AUCA the best 2

2024-12-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Креативдүү ишканалар - инвестициялык артыкчылыктуу багыттардын жаңы вектору

Автор: Бейшеналиева Назира

Билими: Каржы жана аудит

Иш чөйрөсү: банк иши жана инвестиция

 34660-700.jpg

Бардык өлкөлөрдүн экономикасын каптаган глобалдык кризис адамзаттын социалдык-экономикалык адаттарын өзгөртүүчү фактор болуп калды. Кризис бизнес-процесстердин трансформациясы жана коомдун жаңы шарттарында керектелген инновациялык өнүмдөрдүн өсүшүндөгү өзгөрүүлөрдө катализатордук милдетти аркалады.

Интеллектуалдык потенциалы бар адамдар экономика үчүн барган сайын көбүрөөк мааниге ээ болууда. Эмгек ресурстары эбактан бери жогорку рентабелдүү жана кымбат баалуу капиталдын жаңы түрүнө айланган. Адамдын акыл-эси, жөндөмү жана билими олуттуу инвестицияларды тарта алат жана кыймылсыз мүлк жана шаймандар сыяктуу салттуу капиталдын түрлөрү менен ишенимдүү атаандаштыкка туруштук бере алат. Жакынкы келечекте өлкөлөр пайдалуу кендер боюнча эмес, адам капиталынын сапаты боюнча атаандашат. Көптөгөн жылдардан бери дүйнөнүн алдыңкы экономикалары адамдык ресурстарга инвестиция салып, мыкты таланттарды тартуунун үстүндө иштеп келишүүдө. Постиндустриалдык дүйнөдө инновацияга, натыйжалуу коммуникацияга жана капиталдаштырылган билимге болгон суроо-талап жогору. Сапаттуу адам капиталынын жогорку концентрациясы инфраструктуранын өнүгүшүнө, чакан жана орто бизнестин пайда болушуна, туристтик агымдын көбөйүшүнө, инвестициялык кызыгуунун калыптанышына жана башка көптөгөн нерселерге жол ачат.

Креативдүү класстын негизги артыкчылыгы заманбап дүйнөдө мунай менен алтындан алда канча жогору бааланган инновацияларды жаратуу мүмкүнчүлүгүгө ээ болуусунда. Креативдүү индустриялар постиндустриалдык экономиканын негизин түзгөн маданий мурастардан, инновациялардан, идеялардан жана адамдык потенциалдан акча табат. Кыргызстандын коңшу мамлекеттердин транзиттик жолунан логистикалык көз карандылыгы жана Борбордук Азия аймагынын мамлекеттери менен саясий кызматташуунун туруктуулугу шарттарында, креативдүү индустрия, Кыргызстандын экономикасына бул көз карандылыктан чыгуусуна жана өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин табуусуна мүмкүндүк берет. Креативдүү индустриялар, салттуу тармактардан айырмаланып, чек аралардын жабылышынын, транзиттик чектөөлөрдүн, мамлекеттер аралык санкциялардын жана техникалык регламенттердин өзгөрүшүнүн таасирине азыраак кабылышат, анткени инновация өзүнүн жаңылыгына байланыштуу өкмөттүн саясаты менен эң аз жөнгө салынган тармак. Эл аралык уюмдар дагы креативдүү класстарга чоң үмүт артышууда. Мисалы, 2021-жыл БУУнун тутумунда чыгармачыл индустрия жылы деп жарыяланды, бул болсо эл аралык масштабдагы чыгармачыл индустриялардын чоң мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп турат.

