2024-10-15
Келечектүү тейлөө индустриясы
Материалдык эмес экспорт биздин түшүнүгүбүзгө али жакшы сиңе элек. Технологиянын өнүгүшү менен тейлөө, кызмат көрсөтүү чөйрөсү дүйнөлүк соода-сатыктын негизине айланып баратат. Дүйнөдө тейлөө багытындагы тапкан кирешенин көлөмү 5,5 трлн. долларды түзөт.
Тизмеде 826 млрд. доллар кирешеси менен АКШ биринчи турат. Андан соң Кытай, Улуу Британия, Ирландия, Сингапур сыяктуу мамлекеттер катарлашат. Ал эми КМШ өлкөлөрүнө саресеп салсак, Орусия тейлөөдөн 65 млрд доллар табат. Украина 15 млрд, Белорусия 8 млрд доллардан көбүрөөк киреше алса, Азербайжан 4,6 млрд., Грузия 4,5 млрд., Армения 2 млрд., Казакстан 7 млрд., Өзбекстан 2,7 млрд. долларлык кызмат көрсөтөт. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан миллиарддын кырын али аша элек. Мунун себептери жана бул багытта аракеттерди күчөтүп, тейлөө индустриясын өнүктүрүү жолдорун серепчилер талкуулашты.
Кыргызстандагы Америка соода палатасынын жетекчиси Назира Бейшеналиева Кыргызстандын тейлөө экспорту тууралуу интернетте эч кандай маалымат жоктугун белгилейт. Бул индустриянын колго алына электиги жөнүндө айтып турат. Тейлөө экспорту деп дүйнөлүк желеге терип көрүңүз, чын эле, бир абзац маалымат таба албайсыз.
Билим берүү
Тегерек үстөлдө билим берүүдөгү экспорттук дараметибиз чоң экендиги айтылды. Бул багыт экономиканы гана өнүктүрбөстөн, өлкөнүн атаандаштык дараметин жогорулатып, дүйнөлүк коомчулук менен байланышууга көпүрө болуп берет. Биринчиден, интеллектуалдык жактан өнүккөн өлкө катары таанылсак, экинчиден билим берүүнү экспорттоо менен миллиондогон доллар киреше алып келсе болот. Үчүнчүдөн, эл аралык деңгээлге чыкканда билим берүү сапаттык жагынан да жакшырат.
Учурда Кыргызстанда медициналык билимди экспорттоо жакшы өнүгүп келе жатат. Индия, Пакистан, Кытай, Афганистан, Иран сыяктуу өлкөлөрдөн студенттер келип окуп жатышат. Эми Европа өлкөлөрү жана өнүккөн башка мамлекеттердин балдарын окутуп берүү багытында иш-аракеттер жүрүп, бир канча ийгиликтерге жетишилгенин Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Чыңгыз Шамшиев билдирди. Кыйырдагы кызыкчылыкты арттыруу үчүн алеки саамда билим берүүнүн сапатына санаа тартышыбыз керек. Сапат демекчи, эми Кыргызстандын жогорку окуу жайлары өзүнүн окуу программасынын үстүнөн өзү иштей турган болду. Бул билим берүүдөгү революциялык кадам. Белгилей кетсек, “Манас таануу”, “Кыргыз тарыхы” сыяктуу идеологиялык жактан маанилүү сабактар милдеттүү түрдө окутулат. Андан сырткары, Чыңгыз Шамшиев билим берүүнү экспорттоо алдында бир канча маанилүү кадамдар жасалышы керектигин белгилеп кетти. Мисалы, билим берүү тутумун делегирлөө, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, инфраструктура маселелери жөнүндө кеп козгоду.
IT тармагы
Бул багытта Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов сүйлөдү. Анын айтымында, IT адистери өлкөнүн казынасына алып келген кирешенин көлөмү жылдан-жылга өсүүдө. 70тен ашык компания катталган парк быйыл миллиардды багындырууга камданып турушат.
Буга чейин IT адистери менен мамлекеттин байланышы үзүк болчу. Жогорку технологиялар паркы бул кызматты өз мойнуна алып, азыр бул тармак салык төгүп иштеп жатат. Белгилей кетсек, Кыргызстандын IT адистери көбүнчө программалык камсыздоо багытында иштешет.
Биздин адистердин кызматынан АКШ, Ирландия, Орусия, Кувейт, Кипр, Жапония, Улуу Британия, Казакстан, Сингапур сыяктуу 30дан ашык мамлекет пайдаланат.
IT кызматтарды экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү үчүн бир канча багытта иш алып баруу керек. Бул тармак билим берүү менен түздөн-түз байланышып турат. IT багытындагы тейлөө экспортунун көлөмүн көбөйтүү үчүн эң эле биринчи IT адистерди даярдоо абзел. Ошондой эле, IT стартаптарды колдоого алуу, IT боюнча Кыргызстандын эл аралык аренадагы IT имиджин калыптандыруу сыяктуу маселелер турганын белгилейт Алтынбек Исмаилов.
Тейлөө экспорту боюнча жогоруда бир канча тармактарды мисалга алып жаздык. Бул багытта экспорттук дарамети жогору болгон тармактар тууралуу кийинки макалалардан окусаңыз болот.