз келди. Даректүү тасманын бет ачары Токио шаарында да, Бишкекте да болду. Көңүл жылытаар, абдан жакшы пикирлер айтылды.

- MEDIA LAB продакшн студиясы кандай принциптерге таянып иштейт?

- Биздин студиянын негизги принциби – бул коомго терс тарбия берүүчү, деструктивдүү мүнөздөгү продукт жаратпоо. Мисалы, тамеки же алкоголдук ичимдиктердин роликтери, дегеле адамдын аң-сезимине жана ден соолугуна зыянын тийгизген продукция тууралуу эч качан тартпайбыз.

- Чоң акча сунушталган күндө да бул принциптен тайбайсыз?

- Миллион төлөнсө да, өз принциптерибизге бекем туруп, мындай видеоконтент жаратуудан баш тартабыз. Биз балдарга жана аялдарга болгон зомбулуктун алдын-алуу, билим берүүнү пропагандалоо, тең укуктуулук темасындагы социалдык долбоорлорду активдүү колдоп, мына ушул багытта контент түзүүдө өзгөчө шыктануу менен иштейбиз.

- Мамлекеттик буюртмалар көп болобу?

- Мамлекет менен түздөн-түз иштешебиз дегенден алысмын. Анткени, видеоконтент жаратууга бюджет каралбайт. Буга казынадагы каражаттын тартыштыгы да себеп болушу мүмкүн. Бардык видео продукция эл аралык уюмдардын демөөрчүлүгү менен жаратылат. Өкмөт көбүнчө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү же мамлекеттин катыштыгы бар эл аралык долбоорлор тууралуу роликтерди тартууга буюртма берет. Дээрлик бардык министрликтер, мамлекеттик мекемелер, ири эл аралык уюмдар жана жеке ишканалар менен тыгыз кызматташабыз.

- Видеоконтентти жаратуу жараяны тууралуу айта кетсеңиз...

- Кандай гана продукция болбосун, баары идеядан башталат. Өзүбүздүн креативдүү топ бар: режиссёрлор, сүрөтчүлөр, сценарий жана музыка жазган чыгармачыл адистер чогулуп алып, алгач теманы талкуулайбыз. Көбүнчө окуя, сюжет аркылуу бергенге аракет кылабыз. Алгач, кыскача мазмунун иштеп чыгып, буюртма берүүчүлөргө тааныштырабыз. Алар жактыргандан соң, ишке ашыруу жараяны башталат. Сценарий жазылат, сүрөтчүлөр раскадровкасын иштеп чыгышат. Андан соң гана чыгармачыл топ тартуу аянтына чогулат.

- Музыкалык коштоо жагы кандай жолго коюлат?

- Музыкалык коштоо абдан маанилүү, ошондуктан ар бир тасмага жекече тандалат. Эгер продукциянын бюджети жана буюртма берүүчүнүн каалоосу дал келсе, атайын музыка жаратууга буюртма беребиз. Бюджет чектелүү болгон учурда интернет желесинде сатыкка коюлган чет элдик музыканттардын эмгектерин сатып алабыз.

- Бир кыскача тасманын орточо баасы канча?

- Ар кандай. Роликтин наркы анын мазмунуна карата бааланат.

- Эң алгач эмне жөнүндө тарттыңыз эле?

- Мен эң алгач “Мен тилемчи эмесмин” деген ролик тарткам. Турмуштагы бардык тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга союн сунбай, балдарын татыктуу тарбиялап келе жаткан апалар жөнүндө тасма. Мында, эненин жашоодогу ордун көрсөткүм келген. Ролик интернет желесинде абдан көп көрүлгөн тасмалардын катарына кирген. Башка тилдерге которууга уруксат сурагандар да көп болуп, субтитр коюлган варианттары дүйнөлүк желеде азыр да жеткиликтүү.

- Учурда продакшн студиялар абдан көбөйүп кетти. Колунан келгени да, келбегени да ар кандай сапаттагы тасмаларды тартып жатышат. Буга көз карашыңыз кандай?

- Продакшн студия кандайдыр бир талаптарга жооп бериши керек дегенден алысмын. Анткени, ачык рыноктун өзүнө тиешелүү критерийлери бар. Бирок, продакшн студия сөзсүз түрдө материалдык-техникалык базага ээ болушу керек. Ансыз болбойт. Колуңда керектүү курал-жарагың болбосо, эч нерсе жасай албайсың. Мен сапатка өзгөчө басым жасап кетет элем. Бир мүнөттүк ролик болобу же жарым мүнөттүк контент болобу, сөзсүз түрдө чоң чыгармачыл топ иштеш керек. Ар ким өзүнүн жумушун так аткарганда гана сапаттуу видеоконтент жаралат.

Мен эч кимди сындаганга укугум жок. Ар бир киши өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша иш алып барат. Ким болбосун, коомго пайда алып келе турган видеоконтент жаратууга болгон далалатын баалайм. Тескерисинче, продакшн дүйнөсүнө кирип келе жаткан таланттарды колдойм жана колумдан келсе жардам берүүгө даярмын.

- MEDIA LAB тажрыйбалуу студия катары калыптанып калса дагы, эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин толук метраждуу фильм тарта элек?

- “Ишенич менен жашаган 600 күн” даректүү фильми негизи толук метраждуу тасма болушу керек эле. Токиого барып, каармандар менен сүйлөшүп, документтештирүү иштеринен кийин бул даректүү фильм экендигин түшүндүм.

Биз эмне үчүн толук метраждуу тасма тартууга ашыкпай турабыз, анткени биз сапаттуу, жогорку деңгээлдеги тасманы жаратуунун аракетин көрүп жатабыз.  

Айтмакчы, бул тасманын сценарийин жубайым Айгүл жазган. Бул анын алгачкы эмгеги. Азыр да медиа тармагында чогуу иштеп келе жатабыз.

- Ошол эле учурда башкалар бир айдын ичинде тасма жаратып жатышат... Бул мүмкүнбү?

- Мүмкүн. Учурда таланттуу улан-кыздарыбыз абдан көп. Бир айдын ичинде тартылганы менен, тасманы жаратууга канча убакыт даярдык жүргөнү тууралуу маалыматыбыз жок да. Балким бир жыл, балким жарым жыл даярдангандыр. Ал эми бир айдын ичинде тартуу иштерин бүтүрүүгө мүмкүн.

- Атаандаштык барбы?

- Атаандаштык болушу керек. Анткени, бул сапатка абдан чоң таасир тийгизет. Атаандаштыктын жакшы жактары абдан көп, бул бизди дайыма изденүүгө жана шыктануу менен иштөөгө багыттап турат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2