AUCA the best 2

2024-03-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Эльдар Айтматов: Атамдын мурасын сактоо жана жайылтуу - жарандык жана жеке инсандык милдетим

Биринчи кезекте мен үчүн атамдын чыгармачылык мурасы турат. Чындыгында, менин негизги миссиям аны менен байланыштуу. Бул куру сөз эмес.

- Саламатсызбы, жакында эле “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын вице-президенти болуп шайландыңыз. Академияда жарым жыл ичинде эмне жумуштар аткарылды? Жалпы эле академиянын ишмердүүлүгү тууралуу айта кетсеңиз?

- Саламатчылык. “Манас” жана Ч. Айтматов Улуттук академиясы Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 2019-жылы түзүлгөн. Президенттин жарлыгы боюнча биздин академия “Манас” эпосу жана Айтматовдун мурасын илимий жактан терең изилдеп, ошол эле учурда аларды кеңири жайылтууга багытталган. Илимий изилдөөлөр азыр эң ынталуу жүрүүдө. Мындай өтө чоң милдетти иш жүзүндө күтүлгөндөй аткаруу үчүн академияга атайын сынак өткөрүлүп,  “Манас” таануу жана Айтматов таануу багыттары боюнча мыкты адистер жумушка алынган. Алардын илимий изилдөөлөрү менен жакынкы арада, буюрса, окурмандар тааныша алат. Жарым жыл ичинде жасаган иштерибиз тууралуу айта турган болсок, улуу манасчы Саякбай Каралаев атабыздын 125 жылдыгына карата эл аралык “Саякбай Каралаев – эпикалык эс тутумдун генийи” аттуу чоң жыйын өткөрдүк. Жыйынга Германиядан, Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн белгилүү окумуштуулар келип катышышты. Иш-чара маанилүү талкуулар менен коштолуп, жыйын жогорку деңгээлде өттү. Ошону менен бирге, Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата студенттер жана окуучулар арасында “Айтматов дүйнөсү” аттуу жалпы республикалык сынак, “Айтматов жана кино” аттуу кино көргөзмө өткөрдүк.

- Сиз негизги миссиям – атам калтырган мурасты сактоо деп айтып келесиз. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сактоо жана жайылтууда Улуттук академиянын орду канчалык?

- “Манас” жана Ч. Айтматов Улуттук академиясынын эң алгачкы максаты бул илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жайылтуу. Андыктан, атамдын чыгармачылык мурасын сактоодо жана жайылтууда академиянын орду өтө чоң. Пландарыбыз абдан көп. Анын баарын айтып отурбай, бир гана долбоор боюнча айта кетсем: академиянын ичинде заманбап атайын чоң студия ачууну пландап, учурда аны ишке ашыруунун жолдорун издеп жатам. Ал студия бизге азыркы техногендик доордо чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратаар эле. Кино жана телестудияларга көз каранды болбой, өзүбүз Айтматов боюнча атайын көрсөтүүлөр, тасмалар жана башка көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүлөт эле.  Сурооңуздун биринчи бөлүгүнө кайрылсак, бул мен үчүн өтө ыйык нерсе. Атам дүйнө адабиятынын алп жазуучуларынын катарын толуктап, мен деген адабиятчылар менен теңтайлаш калемгер болгонунда шек жок. Атамдын чыгармалары жүздөгөн тилдерге которулуп, Шекспир, Толстой, Чехов, Гёте, Хемингуэй, Фолкнер, Кафкалардан кем калбай, бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча өз окурмандарын тапкандыгы бул өзүнчө бир сыймык жана купуя сыр. Андыктан, мен ал кишинин уулу боло туруп, камырабай жатып алганга акым жок. Ошол себептен атамдын мурасын сактоо жана жайылтуу - анын уулу катары эле эмес, менин жарандык жана жеке инсандык милдетим. Атамды ойлонтуп сарсанаа кылган бир топ маселелер бар эле: өзөктүк кыйроо, терроризм, диний экстремизм, улутчулдук. Эл аралык Ысык-Көл шеринеси да дал ушул көйгөйлүү маселелерге арналып, ага XX кылымдын мыкты ойчулдары, сүрөткерлери, саясий жана коомдук ишмерлери катышышты эле. Ысык-Көл форумунун ишмердүүлүгүн улантып, коомду айрыкча жаштарды, тынчтыкка, достукка, биримдикке, күйүмдүүлүккө үндөп, ошол багытта иш алып баруу - Айтматов фондунун олуттуу миссиясы. Ал үчүн жеке өзүм болгон күчүмдү жумшап жатам. Буюрса, бул багытта академия менен фонд эриш-аркак көп иштерди жасайбыз деген үмүтүм чоң.  

