AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Чыңгыз Шамшиев: Билим берүүгө инвестиция кылмайын экономика өнүкпөйт

Интеллектуалдык ресурс, санариптик экономиканын эң маанилүү компоненти болуп саналат. Анын сапаттуу калыптанышы үчүн негизги жоопкерчилик билим берүү системасына жүктөлгөн. Билим берүү тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттин ролу кандай? Ушул жана башка көптөгөн темалардын айланасында Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, БААУнун Инновациялык колледжинин башкы директору, Франциянын экономика илимдеринин доктору, профессор Чыңгыз Шамшиев кеп кылды. (2-БӨЛҮК)

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ РЕСУРСТАРЫНЫН АБАЛЫ БОЮНЧА

Кыргызстандагы адам ресурстарынын азыркы абалы тилекке каршы өтө төмөн деңгээлде. Бул жаатта көп нерсеге Совет доорунда жетишилген, бирок биз иш жүзүндө жетишилген нерселердин баарын жоготтук. Азыр биз 90-жылдардагы билим берүү тутумундагы кризистин запкысын тартып жатабыз. Туура, акыркы 5-7 жыл аралыгында билим берүү тутумунда позитивдүү жылыштар болду, бирок бул өлкө деңгээлиндеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн жетишсиз. Эгемендүүлүк жылдарында билим берүү тармагына өтө чоң зыян келтирилген. Бул тармакты ушул бойдон калтырып койууга болбойт. Билим берүү системасын калыбына келтирүү көпөтөгөн күч-аракеттерди талап кылат. Абалдан чыгуу үчүн мамлекеттик саясат жана колдоо өтө маанилүү.

Кыргызстандын билим берүү кызматтарын экспорттоо, саламаттыкты сактоо, IT, жеңил өнөр жай жана экотуризм экспорту аркылуу экономикалык абалын түп тамырынан бери жакшы жакка өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул атаандаштык артыкчылыктары бар приаритеттүү багыттар. Билим берүү зарыл, керектүү фактор, бирок бул жетишсиз. Шаардык инфраструктуранын жана шаар менеджментинин өнүгүшү дагы керектүү факторлордун бири. Тармактык саясат, билим берүүнү өнүктүрүү жана шаарды өнүктүрүү биздин өлкө үчүн зарыл болгон комплекстүү экономикалык саясаттын ажырагыс бөлүктөрү болуп саналат.

БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫН ЭКСПОРТТООДОГУ АТААНДАШТЫК ЖӨНҮНДӨ

Билим берүүнү экспорттодо жакынкы келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка туруштук бере албайбыз, алардын деңгээлдери такыр башка. Демек, биздин жакынкы коңшуларга жараша багыт карманганыбыз туура болот. Чет өлкөлүк студенттерди жана мугалимдерди өлкөгө тарта билүү үчүн алгач жагымдуу шаардык инфраструктура түзүп, жергиликтүү тургундарды да сылык-сыпайы мамиле кылууга үйрөтүшүбүз керек. Шаарларыбыздагы жашоо шарттары коноктордун үмүтүн акташы керек. Чет элдик студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен биз жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин көтөрө алабыз.

Мындан тышкары, университеттерибизди эл аралык рейтингге кошушубуз керек. Бул үчүн мамлекеттен каржылоону көбөйтүш керек. Россияны мисалга алып көрөлү. Россиянын өкмөтү 2020-жылга чейин Орусиянын беш жогорку окуу жайын дүйнөдөгү 100 мыкты университеттин тизмесине киргизүүгө жетишүү максатын койгон. Алар бир нече жогорку окуу жайларын тандап алып, аларды федералдык бюджеттен ири көлөмдө каржылап жатышат. Көпчүлүк эл аралык рейтингдердин негизин университеттердеги илимий-изилдөө иштери түзөт. Дүйнөдөгү эң мыкты 200, 300, 500 университеттерди караңыз - Россиянын университеттери бардык жерде көрсөтүлүп, Москва мамлекеттик университети дүйнөдөгү абройлуу жогорку окуу жайларынын биринчи жүздүгүнө кирди. Бул чоң прогресс.

Мындай программа бизде да эбак эле киргизилсе болмок. Билим берүү тармагына жумшалган инвестициялар тез убакытта акталат. 5-10 жылдын ичинде биринчи жыйынтыктар көзгө көрүнө баштайт. Эгер биз 2010-жылы эле ушундай программаны ишке киргизсек, анда азыр анын үзүрүн көрмөкпүз.

РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН УНИВЕРСИТЕТТЕРДЕГИ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ ТУУРАЛУУ

Республикалык дефициттин университеттердеги илим изилдөө иштерине эч кандай тиешеси жок, эгер каалоо болсо каражат сөзсүз табылат. Мисалы, Кыргызстандагы беш флагмандык университетти колдоо үчүн жылына жок дегенде 500 миллион сом бөлүп берүү - бул мамлекеттин колунан келе турган иш. Эгер ушундай кадамга барсак, бул инвестициялардын натыйжалуулугу жакынкы жылдары эле билине баштайт.

ИДПнын 24-27%ы БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА ЖУМШАЛУУСУ БОЮНЧА

ИДПнын 24-27%ы билим берүү тармагына жумшалат дегени - бул статистиканы манипуляциялоо. Билим берүүгө бөлүнгөн каражаттардын бардыгы мугалимдердин эмгек акысына, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнө жана коммуналдык кызматтарды төлөөгө жумшалат. Биз жада калса өлкөдөгү мектептердин жана университеттердин оңдоо иштерин жүргүзө албайбыз. Демек, бул чыгымдар инвестиция эмес, мурдагы чыгымдарды жабууга кеткен чыгашалар. Демек, билим берүүнү өнүктүрүүгө каражат бөлбөйбүз жана ансыз экономикалык өнүгүүнүн кандайдыр бир программалары жөнүндө сөз кылуунун эч кандай мааниси жок.

Политтехнологдор жазган өнүгүү стратегияларын алып карап көрөлү. Булардын бардыгын паралелдүү түрдө жасоого болот деген сыяктуу жазылган, ал программалардын ичинде логикалык ырааттуулук жок. Чындыгында өнүгүүнүн аттап өтүүгө болбой турган этаптары бар, мисалы: окуганды үйрөнмөйүнчө, жазганды үйрөнө албайсың. Экономикада деле ошондой: адегенде, экономиканы математиктер жана инженердик персонал менен камсыз кылуу керек. Андан кийин гана санариптештирүү жөнүндө кеп кылса болот.

Чыңгыз Шамшиев,

Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, БААУнун Инновациялык колледжинин башкы директору, Франциянын экономика илимдеринин доктору, профессор.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2