Дүйнөлүк рыноктогу олку-солкулукка байкоо жүргүзүп турган эл аралык статистика креативдүү индустриялардын ишмердүүлүгүн жана алардын дүйнөлүк коомчулуктун экономикалык жыргалчылыгына кошкон салымын көптөн бери байкап келет. Дүйнөлүк статистикада креативдүү индустриялардын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтын болушу алардын дүйнө экономикасы үчүн чоң маанисин көрсөтөт. ЮНКТАДдын 2020-жылдагы маалыматтары боюнча чыгармачыл ишканалардын глобалдык ИДПга кошкон салымы кеминде 3% түзөт. 2000-жылы гана креативдүү экономика деп атала баштаган бирок, Борбор Азиянын кайра жаралуу мезгилинен бери пайдубалы бар бул тармак, дүйнөлүк лидерлердин, инвесторлордун жана ишкерлердин көңүлүн бурду, ал жөнүндө китептер жазылды жана бул нерседен миллиарддаган акча жасалды. Креативдүү индустрия Дүйнөлүк ИДПнын болжол менен 3%ын, ал эми Түштүк Кореяда болсо 10%ды ​​түзөт. 2,3 триллион доллар кирешеси менен маданий жана креативдүү индустриялар ​​29,5 миллион адамды жумуш менен камсыз кылат жана өлкөлөрдүн социалдык, маданий жана экономикалык түзүлүшүн түп-тамырынан бери өзгөртүп жатат. Кыргызстан суроо-талаптын дүйнөлүк рыногунун ажырагыс бөлүгү болгондуктан, өндүрүш жана экспорттоо, ошондой эле чыгармачыл продукцияны ички керектөө процесстерине тартылган. 2019-жылдын 21-февралында Борбордук Азиядагы Америка Университетинде «Чыгармачыл Борбордук Азия. Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн жаңы модели» аттуу масштабдуу тегерек стол уюштурулган. Тегерек столдун жүрүшүндөгү талкуулар Кыргызстандын креативдүү ресурстарды пайдаланууда жана өлкөдө жогорку сапаттагы адамдык капиталды калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүдө Кыргызстандын ишке ашпаган зор мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Креативдүү индустриянын жигердүү талабына жооп катары 2019-жылы Бишкекте Борбор Азиянын Креативдүү Индустриялар Альянсы иштеп баштады. Анын максаты адамдык потенциалды капиталдаштыруунун жаңы түрлөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген шашылыш мамлекеттик саясатты түзүү болуп саналат. Андан тышкары, Альянс чакан, орто жана ири бизнестин, ошондой эле креативдүү класстын өкүлдөрүнүн ортосунда туруктуу ишкердик байланыштарды түзүү максатын койгон.

Альянстын максаттары өлкөдөгү креативдүү индустриянын абалын жана муктаждыктарын эске алуу менен түзүлгөн. Адаттагыдай эле, мамлекеттик саясат рыноктун керектөөлөрүнөн бир топ кечигүү менен түзүлөт. Демек, чыгармачыл ишканаларды колдоонун мыйзамдык базасы, стимулдары жана мамлекеттик формалары бүгүнкү күнгө чейин жок. Креативдүү индустриялар рыногунун абалы менен мамлекеттик саясаттын ортосундагы айырмачылыкты креативдүү бизнестин керектөөлөрүнө жараша тез арада жоюу маанилүү. Мамлекет креативдүү ишканалардын ишин катуу жөнгө салууга жол бербөсү керек, антпесе өлкөдө болгон чыгармачыл потенциалды жоготуп алуу тобокелчилиги бар. Адам капиталын катуу көзөмөл менен эмес, колдоо жана стимулдаштыруу жолу аркылуу өркүндөтүү керек. Мамлекеттик саясаттын багыттары, креативдүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйтүү үчүн түрткү берүүчү мыйзамдарды түзүү, креативдүү класс менен салттуу бизнестин туруктуу ишкер мамилелерин жана өз ара аракеттенүү адаттарын калыптандыруу, креативдүү продукцияны иштеп чыгуу, креативдүү продукцияны өндүрүү жана сатуу боюнча билимди жана көндүмдөрдү өркүндөтүү жана анын ичинде экспорттоо үчүн пайызсыз насыялар жана гранттарды берүү, креативдүү ишканаларды жеңилдетилген шартта жайгаштыруу үчүн жер бөлүп берүү, өлкөдөгү саясий туруктуулук, интеллектуалдык менчикти коргоо, илимий изилдөө иштерин каржылоо, чет өлкөлүк жарандыгы бар таланттардын өлкөгө келишинин жана өлкө ичиндеги кыймылынын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, эл аралык масштабдагы инновацияларды иштеп чыгуу үчүн ар кандай сынактарды өткөрүү, креативдүү секторго инвестиция салган ишканалар үчүн стимулдар жана преференциялар, чыгармачыл ишканалардын кластерлерин жайгаштыруу үчүн атайын экономикалык зоналарды түзүү болушу мүмкүн. Жогоруда көрсөтүлгөн багыттардын ар бири өкмөттүн толук катышуусун талап кылган бардык тапшырмаларды аткарууну талап кылат. Жогоруда көрсөтүлгөн багыттардын ар бири өкмөттүн толук катышуусун жана бардык тапшырмаларды аткарууну талап кылат. Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Каржы жана экономика министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн мамлекет 2020-жылы креативдүү индустриянын потенциалын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу зарылдыгын билдирген. FCDO инновациялык саясатты колдоо программасынын техникалык колдоосу менен DAI Global командасы, эксперттер тобу менен биргеликте, 2020-жылдын аягына чейин иш-чаралар планы менен чыгармачыл тармактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясын иштеп чыгып, бекитүүгө сунуш кылды. Бул документ боюнча кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыздар: https://www.gov.kg/ru/npa/s/2891. Бул концепция, рыноктук изилдөөлөрдүн, бардык кызыкдар тараптардын консультацияларынын, эксперттик талкуулардын натыйжасы жана креативдүү сектордогу ишканаларга мамлекеттик колдоо чараларын кеңейтүүгө негиз салууга багытталган.