- Былтыр маалымат булактарына берген интервьюңузда Айтматов атындагы атайын борбор куруу долбоору тууралуу айткан экенсиз. Бул долбоор академия болуп ишке аштыбы?

- Жок, мен анда Айтматов фондунун ишмердүүлүгү боюнча айтсам керек. Фонддун чоң  максаттарынын бири - Бишкекте эле эмес, башка шаарларда дагы маданий борборлорду ачуу. Ал боюнча атайын программа иштелип чыккан. Бул борборлор демократиялык кубулуштар, ачык коом түзүү жана аны бекемдөө, зомбулуктан арылуунун жолдорун издөө жана жогоруда айтып өткөндөй коомду тынчтыкка, достукка, биримдикке, күйүмдүүлүккө үндөө максаттарын ишке ашырууда өтө маанилүү курал болушу керек. Албетте, академия дагы ал багытта чоң орунду ээлеп, Айтматов фонду менен биргеликте бир топ иштерди жасайт деп ишенем.

- Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонд учурда кандай долбоорлор менен иштеп жатат?

- Бул сурооңузга ырахмат! Өтө жакшы жана маанилүү суроо болду. Пландарыбыз абдан көп. Кайталай кетсем, фонддун алгачкы максаттарынын бири - эл аралык достукту, тынчтыкты, биримдикти бекемдөө. Анын негизинде Бишкекте жана башка шаарларда маданий борборлор ачылышы абзел. План боюнча Бишкекте ачылчу маданий борбор Айтматовдун чыгармачылыгына, өмүрүнө арналган чоң музейди да камтыйт. Аны менен бирге убагында атам өзү эңсеп, пландаган эл аралык жеке менчик мектебин ачууну ниет кылып жатабыз. Жогоруда айтылгандай, азыр дүйнөдө өзөктүк согуш, терроризм, диний экстремизм жана улутчулдук сыяктуу бүткүл цивилизацияга коркунуч туудурган өтө кооптуу маселелер баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турган мезгилде, коомду тынчтыкка үндөө бул өтө маанилүү иш жана Айтматов фондунун олуттуу миссиясы. Жалпы жонунан алганда ошол ыйык гуманисттик максаттарды ишке ашыруу үчүн бир топ иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Буюрса, кыбыраган кыр ашат демекчи, акырындап олтуруп ойлогон ойлорубузду ишке ашырабыз деген үмүтүм чоң.        

- Атаңыздын үй-музейинде президенттер, окумуштуулар, адабиятчылар, Айтматовдун чыгармачылыгынын күйөрмандарынын аягы үзүлбөйт. Чет өлкөлүк коноктор да көп келет. Ал эми кыргызстандыктарчы? Жөнөкөй эл келеби?

- Айтматовдун үй-музейине жалаң гана чоңдор, аттуу-баштуу  адамдар, чет өлкөлүктөр келет деген бул жаңылыштык. Албетте, андай сыйлуу коноктор өтө көп келет, бирок үй-музейдин нгизги коноктору - жөнөкөй карапайым эл, студенттер, мектеп окуучулары. Абдан көп келишет. Баарын кубаныч менен тосуп алып, аларга Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча кызыктуу маалыматтарды берип, жазуучунун үйү, иш бөлмөсү менен тааныштырып сый менен узатабыз.

- Өзүңүз кесибиңиз сүрөтчү-дизайнерсиз. Кесибиңиз боюнча иштейсизби?

- Менин өзүм тарткан сүрөттөрүмдүн айрымдары Айтматов үй-музейине коюлган. Сөзсүз, өзүм дагы чыгармачылык менен алектенбей коё албайм. Бирок, биринчи кезекте мен үчүн атамдын чыгармачылык мурасы турат. Чындыгында, менин негизги миссиям аны менен байланыштуу. Бул куру сөз эмес.

Интервью

 

Жаңылыктар

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2