Кыргызстандагы чыгармачыл ишканалардын абалына мониторинг жүргүзүү улуттук деңгээлдеги айрым тенденцияларды аныктады. Креативдик ишканалар арасында лидерликти инновациялык технологиялар, архитектура, дизайн жана мода, музыка жана кинематография, жарнама сыяктуу тармактарга берүүгө болот. Креативдүү индустриянын инкубациясы жана масштабы креативдүү класстын концентрациясы жогору болгон креативдүү мейкиндиктерде байкалат. Креативдүү долбоорлорду институционалдаштыруу чыгармачыл өнүмдөргө суроо-талаптын чакан масштабына салыштырмалуу өтө начар жана тутумсуз. Республиканын борборунда креативдүү ишканалардын негизги концентрациясы байкалууда, бирок чыгармачыл сектордогу ишканалар үчүн таланттар жана адамдык ресурстар өлкөнүн ар кайсы аймактарында бар. Пандемиядан кийинки бизнестин абалы жана туруктуу жумуш орундарынын жоктугу калкты интеллектуалдык потенциалын жана өз жөндөмдөрүн колдонууга, ошондой эле билимин жана талантын пайдалануунун жолдорун издөөгө түрткү берди.

Ош шаары буга чейин эл аралык коомчулукта түрк элдеринин маданий борбору катары таанылганын белгилей кетүү керек. Бул болсо, мындан ары Кыргыз Республикасында креативдүү индустриянын потенциалын өнүктүрүүгө жана ошону менен өлкөгө мыкты таланттарды жана ресурстарды тартууга негиз боло алат. Кыргызстан чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү үчүн керектүү базаны жана инфраструктураны курушу керек. Олуттуу атаандаштардын катарына бай тарыхы жана маданий мурастары бар, Жибек Жолу боюнча бирдей маанилүү ролду ээлеген Өзбекстанды кошууга болот. Креативдүүлүктүн глобалдык индексинде Өзбекстан 100-орунду, ал эми Кыргызстан 111-орунду орунду ээлейт. Өзбекстандын статистика комитетинин маалыматына ылайык, 10 жылдын ичинде ишке киргизилген инновациялардын саны үч эсеге көбөйгөн. Алар  2008-жылы 683 болсо, 2017-жылы 2 миң 46га чейин өскөн. Өндүрүлгөн инновациялык продукциянын көлөмү 14 эсеге өскөн - 2008-жылы 1,3 триллион сумдан 2017-жылы 18,5 триллион сумга чейин көбөйгөн. Маданий индустрияга инновацияларды киргизүү үчүн өлкөдө чоң потенциал бар. Өзбекстанда Мамлекеттик искусство жана маданият институтунун жана Эл аралык Вестминстер Университетинин базасында өлкөнүн чыгармачыл экономикасы окутулуп, өнүктүрүлөт. «Маданият чөйрөсүндөгү чыгармачыл индустрия жана менеджмент» аталышында өзүнчө факультет ачылууда. Программа жогорку гуманитардык билимге ээ, креативдүү ишкердик жана маданий менеджмент жаатында теориялык жана практикалык көндүмдөргө ээ болууга умтулган адистер үчүн иштелип чыккан. Мамлекеттик саясатты жана стратегияны туура тандоо, кретивдүү экономиканын социалдык-экономикалык потенциалын пайдалануу менен өнүгүүнүн оң натыйжаларына жетишүүдө маанилүү ролду ойнойт. Креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү саясий чараларды иштеп чыгууда, креативдүү экономика - экономикалык, социалдык, маданий, илимий-техникалык, экологиялык секторлор менен андан тышкары  башка дагы чөйрөлөр менен тыгыз байланышта экендигин эске алуу керек. Тармактар ​​аралык иш-аракеттерди ийгиликтүү координациялоо - узак мөөнөттүү чыгармачыл экономика стратегиясын түзүүнүн негизги фактору болуп саналат.

Которгон: Мырзахит Мырзаев

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2